2011-ЖЫЛДЫН СУПЕРХИТТЕРИ

www.super.kg сайтында клиптерди өз калбырынан өткөрүүчү СуперХит сынагы жүргүзүлүп келет. Бүгүн сынактын 2011-жылдагы жыйынтыгын чыгардык. Бир жыл аралыгында СуперХитте жалпысынан 62 клип ат салышкан. Алардын ичинен тогузу сынакта үч апта биринчиликти коё бербей, сыйлуу тизмени толукташса, калгандары ал тизмеге жетпей, таймаштан чыгууга аргасыз болушту.

ЖЫЛ БОЮ СЫЙЛУУ ТИЗМЕГЕ КИРГЕН КЛИПТЕР:
1. Мирбек Атабеков – «Кара көз»
2. Дайыр Исмадияров – «Жомок»
3. Микаэль – «Hit me»
4. Султан Садыралиев – «Эгиз жүрөк»
5. Мирбек Атабеков – «Сага»
6. Эрлан Андашев – «Сагындырба»
7. Айнура Салахидинова – «Арман»
8. «Нон-Стоп» дуэти – «Жүрөгүм сага»
9. Дайыр Исмадияров – «Кайдасың?»

"ЖЫЛДЫН СУПЕР КЛИБИ" –
Султан Садыралиев, «Эгиз жүрөк»
Бул ыр пайда болгону көпчүлүктүн «би-и-из, эгиз жүрөк» деп кыңылдап калганын угуп калсаңыздар керек. Ушундан соң учурда адамдардын канчалык деңгээлде сүйүүгө суусап турганын сезсең болот. Тим эле сүйгүң келет...
Мындай ак сүйүүнү даңазалаган ырдын көркөмүнө көрк кошкон клип СуперХитте 3 апта катары менен биринчи орунда туруп, акыры «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «2011-жылдын супер клиби» наамына татыктуу деп табылды. Ырчы жигитибиз бул ыр менен токтоп калбай эмгектене берет деп ишенебиз. Жаңы жылда ар бир күйөрмандын жүрөгүнөн орун тапчу чыгармалардан көп-көп жарата беришиңе тилектешпиз, Султан!

КӨП ТАЛКУУГА АЛЫНГАН КЛИП –
Эрлан Андашев, «Сагындырба»
Эски ырга жаңы дем берип, ал тургай клип тарта салган Эрлан «Сагындырба» деп сыздап жүрүп, элдин көңүлүн бурган өңдүү. Себеби дал ушул клипке сайтыбыздын колдонуучулары тарабынан эң көп (168) комментарий калтырылган. Кээ бири клиптин сюжетин Ильяздын «Азабына» салыштырса, кээси аткаруучунун үнүн Мирбек Атабековдукуна окшоштуруп, өз ара тартыша да кетишкен. Бир жагынан «клип өзгөчө болуптур» дешсе, башкалары, тескерисинче, «жаңычылдык жок» деп сындашкан.
«Баарына текши жага албайсың, жакшы кеп айтылган жерде сөзсүз жаман сөз да утурлайт» деген сөздөр менен бирге Эрландын "Сагындырбасын" сыйлуу тизмеге узаттык.

ЭҢ УЗАК УБАККА КАРМАЛГАН КЛИП –
Эркин Мукашев, «Осенняя звезда»
Күзүндө асмандагы жылдыздарды саноо боюнча Эркин Мукашев алдына эч кимди салбайт болсо керек. Анткени бул музыканттын «Осенняя звезда» аттуу чыгармасы музыка сүйүүчүлөрүнүн купулуна жакшы эле толгон өңдүү. Буга бирден-бир далил катары клиптин сынакка жайдын эң алгачкы күнүндө кошулуп, жылдын аягына чейин СуперХиттен четтетилбей жүргөнү болду деп ойлойбуз. Сынакта 29 апта кармалып, 2 ирет биринчиликке жетишкен. Сыйлуу тизмеге бир кадам калганда ары же бери болбой, айланып калган кези. Балким, бул жылы ырчынын күйөрмандары добуштарын дал ушул клипке берип, сыйлуу тизмеге жол ачар...

ЭҢ КӨП КАРАЛГАН КЛИП –
Дайыр Исмадияров, «Кайдасың?»
Сүйгөнүн таппай «Кайдасың?» деп карайлап жүргөн Дайыр СуперХит сынагында 3 апта мыкты жыйынтык көрсөткөн болчу. Мыкты жыйынтык көрсөтүп тим болбостон, www.super.kg сайтынын Медиа-порталындагы эң көп каралган клип болду. Бул клип сайтка жүктөлгөндөн бери 48 миң 94 жолу каралган. Балким, сайттагы колдонуучулар клиптеги сулууга арбалгандыр же Дайыргабы?.. Деги эле мынча көп жолу кароого эмне түрткү болду экен деген ой...

СУПЕРХИТТЕ ЖАҢЫЛЫК –
Aрман, «Sexy, sexy»
2011-жылы шоу дүйнөнүн куржуну жаңы клиптерге жакшы эле толду окшойт. Алардын катарына сахнанын босогосун өзүнчө эле «бомба» болуп аттап кирген Армандын «Sexy, sexy» аттуу клиби да кошулду. Аты аталган клип Медиа-порталда резонанстуу ой-пикирлерди жаратып, ага ар түрдүү комментарийлер жазылган. Анткени клип кыргызга өөн батыш стилинде экени сокурга да дайын. Мындайды көргөндө баягы кыргыздын менталитетин колдогондор менен батышты түшүнүү менен кабыл алгандардын арасында талашып-тартышмай күчүнө кире түштү. Канчалык талашкан күндө да, бул клип өз көрөрмандарын тапты жана жаңылык жарата алды деп ойлойбуз.

www.super.kg сайтындагы колдонуучулардын көңүл чордонуна орной алган клиптер жөнүндө кыскача баяндама жасадык. Жаркырап жаңырып келген жылда мындан да жакшы клиптерди жаратышат деп ырчыларыбыздан үмүт кылалы.

Мирана Мамырбаева
forum@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 479, 6-12-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан