Жыл ичинде турак жай, имарат жана ага байланышкан юридикалык маселелер үстөмдүк кылмакчы. Жогорку максаттарга кыйынчылык менен жетүү күтүлөт. Илим өнүгүп, музыка жана искусство гүлдөйт. Мыйзамдуулукка умтулуу күчөп, жарандарда жоопкерчилик артат.
ДҮЙНӨДӨ
Крымдын аймагында куралдуу чыр-чатак чыгышы мүмкүн.
Кытай бул жылы дүйнөгө үстөмдүк кылат, андыктан ал тараптан агрессия күтүлөт. Табигый кырсыктардан улам Рим шаары жана Британ аралдары жер жүзүнөн жоголушу ыктымал. 2012-жылы адамзат башка цивилизациядан сигнал алат" деп айткан экен.
Башка божомолдор:
АКЫР ЗАМАН БОЛОБУ?
Майялардын айтканы келеби?
Байыркы майя элинин байыркы календары боюнча, 2012-жылдын 21-декабры – адамзат цивилизациясынын аяктай турган күнү. Айтымга караганда, Жер өзүнөн чоң, цивилизациясы өнүккөн Нибуру (байыркылардын атоосунда, “Желмогуздун планетасы”) деген планета менен кагылышат.
Ушул эле учурда Майя цивилизациясын изилдөөчүлөр “Майя календарында 2012-жыл акыр заман деп белгиленбейт. Календарда, болгону, 5126 жылга туура келген бир циклдин аякташы айтылат. Андан ары космостун жаңы убакыт цикли башталат” дешет.
Ванга эмне деген?
Ванганын айтып кеткенине таянсак, анда 2012-жыл адамзат үчүн сыноо жыл болот. Адамзат кыйынчылыкты көтөрө алса гана жашап кете алат.
Башка көзү ачыктар эмне дешет?
2012-жылы космос циклдери алмашат. Түндүк жана Түштүк уюлдарда өзгөрүү болот. Планеталар парады күтүлөт. Булар түрдүү катаклизмдерди (кыйроо) алып келиши мүмкүн.
Нострадамусчу?
Анын айткандары боюнча, 2012-жыл планетанын жашоосунун бүткөн мезгили эмес, болгону, адамзаттын жаңы бутакта өнүгүшү.
Илимпоздорчу?
Окумуштуулар “2012-жылдын декабрында атмосфералык жана астрономиялык талкалоочу кубулуштардын айынан өлүм-житимдер көп болот. Абдан чоң аймактарды суу каптайт. Күндүн катуу жаркыроосунун айынан спутниктик байланыштар иштен чыгат” деп жүрөктү түшүрүшөт.
Кыргызстандык санжырачы Дастан Сарыгулов эмне дейт?
“2012-жыл – бурулуш жыл. Кыргыздын канындагы касиет козголуп, сыртка чыгат. Жаңы доор, жаңы цивилизациянын кадамын кыргыздар алып келет. Элдин аң-сезими өзгөрүлүп, өсөт. Рухий жан дүйнөсү тазаланат. Булардын баары элдин кыйынчылыкка туш болуп, андан чыгуу жолдорун издеп жатканына байланыштуу.
“Акыр заман болобу?” дегенге келсек, 2012-жылы Күн системасы галактиканын магниттик экваторун кесип өтөт. Мындай астрономиялык көрүнүш 28 000 жылда бир жолу болот. Бул кыйын кырдаалды жаратат. Кандай болуп кетерин эч ким билбейт.
Аба ырайын кошо кетсем, январь-февраль суук, кар калың болот. Бирок кыш эрте чыгат. Демек, жаз эрте келет. 20-апрелде жаз өз өкүмүн толук сүрүп калат. Бул жер нымдуулугун эрте жоготот дегендик. Андыктан жазгы айдап-себүү өтө ыкчам жүргүзүлүшү керек. Болбосо түшүм аз болуп калат. Жай айына келсек, кургакчыл болушу мүмкүн. Жай менен күздүн аба ырайын жылдыздардын жайгашуусуна карап, жакындаганда гана айта алам”.
КЫРГЫЗСТАНДА
“Алдыдагы жыл кандай болот?”деген суроо менен Бишкектеги көзү ачыктар менен төлгөчүлөргө кайрылган элек. Алардын божомолу төмөнкүчө болду.
Саясат, коом. Өкмөттөгү айрым жетекчилердин ишин так аткарбаганы, сөзгө турбаганы президенттин мартта, апрелде өтө чыңалып иштөөсүнө жеткирет. Жылдын экинчи жарымында айрым министрлер алмашат. Өлкөнүн коопсуздугуна, чек арага байланыштуу маселелер чыгуусу мүмкүн.
Март-апрель, июль-август, ноябрь-декабрь айларында жаштар бирикмелери, түрдүү уюмдардын лидерлери жаңы реформаны талап кылып, акцияларды, майда митингдерди уюштурушу мүмкүн. Кымбаттоого карата нааразычылык билдиргендер да митингге чыгуусу ыктымал. Октябрдан баштап саясатта, коомдо өзгөрүүлөр, окуялар көп чыгат. Жыл ичинде оппозиция лидеринин өмүрүнө коркунуч туулат.
ДАЛ КЕЛГЕН БОЖОМОЛДОР
2011-жылы эмнелер күтүлөрү тууралуу биз жазган божомолдордун көпчүлүгү туура келиптир. Баарын батыруу кыйын, андыктан мисалдар гана келтирели.
Божомол: Марттын ортосунан тартып апрелдин алгачкы 10 күндүгүндө жана август, октябрда дүйнөнүн ар жеринде теракттар, кырсыктар (ГЭС, АЭСтерде да), ошондой эле зилзалалар болушу мүмкүн. Бийлик менен оппозициянын тиреши күчөп, митингдер чыгат. Айрым ири саясий лидерлер отставкага кетишет.
Тактасак: Март: Японияда күчү 9 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын айынан катуу цунами жаралып, “Фукусима-1” АЭСинде кырсык болду. Ливия согуш өртүндө калды...
Апрель: Украинанын экс-премьер-министри Юлия Тимошенко камалды. Түркияда 7,2 баллдык жер титирөө болду.
Кыргызстанда “Замандаш” партиясынын төрагасы Мухтар Өмүракунов Кубада эс алып жүргөн кезинде каза тапты.
Тактасак: Кыргызстанда президент алмашты. ЖКнын спикери Ахматбек Келдибеков спикерликтен кетти. 28-декабрда Ошто Ту-134 учагы конордо кырсыкка кабылды. 28-декабрда “Кайыңды-Ойл” нефтебазасында жарылуу болду. 30-декабрда Лейлек районунун Андарак айылында 2 улуттун (тажик, кыргыз) ортосунда чыр-чатак болуп өттү.
Тактасак: Президенттикке талапкерлигин коюп өтпөй калган Ташиевди колдоочулар Ош, Жалал-Абад, Бишкекте майда митингдерди өткөрүштү.
Тактасак: Айтылгандардын баары дал келди. Күз да өтө узакка созулбады. Тактап айтсак, ноябрдын башында эле өлкөнүн кээ бир жерлеринде кар жаай баштап, 9-ноябрда республика боюнча кар жаап салды. Ага чейин 2-ноябрда Кара-Кулжа районунда калың кар жааганын айта кетели.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg