ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

АКШ

ЖАҢЫ ЖЫЛДА АСМАНДАН ӨЛҮК ТҮШКӨН ЧЫЙЫРЧЫКТАР
Американын Арканзас штатында асмандан 200 чакты чыйырчыктын сөөгү жерге түштү. Жаңы жыл күнүнө туш келген мындай көрүнүш былтыркы жылы да катталып, анда ушул эле штаттын аймагына беш миң чымчыктын өлүк денеси жамгыр сымал жааган. Алардын массалык түрдө өлүшүнө Жаңы жыл түнү атылган фейерверктер себеп болгон. Катуу үн жана жалбырт күйгөн жарык дарактарга түнөгөн чымчыктарды чочутуп учуруп жиберген. Караңгыда ансыз да начар көргөн чыйырчыктар ары-бери учуп, имарат, дарак жана машиналарга урунуп өлүшкөн. Быйыл Арканзас штатынын бир канча шаарларында Жаңы жылда фейерверк жардырууга тыюу салынганына карабай, мыйзам бузгандар болду.

Сирия

ӨКМӨТКӨ ЭМИ ОППОЗИЦИЯ МҮЧӨЛӨРҮ КИРГИЗИЛЕТ
Сириянын маалымат булактары "жакын арада президент Башар Асад өлкөдө чоң өзгөрүүлөрдү баштайт" деп билдирет. Анда мамлекеттин тарыхында биринчи жолу министрлердин курамына оппозиция өкүлдөрү кирмекчи. Мындай кадамдарга карабай өлкөдө кырдаал чыңалып, көтөрүлүшчүлөр менен мамлекеттик аскерлердин ортосунда кагылышуулар болуп жатат. Өткөн жылдын март айынан азыркы убакытка дейре эки тараптуу кагылышуудан бир миңге жакын адам каза тапкан. Көтөрүлүшчүлөр Асаддын бийликтен кетүүсүн талап кылышууда, бийлик "жаңы реформалар жасалат" деген жооп менен чектелүүдө.

Тажикстан

АЯЗ АТА БОЛГОНУ ҮЧҮН БЫЧАКТАШТЫ
Өлкөнүн борбору Дүйшөмбү шаарында Жаңы жылда Аяз атанын кийимин кийгендиги үчүн 24 жаштагы Парвиз Давлатбековду өлтүрүп кетишкен. Ошол күнү кечке жуук Парвиз туугандарын куттуктайын деп Аяз атанын кийимин кийип алып үйүн көздөй жөнөгөн. Көп кабаттуу үйдүн эшигине жеткенде 30 чакты бала “ту кофири” (“сен каапырсың”) деп бычактап салышкан. Көптөгөн бычак жарааттарынан улам ал ооруканада каза тапкан. Тажикстандын ИИМи бул окуянын диний негизде эмес, кылмыш экенин баяндайт. Бирок ага чейин өлкөнүн башкы муфтийи Саидмукаррам Абдукодирзод Жаңы жыл христиандардын майрамы болгондуктан, тажиктердин маданиятына жана исламдын мыйзамдарына туура келбесин айтып чыккан.

Ирак

ЖАРДЫРУУДАН МЕРТ БОЛГОНДОР КӨБӨЙҮҮДӨ
2003-жылдын март айынан 2011-жылдын декабрына дейре өлкө ичиндеги согушта 162 миң адамдын өмүрү кыйылып, анын сексен пайызын жергиликтүү жашоочулар түздү. Бул тууралуу маалыматты "Iraq Body Count" сайты жарыялады. Эң көп жоготуу 2006 жана 2007-жылдарга туура келет, анын ар биринде 25 миңден киши каза тапкан. Кийинчерээк бул сан кыскарып отуруп, 2011-жылы 4 миң 63 адамга токтолду. Иракта Америка менен НАТО террорчулукка каршы операция жүргүзүп жатканы белгилүү. Бул күрөштүн башында адамдар октон каза тапса, акыркы учурда көбүрөөк жардыруулардан мерт болушууда.

Өзбекстан

КАРИМОВ ММКЛАРДЫ САЛЫКТАН БОШОТТУ
Президент Ислам Каримов жалпыга маалымдоо каражаттарына жаңы жылдык белек тартуулады. Бул белек токтом түрүндө бекитилип, ага ылайык, 2012-жылдан тарта ММКлар беш жылга пайда үчүн төлөнүүчү салыктан бошотулат. Муну менен эле чектелбестен, Республикалык жол фондуна, Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу фондуна төлөнүүчү атайын төлөмдөрдөн да арылат. Ошондой эле чакан фирма жана ишканаларга тиешелүү редакция, басмаканалар жана телерадио компаниялардын бирдиктүү салыгы 6 пайыздан 5 пайызга төмөндөдү. "Мындай кадамдар ММКлардын эркиндигин камсыз кылуу жана аны өнүктүрүү максатында жасалып жатат" деп коңшу бийлик саймедиреди.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Baizakk11
2012-01-10 19:38:26
emne bolup bara jatat adam baldari okup otursan kai jerde kaigi kai jerde kubanich akir zamandin belgileribi je
0
jipara86
2012-01-16 01:26:51
проста жаны эрага отуп жатабыз
0
№ 479, 6-12-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан