Жаңы жыл түнү атактуу актёр Жан-Поль Бельмондонун Париждеги хан сарайын белгисиз бирөөлөр тоноп кетишкен. Ал үйдүн бир бөлүгүндө актёрдун экс-жубайы Натти Традивель жашачу. Тоноо учурунда актёр менен экс-жубайы үйдө болгонбу же жокпу, азырынча белгисиз. Жана ошондой эле үйдөн кайсы буюмдар уурдалганы да белгисиз. Бирок полиция кызматы кылмышкерлерди издөө башталгандыгын билдиришти.