Кадимки диск, момпосуйдун кагазы, салфетка, киноплёнка, гезит, булардын баары турмушка керек экенин билебиз. Бирок ушул нерселерден кийим тиксе болот деп ойлоп көрдүңүз беле?
Баш байгеге Улуттук көркөм сүрөт академиясындагы студенттердин
колунан жасалган “Метаморфоза” деген коллекция ээ болду.
Көйнөктөр жалаң кагаздан тигилген.
23-декабрь күнү Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде “Салттан тышкаркы Жаңы жыл-2011” аталыштагы жаш дизайнерлер арасында сынак болуп өттү. Кесиптик лицей, колледж жана ЖОЖдордун өнөрпоздору биригип сынакта 60 коллекция көрсөтүлдү. 1-курс, 2-курс, 3-5-курс болуп студенттер категорияга жараша “Авангарддык этника”, “Ак сөөктөрдүн рауду”, “Фантазиянын алып учушу” деген наамдар боюнча ат салышты. "Бул жолу сынак республикалык деңгээлде өтүүдө. Анткени Ысык-Көлдөн келген жаш таланттар да өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт",- деп кубанган уюштуруучу Дамира Асанкожоевна сынакты ачып берди.
Баш байгеге 5000 сом, мода жумалыгына жолдомо, бекер фотосессия, Жаштар министрлигинен диплом жана калган үч наамды алгандарга 2000 сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg