Деми Мур белгилүү порножылдыз Линда Лавлейс жөнүндө тартылып жаткан “Лавлейс” аттуу фильмде роль жаратат. Актриса тасмада 60-70-жылдардагы «Аялдар кыймылынын» лидери болгон Глория Штайнердин образын жаратмакчы. Өз мезгилинде Глория бардык порнофильмдердин жаратуучуларын катуу сынга алып, алардын бул жоругун «аялдарды эксплуатациялаганга барабар» деп баалап, ал тууралуу бир нече курч макала жазып чыкканы бар.