2011-КОЁН ЖЫЛЫ ДҮЙНӨ ЖЫЛДЫЗДАРЫНЫН ЖАШООСУНА КАНДАЙ ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮ АЛЫП КЕЛДИ?

БАШ КОШКОНДОР
2011-жылдын 29-апрели ханзаада Уильямдын үйлөнүүсү менен эсте калды. Ханзаадага карапайым калктын эле өкүлү Кейт Мидлтон аттуу бийкеч буюрду.
Орус телесинин жүзү Андрей Малаховдун багы ушул жылы ачылып, ал “Elle” журналынын ээси Наталья Шкулева менен баш кошту.
Актриса Риз Уизерспун болсо, өзүнүн агенти Жим Тот менен жашоосун бир казыкка байлады.
Лолита бешинчи жолу турмушка чыкты. Бул жолу спортчу Дмитрий Ивановго.
Алла Пугачёва Максим Галкин менен 10 жыл чогуу жашагандан кийин мамилелерин мыйзамдаштырды.
Мындан тышкары актриса Екатерина Вилкова менен актёр Илья Любимов, Монако падышалыгынын князы Альбер II менен сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпиону Шарлин Уиттсток, ырчы Анна Седокова менен журналист Максим Шевченко, супермодель жана актриса Кейт Мосс менен «The kills» тобунун лидери Жейми Хинс Коён жылында баш кошушуп, түтүн булатып жаткан кездери.

ЖОГОТУУЛАР
Эң мыкты ролдору үчүн 2 ирет «Оскар» сыйлыгына татыган “Голливуддун ханышасы” Элизабет Тейлордун өлүмү ушул жылкы чоң жоготуу болду.
Калың журтка Бэтмен аты менен таанылган британдык актёр Майкл Гоф жана «Коломбо» тасмасы менен таанымал Питер Фальк дүйнө салды.
Британ ырчысы Эми Уайнхаустун Лондондогу үйүндө жансыз денеси табылды.
Советтик театр жана кино актрисасы Людмила Гурченко, советтик театр жана кино актёру Михаил Козаков, Орус Эл артисти Лев Борисов 2011-жылы жарык дүйнө менен коштошушту.

АЖЫРАШУУНУН АЧУУ ДААМЫН ТАТКАНДАР
Женнифер Лопес менен Марк Энтони июль айында эки башка жолго түшүштү. Леонардо Ди Каприо болсо, бул жылы бир эмес, эки атактуу адам менен ажырашууга жетишти. Алар – топ-модель Бар Рафаели жана актриса Блейк Лайвли. Жастин Тимберлейк менен Жессика Билдин да ажырашышты. Деми Мур Эштон Катчер менен ажырашып, азыр байлык бөлүшө албай чатакташып жатышат.
Арнольд Шварценеггер жана Мария Шрайверден мындай кадамды эч ким күткөн эмес. Болгондо да 4 баланын апасы, Жон Кеннединин небереси, журналист Мария Шрайвер менен курулган коломто бузулду.
Оксана Фёдорова менен Николай Басков да эки айры жолго түшүштү.
Колумбиялык ырчы Шакира Аргентинанын экс-президентинин уулу Антонио де ла Руа менен болгон 11 жылдык мамилеге чекит коюп, «Барселона» командасынын оюнчусу Жерар Пике менен жүрүп кеткен. Бирок Шакира Пикени да таштап кетти.
Кэмерон Диас бейсболчу Алекс Родригес менен ажырашты.
Ажырашкандардын ичинде ук­раи­налык мушкер Владимир Кличко менен америкалык жылдыз Хайден Паннетьерри да бар.

БАЛА ЖЫТЫНА МАС БОЛГОНДОР
Балалуу болуп бактылуу болгондордун арасында Франциянын президенти Николя Саркози менен фотомодель Карла Бруни, Дэвид менен Виктория Бекхэмдер, Пенелопа Крус менен Хавьер Бардем, ырчы Пинк менен мотожарышчы Кэри Харт, Мэрайя Кэри жана Ник Кэннон, Глюкоза менен Александр Чистяковдор бар.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 479, 6-12-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан