Көпчүлүктөй эле бразилиялык “Фламенго” клубу да өткөн жылдын жыйынтыгына кубанып турган чагы. Дегеним, клубдун расмий сайтына киргендердин саны бир жыл ичинде 60 пайызга өстү. Мындай өсүшкө былтыр ушул маалда клуб менен келишим түзгөн атактуу футболчу Рональдиньо себепчи. Анткени бир жылда "Рональдиньо кандай командада ойноп жатты экен?" деп “Фламенгонун” расмий сайтына дүйнөнүн 210 өлкөсүнөн күйөрмандар баш баккан.
Жаңы технологиялардын мекени АКШ, Португалия, Италия, Франция, Англия, Испания, Аргентина, Германия сыяктуу өлкөлөрдөн кызыгып карагандар жаңылык деле болгон жок. Аталган 210 өлкөнүн ичинде Ватикан, Кыргызстан, Өзбекстан да бар. Ушундан улам Рональдиньо пенсияга чыкканда Кыргызстанга апкелип, дүйнө элине Кыргызстан деген өлкө бар экенин таанытсак деген ой келбей койбойт экен.