УБАКЫТ. Түбөлүк жаша же кор болуп өл!

Өлкөсү – АКШ
Чыккан жылы – 2011
Жанры – Фантастика, триллер, криминал
Режиссёру – Эндрю Никкел
Продюсерлери – Эндрю Никкел, Марк Абрахам, Эми Израэль, Кристель Лейблин, Эрик Ньюман
Сценарийдин автору – Эндрю Никкел
Башкы ролдордо – Жастин Тимберлейк, Аманда Сейфрид, Киллиан Мёрфи, Оливия Уайльд, Мэттью Бомер, Тоби Хемингуэй, Винсент Картайзер
Оператору – Роджер Дикинс
Композитору – Крэйг Армстронг
Тасманын узактыгы – 1 cаат 49 мүнөт
Урааны – Түбөлүк жаша же кор болуп өл!
Бюджети – 40 миллион доллар
Сатыктан түшкөн акча – 137 миллион доллар (премьерадан бүгүнкү күнгө чейин)

АДАМДЫН ӨМҮРҮ БИРДИК СЫМАЛ
2161-жыл. Гендик инженериянын жардамы менен адамзаты картаюуну жеңип, 25ке чыккандан кийин картайбай турган мүмкүнчүлүккө ээ болушат. Бирок калган өмүрдү маңдай тер менен иштеп табуу керек. Алар үчүн дүйнөдө бир гана туруктуу акча бул – убакыт. Кийим сатып алганга, кафеден тамактанганга, жашоого керектелчү бүт азыктарды убакыт менен гана төлөй алышат. Ал жерде деле биздин мезгилдей байлар миллиондогон саат таап, кааласа түбөлүккө жашай алышат. Ал эми кедейлер өмүрүнүн ар бир мүнөтүн санаганга аргасыз. Адамдардын баарынын сол колунда канча убакыт жашоосу калгандыгын көрсөтүп турган саат бар. Эгер сааттын көрсөткүчү 0гө жетсе, анда адам өлөт. Колунун билектерин тийиштирүү менен адамдар бири-биринен убакыт алып же бере алышат.
Катардагы жумушчу Уилл Салас (Жастин Тимберлейк) бүгүнкү күнү менен гана жашайт. Ал күндө жумушка барып, экинчи күнгө убакыт алыш үчүн гана иштеп келет. Уилл апасы Рейчел менен жашагандыктан, аны да убакыт менен камсыз кылганга милдеттүү эле. Өлкөдө баары кымбаттап, жашоонун баасы күн өткөн сайын көтөрүлө берет. Бир күнү Уилл жумуштан чыгып досу менен кафеге кирсе, ал жакта өмүрүн кайда чачарын билбеген Генри Гамильтон барда отургандардын баарына убактысын, башкача айтканда, өмүрүн бекер белекке берип жаткан болот. Берешен коноктун мындай аракети капысынан кирип келген тоноочулардын көңүлүн бурат. Тоноочулардын башчысы Гамильтондун убактысына ээ болуу үчүн аны эрөөлгө чакырат. Муну карап турган Уилл бандиттер Гамильтонду соо койбосун түшүнүп, аны качырып чыгып куткарып калат. Генри Гамильтон тоноочулардан куткарып калган Уиллге «эч ким убакыттын тардыгынан өлүүгө милдеттүү эмес. Убакыт толтура. Жөн гана байлар байлыгын төгүп-чачып жашаш үчүн гана кедейлер убактысын санап иштегенге мажбур» деген сырды айтып, өзүнүн 116 жылдык өмүр-саатын Уиллге өткөрүп берип көз жумат. Уилл алгач эле андан алган белегин 2 сааттык жашоосу калган апасына алып келмек. Бирок апасы жол кире кымбаттап, үйүн көздөй жөө чуркап келатып убактысы бүтүп каза табат. Бул окуядан кийин Уилл кедейлерге жардам берүүнү чечет.
Уилл байлар жашаган Нью-Гринвич районуна келип казинодо покер ойноп, дүйнөдөгү эң таасирдүү адам Филипп Вайзды утуп алат. Филипп Уиллди кызы Сильвия (Аманда Сейфрид) менен тааныштырып, экөөнүн ортосунда сүйүү пайда болот.
Жергиликтүү саатты коргоочулар (милиция) Уиллди «бизнесмен Генри Гамильтонду тоноп өлтүрүп салган» деген жалаа менен кармап баратканда Уилл Сильвияны туткундап алып качканга үлгүрөт. Ошентип, эң бай Филипп Вайздын кызы Сильвия менен Уилл биригип байлардын банктагы сааттарын тоноп, кедейлерге таратып берүүнү кесип кылып алышат.

ЖАШООНУН АР БИР КӨЗ ИРМЕМИ КЫМБАТ
Окуя баштан-аяк убакытты кубалоо менен өтөт. Андагы каармандар жашоонун ар бир мүнөтү оор эмгекти талап кыларын билишет. Мисалы, дүкөнгө жай басып барып бир бөтөлкө спирт ичимдигин алгандан көрө, чуркап барып убактыңды кыскартып эки бөтөлкө алсаң болот. Ушундай туруксуз жашоонун нугуна көнгөн жарандар үчүн жакшысы – 25 жаштан кийин такыр картайбагандыгы, ал эми жаманы – алардын запасында кошумча 1 гана жыл убактысы бар экендиги. Калган саатты кайдан болсо да өздөрү иштеп тапканга милдеттүү. Муну менен тасманы жаратуучулар «убакыт баарынан кымбат, ар бир күн эмес, ар бир секунддун баркын сезип, баалоо керек» деген идеяны берүүнү көздөшкөн.

ТҮБӨЛҮК ЖАШАГЫҢ КЕЛЕБИ?
Тасманын режиссёру, сценаристи жана продюсерлеринин бири Эндрю Никкел мындай дейт: «Тасмада эсебинде 1000 жылдык өмүрү бар 105 жаштагы каарманыбыз бар. Биздин дене түзүлүшүбүз 105 жылга чыдап жаш бойдон калганы менен, психологиябыз, акыл-эсибиз чарчайт. Ал каарман өлбөстүгүн билет. Бирок негедир өлгүсү келет. Анткени ал жашай берип чарчады. Менде ушундан улам кызык суроо пайда болду, «Адамзаты чындап эле түбөлүк жашагысы келеби?» деген».

ИЙГИЛИГИНИН СЫРЫ ЭМНЕДЕ?
Кино сынчылар 46 жаштагы Эндрю Никкелдин бул фантастикасын сатыкта ийгиликтүү болот деп болжошкондой эле, жарыкка чыккандан баштап тасма кино жаратуучулардын капчыгын кампайтып келет. Ийгилигинин дагы бир сыры – актёрлордун мыкты тандалганында. Кино жаратуучулар чынында эле көчөдө араба сүйрөп бараткан кишиден баштап, эң акыркы пландагы актёрлорду да төп келиштирип табышкан. Бул тууралуу Эндрю Никкел: «Бул тапшырма аябай оор болду. 25 жаштагы адамдын дене түзүлүшүнүн ичине 105 жыл жашаган адамдын келбетин киргизиш керек болчу. Канча кайгы, запкы жегени, турмуштун кыйынчылыгын тартканы көздөн байкалат эмеспи. Мына ушундай критерийлер менен актёрлорду издедик»,- дейт.

ЖАСТИН ТИМБЕРЛЕЙК – БАШКЫ ЖЫЛДЫЗ
Режиссёр негизги каарман Уилл Саластын ролуна жаштардын кумири, композитор, бийчи, модельер, популярдуу ырчы жана актёр Жастин Тимберлейкти чакырган. Жастин башка өнөрлөрүнөн да актёрдук кесипке өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кыларын жашырбайт. 2011-жылдын эсебинен эле «Достук мамиледеги секс», «Үлгүсүз мугалим» жана жогорудагы «Убакыт» тасмаларына тартылды. Жастин Тимберлейк, Аманда Сейфрид, Оливия Уайльд жана Винсент Картайзер болуп жогорудагы тасмадан сырткары «Альфа дог» фильмине чогуу тартылышкан. Ал эми актриса Аманда Сейфриддин жашы тартуу учурунда чынында эле 25те болчу. Фильм, негизинен, Лос-Анжелес шаарында тартылган.

Лунара Бекиева
kino@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Kagan
2012-01-09 12:54:49
Бул тасманы көргөндөн кийин менде азыркы замандагы банк системасы, анан кредиттик система ушул жааттагы фильм экенин түшүндүм...
0
BOST0824
2012-01-09 14:23:40
супер
0
Mirlanbek1405
2012-01-11 14:42:57
Супер тасма!
0
Niyazbek Torobekov
2012-01-12 23:12:52
мен бул кинону москвадан кордум аябагандай адамга озгочо таасир калтырган кино болуптур,биздин киноматографтарда ушундай адамга озгочо таасир берип жашоого болгонгуусун ашыра турган кинолорду тартса жакшы болмок буга чейин "социальная сеть" киносун коруп таасирленген елем азаматсынар рахмат силерге
0
kggirl85
2012-01-14 15:32:36
Эң жакшы тартылган кино. Көрүп буткөндөн кийин адамда кадимкидей убакытка болгон кызганыч, жашып жашоо пайда болот экен. Убакыттын кадыры жуз эсе билинет.
0
melody
2012-02-13 11:56:54
убакытка болгон мамилен озгорулот экен. убакытты текк кетирбей, ар бир минутанды барктап калат экенсин, кино жакты!!!
0
BNA
2012-03-03 16:39:14
мммм.... апаман сурап коройун!...
0
№ 479, 6-12-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан