РОНАЛДУНУН СҮЙҮҮ КУРМАНДЫКТАРЫ

ЖАНА БАШКА ПЛЭЙБОЙЛОРДУН ХИТ-ПАРАДЫ

Бүгүн биз атактуу спорт жылдыздарынын сүйүү жаатындагы жетишкендиктерине назар салабыз. Төмөнкү макалага көз чаптырып, ким канча айымды багынткандыгын биле аласыз. Айымдар "мыкты ойноштор бул – спортчулар" дешет экен. Бул канчалык даражада чындык? Жоопту Криштиану Роналду жана башка спорт жылдыздарынын романдары айтып берет.

№1-ПЛЭЙБОЙ
"Спортто чоң жеңишке жетишкендей эле, кыз жүрөгүн багынта билүү, аны жок дегенде бир жолу сүйүү кумарына батууга көндүрүү искусство" дегендер жок эмес. Мындай спортчулардын бири – мадриддик Реалдын португалиялык футболчусу Криштиану Роналду. Учурдун №1-плэйбой спортчусу Криштианунун сүйүү курмандыктары төмөндө аты аталгандар менен чектелбейт. Биз аны сүйгөн 10 айымды тизмеге киргиздик.

ЖОРДАН ЖАРДЕЛ –
бразилиялык модель
Роналдуну Жордан менен ал португалиялык “Спортингдин” курамында ойноп жүргөндө командалашы, Жордандын бир тууган агасы Марио Жардел тааныштырган. Бул "тоок" сүйүү футболчунун “Спортингди” таштап, англиялык “МЮнун” курамына өтүшү менен аяктаган.

ЛУСИАНА АБРЕУ –
португалиялык ырчы, актриса жана тележылдыз
Роналду Лусиана менен анын эжеси Катя аркылуу таанышкан. Лусиана Роннинин апасына жакканы айтылат. Роналду көп өтпөй андан кол үзгөн.

РАФАЭЛЛА ФИКО –
италиялык модель
Ронни менен Рафаэлла Испанияда түнкү клубдардын биринде таанышып, Фиконун үйүндө түнөшкөн. Фико Роналдунун тулку-келбетине арбалган экен. Мамиле көпкө созулган эмес.

ЛЕТИЦИЯ ФИЛИППИ –
италиялык телеалпаруучу
Футболчу Нереида аттуу айымды жетелеп барган бир кечеде Летиция менен таанышууга үлгүргөн. Футболчунун андан кызыгы тараганда Америкада жасалчу операциясын шылтап, байланыш үзүлгөн.

ПЭРИС ХИЛТОН –
америкалык актриса, ырчы жана фотомодель
Криштик менен Пэрис Хилтондун "соо эмес" экени алгач Лос-Анжелестеги клубдардын биринде кучакташып отурушканда байкалган. Ал түн Криштианунун атасынын эрке кызын мейманканалардын биринде “коноктогону” менен аяктайт. Пэрис аны сүйөрүн, бирок футболчудан жооп болбогон соң дос бойдон калууну сунуштаганын жашырбайт.

ЭЛИС ГУДВИН –
англиялык модель
Элис – футболчунун бир түндүк сүйүүсү. Аны Манчестер шаарында биринчи жана акыркы жолу ысык түндө көргөн.

ЖЕММА АТКИНСОН –
англиялык актриса

Криштианунун Жемма Аткинсонду жандап калганын белгилүү басылмалар билдирген. Алар коомчулуктан качып сүйүшүп, 2 ирет урушуп, кайра жарашышкан. Үчүнчү уруш экөөнү кайра табыштырбады.

НЕРЕИДА ГАЛЬЯРДО –
испаниялык модель
"Нереида Роналду үчүн испаниялык футболчу Серхио Рамосту курмандыкка чалган" дешет. Роналду тууралуу ал: “Аны менен болгонумдун себеби ал төшөктө мыкты. Биз Мальоркада клубдардын биринде таанышып, ошол түндү чогуу өткөргөнбүз”,- деген. Роналду Нереидага үйлөнөрүн билдирген жайы бар. Курмандыкка айланганга каңырыгы түтөгөн кыз: “Роналду өтө эгоист, интеллекти да төмөн. Ирина аны сүйбөйт, жеке кызыкчылыгы үчүн гана мамиле куруп жүрөт”,- деди. Бул кептер чындыкпы же көрө албастыкпы, белгисиз.

ИРИНА ШЕЙК –
орусиялык модель

Криштианунун жүрөгүн багынтуу менен атактуулукту олжологон татар кызы Ирина Шейк аны менен 2010-жылы “Armani” фирмасынын жарнамасына тартылуу маалында таанышкан. Кыска сүйүү тарыхында Шейк түгөйүнүн далай тентектигине, анын ичинде бөлөктөн уулдуу болгонуна чыдады. Уул күткөн соң Роналду токтолду окшойт, "Евро-2012" футболдук мелдеши бүткөн соң Иринага үйлөнүп, татар туугандарга күйөө бала болорун билдирди.

ТАЙСОНДУН АЙЫМДАРЫ НОКАУТТАРЫНАН КЕМ ЭМЕС
Белгилүү мушкер, нокауттардын чебери Майк Тайсондун “Мен кыздарды жакшы көрчүмүн, кыздар болсо акчаны жакшы көрүшчү. Өзүмдү кыйнап акча үчүн гана боксташчумун” деген кеби биздин бул жолку темабызга шайкеш келүүдө. Тайсон өз кайырмагын 80-жылдардын экинчи жарымында 2 фотомодель: Боуэрли Жонсон жана Наоми Кэмпбеллге (сүрөттө) салуудан баштаган. Бирок көңүл ачуу максатында мамиле куруп жүргөнүн аңдаган селкилер андан кол үзүшкөн. Ошол максаты аны Пэм Пинноктон ажыратса, 1989-90-жылдары Сандра Миллер жана Робин Гивенс анын зордуктоого аракеттенгенин билдиришкен. Андан соң Натали Фиарс андан кош бойлуумун деп тесттин жыйынтыгына карабай темир торго каматат. Какаганга муштаган болуп, сот Тайсонду "Кара терилүү Америка сулуусу-1991" сынагынын катышуучусу Дезири Вашингтонду да зордуктады" деп табат.
2002-жылы Тайсон суроо-жооп жараяны маалында журналист айымды интимдик байланышка чакырган. 1997-2003-жылдары Моника Тёрнер менен жашап, Рейна аттуу кыз жана Амир аттуу уулдуу болгон. Аны менен ажырашкан соң анын курмандыгына Лаурен Вудланд, Сол Хошитл айланат. Кийин Лакиха Спайсер менен үйлөнүп, Милан аттуу кыздуу болду. Учурда Лакиха менен жашайт.

САХНА АЙЫМДАРЫНА КЫЗЫККАН БАТТОН
Белгилүү катынпоздордун катарын англиялык автожарышчы Женсон Баттон толуктайт. Ал алгачкы курмандыгы, актриса жана ырчы Луиза Гриффитсти (сүрөттө) 5 жылдай сүйлөшүп жүрүп таштап кеткен. Ошондой эле анын сүйүү курмандыктарынын катарында актриса Роуз Макгоуэн менен модель Флоренс Бруденель-Брюс да бар. Алар баркка жетпеген соң спортчу кийинки сүйүүсүн күн чыгыш өлкөсүнөн таап, япониялык модель Жессика Мичибата менен сүйүшүп келген. Бирок 2010-жылы майда 18 айлык сүйүүнүн гүлү соолуп, экөө ажыраштык деп чыгышкан. Спортчу өзү айтмакчы, Мичибата анын жеңиш тумары болгондуктан андан баш тарта албай, 2 айдан соң сүйүүнү суутпай кармап калууга жетишкен.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Elanda
2012-01-10 09:52:32
Ой Рональдуну кимдер суйбойт? Эгер туболук десе мен да ага турмушка чыкмакмын. Жургон кыздары баары дуйнонун мен мен деген кыздары го ыя? Так что бизг......
0
stepboy
2012-01-10 18:25:41
ха ха ха роналдо красавчик
0
chingy_kg
2012-01-15 21:28:00
вахахахах... =)))
0
2012-01-15 22:28:54
ee al da bizge okwogon adam da, al ne asmandan tuwtubu?
0
Sanjarbratt
2012-01-20 19:59:05
эркек
0
evropa
2012-01-23 19:35:17
myna uwundai boluw kerek erkek degen, bir kyz menen ele jüröberbei
0
№ 479, 6-12-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан