12-16-январда Австриянын Инсбрук шаарында өтүүчү АИПСтин (спорт басылмаларынын эл аралык ассоциациясы) мааракелик 75-Дүйнөлүк конгрессине Кыргызстандын атынан кесиптешибиз Базарбек Абдураимов аттанып жатат.
КРнын Спорттук журналисттер федерациясынын президенти Улукбек Салымбековдун чечими менен ишке ашкан бул олжого ал “Sport.kg” гезитинин кабарчысы Тарас Хлыпенко менен чогуу бармакчы. Конгрессте алар түрдүү маселелерди талкуулап, чечимдерди кабыл алып, андан тышкары алгач ирет уюшулуп жаткан өспүрүмдөр арасындагы "Инсбрук-2012" Кышкы Олимпиада оюндарына күбө болушат. Учурда сүйүнгөнүнөн паспортун төш чөнтөктөн улам сууруп чыгып карап жаткан Базакенин баскан жолун айтпай коё албаспыз. Ал аталган уюмга 3 жылдан бери мүчө. Спорттук журналистиканын сырларын “Супер-Инфо” гезитине сырттан кабарчы болуп киргени менен өздөштүрүп баштаган кесиптешибиз учурда спорт бөлүмүнүн шеф-редактору.
Жеңил барып оор келиңиз да, жегениңизден ала келиңиз. Сапарыңыз байсалдуу болсун!