Америкалык легендарлуу актриса Мэрил Стрипке Берлин кинофестивалынын ардактуу сыйлыгы тапшырылат. «Алтын аюу» статуэткасын актриса көп жылдык карьерасындагы жетишкендиктери үчүн алмакчы. Сыйлык 9-февралдан 19-февралга чейин болгон фестивалдын алкагында берилет. Фестивалдын мүдүрү Дитер Косслик: «Мэрил Стрип – таланттуу жана ар тараптуу актриса. Ал драмалык да, комедиялык да ролдорду кыйынчылыксыз аткара алат»,- дейт. Маалымат катары айта кетсек, актрисанын акыркы ролу – «Темир айым» тасмасындагы Маргарет Тэтчердин образы.