КОЁН ЖЫЛЫ ЖЫЛДЫЗДАРГА ЭМНЕ АЛЫП КЕЛДИ?

Ар бир эле адам жыл жаңырарда бир жыл бою эмне иш кылганына көз жүгүртүп көрөт эмеспи. Коён жылында биз да шоу-бизнес өкүлдөрүндө кандай урунттуу окуялар болгонуна баам салып көрдүк.

БЕШИК ТЕРМЕТКЕНДЕР
Былтыркы жылы “Кудайдын кулагы сүйүнсүн, чыгармачыл чөйрөдөгү бойдок жигит-кыздардын бир башы эки болду” деп жазган элек. Эми жыл айланып, керек болсо алардын эки башы үч-төрт башка көбөйдү деп айтууга толук негиз бар.
Султан Садыралиев, Камчы Сарыбаев, Айпери Сыдыкова, Тынчтыкбек Кожобеков, Съездбек Искеналиев, ди-джей Назира Кадыева, Акбар Сүйүнбаев, Мэри Шакулина бул жылы уул көрүп, бир далайга чейин майрамдашты. Ошондой эле Кенже Дүйшеева, Эрлан Андашев, Урмат менен Неля, Замир Мырза, Бактияр Токторов, Байыш Момунов, Гүлнара Калдарова, Жанара Атабекова, Бекчоронун кыздары да Коён жылында жарыкка келишти.

КЫРГЫЗ ЖҮЗҮН ЧЕТ ЖЕРДЕ ТААНЫТКАНДАР
Арсен менен Айбек Юрмалада өткөн “Жаңы толкун-2011” Эл аралык сынагына катышып, 4-орунга ээ болуп кайтышты.
Бийчи Атай Өмүрзаков Братиславада өткөн “Чехия-Словакияда таланттар бар” сынагын жеңип, натыйжада 100 000 евронун ээси болду.
“Тамашоу” курама командасы 1-декабрда Алматы шаарында өткөн Евразия КВН лигасынын финалдык оюнунда 1-орунду ээлесе, Түрк тилдүү элдердин КВН лигасында да чемпиондукту камсыз кылышты.

СЫЙЛАНЫП СҮЙҮНГӨНДӨР
Бул жылы Маданият министрлиги да ырчылардын эмгектерин көз жаздымда калтырбады. Дегенибиз, канчасы сыйлык алып, азыркыга чейин “жууп” жүрүшөт. Сыймык Бейшекеев, Кадыралы Артыков, Дилшат Кангелдиева “КРнын Эмгек сиңирген артисти”, Гүлсүн Мамашева жана Токон Эшпаев “КРнын Эл артисти” наамдарын алышса, Жаныш менен Байыш Момуновдор, Гүлжигит Сатибеков, Алишер Тоотаев, Айбек Карымов, Сайра Момунбаева, Замир Мырза, Канат Култаев, Үмүт Тилегенова, Омар “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белги тагынышты.

АЖАЛ АЙТТЫРБАЙ КЕЛЕТ
Адамзаты бул жашоодо түбөлүк жашаса кана, аттиң! Коён жылы да жоготууларсыз өтпөдү. Курултайда белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиев о дүйнө салса, белгилүү куудул Дөөлөт Мадымаев оорудан көз жумду. “Тумар” радиосунун үн режиссёру Жаныбек Айдаралиев өз ажалынан эмес, бирөөнүн колунан ажалга моюн сунду.

ОРТОЛОРУН КАРА МЫШЫК АРАЛАГАНДАР
2011-жылы деле ырчы-продюсердин таарынычы, бири-бири менен кайым айтышуулар болбой койгон жок. Атап айтсак, Роза Аманова менен шакирти Гүлнур Асанова таарынышып, ал тургай Роза айым сотко бермекчи болуп барып араң токтогону эсибизден чыга электе, Кудай жалгап, элдешип калышты. Эрлан Андашев продюсери Айбек Акматов менен кол үзүшкөн болсо, Динара Эсенгулова “Айдин Шер атын актаган жок” деп капа болуп, акыры мындай келишпестиктерден сотко чейин барышты. Продюсер Назгүл Насиева Айчүрөк Иманалиева менен соттошуп, аны менен эле чектелбестен, ырчы Кайыргүл экөө да гезиттер аркылуу айтышып, акыры эки жолго түшүштү. Мындан улам Кайыргүл депрессияга кабылып, “эми ырдабай деле коём” деп жүргөн кези. Ошондой эле КТРКнын “Ала-Тоо” программасынын журналист кыздары өз ара чырдашып, Зарема Мусаева, Мээрим Сырдыбаева аттуу кабарчылар кесиптеши, диктор Нуржан Ташболот кызын сабап салышып, уу-дуу болуп, сотко жетпей араң басылышты.

ТҮГӨЙҮН ТАПКАНДАР
Алпаруучу Эрмек Нурбаев сүйүктүүсү Чолпонду апрель айында эле «брондоп» коюп, күздө чоң той өткөрүп элден бата алды. Рэпер Добр Жылдызай аттуу журналист кызга үйлөнсө, ырчы Бегимай Эсенгулова Руслан аттуу казак жигитине турмушка чыгып кетти. Спортчуларыбыздан бильярдчы Каныбек Сагынбаев Айшага, балбан Калыбек Жолчубеков Лирага баш кошуп, учурда суктанарлык түгөйлөрдөн. Нурайым Азыкбаева Мукай аттуу сүйгөнүнө жетсе, алпаруучу Роза Ибраимова Аман аттуу программисттин, ал эми бийчи Назик Кубат аттуу юристтин жубайы болду. “Демдин” жигити Данияр Жанжигитов үйлөнүү тоюн Токмокто өткөрдү. Диктор Каныбек Асанкары уулу жайында Бегимай аттуу бийкечке башын байлады. Мирлан Баеков “кызыл өрүгү” Созул ошондой эле ди-джей Аскат Алдашев Альбинасы менен үй-бүлө курганга үлгүрдү.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
ainura220888
2012-01-09 21:26:33
Баарынарга Балык жылы ийгилик токчулук ден соолук бакыт байлык алып келсин коен жылынанда кобуроок ийгиликтер болсун. Окунгонум Жаныбек Айдаралиевдин мезгилсиз дуйнодон кайтканы доолот Мадымаев экоонун жаткан жерлери жайлуу топурагы торколуу болсун! Элеси биздин журогубуздо туболук жашайт!!!
0
bopos
2012-01-10 11:49:35
чын эле баардык кыргыз элине ийгиликтуу жыл болсун,коен жылында бутпой калган тилектер оорундалсын.мага Эрмектин суроту жакты,сонун топ келишкен (пара)болуп калышыптыр,бактылуу болгула!
0
Aijamus
2012-01-10 22:04:16
оооййййй а чё бегимай тоже успела замуж выскачить?? хэхэхэ бактылуу болушсун,)))
0
AkyL
2012-01-10 22:05:13
Кудай биринчи окшоштурат,анан баш коштурат деген туура экен. карап турса келбеттери окшошуп кетет экен баарынын.Улгулуу уйбулолордон болушсун!
0
Juliana
2012-01-12 10:58:32
Mikaeldi da jogottuk go, any jazbaptyrsynar. Ilyaz Abdyrazakov da uylongon, any korgon jokmun tizmeden,
0
MiranA
2012-01-12 11:29:27
Juliana, Микаель 2010 жылы, 1-апрелде көз жумган. Ильяз 2010 жылы үйлөнгөн. Бул макалада жалаң гана 2011-жылы болгон окуялардын тизмеси камтылган.
0
applemac
2012-01-13 18:46:07
мага кудай ушул жылы бала бееееер!!!
0
Elit
2012-01-14 11:18:01
Жараткан жакшылыктарын бере берсин.
0
№ 479, 6-12-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан