СҮЙҮНЧҮ! БИЙКЕЧТЕРДЕН 2 МЕДАЛЬ!

Жакында Шымкент шаарында муз үстүндө бийлөө боюнча Казакстандын чемпиондугу аяктады. 100дөн ашуун спортчу катышкан ачык биринчиликке өлкөбүздөн 9 спортчу катышып, бир күмүш жана бир коло медаль менен кайтып келишти. Колону чоңдор арасында Карина Ураимова камсыздаса, күмүш өспүрүмдөр арасында Ванесса Алдекованын жеңиши болду. Ушул жерден Карина тууралуу айта кетсек, бул анын Кыргызстан үчүн жасаган алгачкы эрдиги. Орусияда төрөлүп-өскөн 18 жашар Карина жакында гана Кыргызстандын жарандыгын алып, өлкөнүн желегин желбиретүү укугуна ээ болгон. Эмне дейбиз, бул коло артынан алтын апкелсин демекчибиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 479, 6-12-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан