Ёлка: «АЛЛАНЫН СӨЗҮ ЖҮРӨГҮМӨ ТИЙДИ»

Толук аты-жөнү – Елизавета Вальдемаровна Иванцив.
Туулган жылы – 1982-жыл, 2-июль.
Улуту – Украин.
Туулган жери – Украинанын Ужгород шаары.
Репертуарындагы ырлары – “Чоң аба шарында” ("На большом воздушном шаре"), “Студент кыздар” (“Девочки-студентки”), “Сулуу жигит” (“Мальчик-красавчик”).
Сыйлыктары – “Мальчик-красавчик” аттуу ыры үчүн 2007-жылы “Золотой граммофон” сыйлыгын алган.

“МЕНИН ЖАШООМ КҮЛЧҮ КЫЗДЫКЫНА ОКШОШУП КЕТЕТ“
Бул ирет алма сабагынан алыс түшпөй турганын дагы бир ирет тастыктаган ырчы Ёлка тууралуу сөз кылмакчыбыз. Дегеним, оригиналдуу Балаты (Ёлка) деген ат менен таанымал Ёлканын ата-энеси да музыкага жакын адамдар. Жаз стилин сүйгөн меломан атасын көрүп, кичинекей Елизавета да жаз музыкасына жакын болуп чоңоёт. Апасы болсо, музыкалык аспаптардын үч түрүндө ойной алат. Ал эми чоң атасы менен чоң энеси убагында Закарпатия улуттук хорунда ырдашкан. Ёлка жаз стилине жакын чоңойгону менен, кийин рэп, соул музыкага кызыга баштаган.
Окуучулук күндөрүндө Лиза мектептин КВН командаларына мүчө болуп ойноп жүрүп, кийин Ужгород шаарынын "№6-палата" КВН командасында оюнчу болуп калат. Мектепти бүтүргөн соң музыкалык училищеге тапшырып, бирок окуусун аяктабай калган. Бул боюнча ал: "Мен ал училищеде окуганга канчалык аракет кылсам да, максатым ишке ашпады. Анткени ал жердеги адамдар менен келише алган жокмун. Ошондуктан жарым жылдан кийин өз каалоом менен окуудан чыгып кеттим",- дейт. Бирок муну менен ал музыкадан алыстап кеткен жок. 1990-жылдардын ортосунда "B&B" деген ужгороддук музыкалык топко бэк-вокалчы (арткы планда туруп, кошумча вокалдык партияларды аткаруучу) катары кошулат.
2001-жылы ушул топтун курамында "2001-жылдын рэп музыкасы" ("Rap Music'01") фестивалында ырдаганда, аны "Теңсиздик" ("Bad Balance") тобунун лидери Влад Валов байкап калат. 2004-жылы Ёлка Влад менен келишим түзүп иштеше баштайт. Бул боюнча Ёлка мындай дейт: "Жашоом Күлчү кыздыкына окшошуп кетет. Чоң сахна жөнүндөгү кыялдарым соолуй баштаган учурда мен Владга жолугуп калдым. Ошондон тарта чыгармачылыгымдагы жаңы агым башталды".
Влад Валов менен келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин ырчы Лиана Меладзе жана Алёна Михайловалар менен иштешип жүрөт.

“ПРОВАНС” БУРУЛУШ ЖАСАДЫ
Ёлканын айтымында, анын жашоосундагы өзгөрүүлөр Алла Пугачёвага берген маегинен кийин башталган.
"Прованстын" жаралуусунан мурун мени "Алла" радиосуна Пугачёва өзү интервьюга чакырган. Алла менен сүйлөшүү жана анын ар кандай суроолору мага стимул берди. Пугачёвага "менин кичинекей оюгум бар, ашыкча нерсенин мага кереги жок" дедим. Ошондо ал "эгер мен сенин концертиңе же жөн гана конокко келем десем, каякка чакырасың?" дебеспи! Ушул нерсе менин жүрөгүмө тийди" деп айтып жүрөт. Ушундан кийин Ёлка жакшылап иштөөгө аракет кылат. Аракетине берекет болду окшойт, мындан бир жылдан кийин эле "Прованс" ыры жаралып, ал жашоосунда бурулуш жасады. Анткени дал ушул ыр Елизаветанын атагын алыска таратты. "Провансты" жаш украиналык автор Егор Солодовников жазган.
"Ар бир ырымды "Прованс", "Чоң аба шарында" ырларындагыдай ырдагым келет. Анткени алар мага шаң жана позитивдүү энергия берет. Менимче, ар бир ыр өз жашоосу менен жашайт. Менин ырымды мага чейин бирөө ырдаган болсо да, ал баары бир мени табат жана мени менен гана жашайт. Ал ырды мендей эч ким ырдай албайт",- дейт "балаты" ырчы.

ЭМНЕ ҮЧҮН ЁЛКА?
Ырчыга көпчүлүк ушул суроо менен кайрылгысы келсе керек. Бирок аттын жаралышында өзгөчө деле сыр жок. Бул ага кокусунан ыйгарылган ысым. Ёлка деген лакап атка Лиза 11 жашында эле ээ болгон. Бир досу аны ойноп эле "Ёлка" деп койгон экен, ошондон тарта достору да, туугандары да анын өз атын унутуп, Ёлка деп атап калышкан. Жадакалса калың журтка да ушул ат менен таанылды. Апасы "Ёлочка" деп эркелетет. Ёлка өзү жөнүндө: "Коомго жагууга жана атактуу болууга жан үрөгөн жөнөкөй кызмын. Бирок өтө атактуу артист болгум келбейт. Эл катары дүкөндөрдү кыдырып, сейил бакта отуруп фаст-фуд жеп жүргөндү каалайм",- дейт.
Бул ырчы жүрөгүнүн ээси бар-жогун сыр кылып келет.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
meriyanna
2012-01-09 16:09:36
otto talanttuu,unu sonun yr4y da,ozu Ukrainada talanttuular kop degen 4yn,ozu aitkandai "Provansty"ozunon bawka e4 kim jakwy yrdai alywpaitken.pervyi kanaldan Irina Dubsova m.n Natalya Podol'skaya yrdaganyn kordum,alardyn toj yrdaganyna,ununo soz jok,no Elka original'no yrdait.
0
deer
2012-01-12 01:04:47
Мага да аябай жагат,оригиналдуу стили,уну менен башкалардан айырмаланып келет.жолдошум экообуз азыр "Около тебя" деген ыры менен ооруп журобуз)))
0
guli
2012-01-16 19:21:22
Elochkanyn stili jagat maga. Provanska soz jok. Birok bashka yrlaryn kop uga albaym.
0
№ 479, 6-12-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан