Аскарбек Шадиев, КРнын Энергетика жана өнөр жай министри: «КЕНЧИНИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНДӨ ТӨРӨЛГӨМ»

Бүгүнкү күндө жарык өчүрүлөрү менен шаарда да, кыштакта да бир ооздон Шадиевди сөгүшөт. Андыктан бейне-төрүбүзгө бул каарман бекер жеринен тандалбады. Каалгасын каккылап, жарык сурап, ал-абалын билүү үчүн Аскарбек мырзага кирип калдык.

ШАДИЕВ АСКАРБЕК АЛИМБАЕВИЧ
1969-жылы 31-январда Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Голбо айылында туулган.
1988-жылы Гидротехникалык иштер, техника жана механиканын механизациясы боюнча адистик алса, 1999-жылы юристтик кесипке ээ болгон.
Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты.
2003-2005-жылдары Баткен облусунун губернатору болуп турган.
2007-жылы “Ак жол” партиясына кошулса, 2010-жылдан бери “Республика” партиясынын мүчөсү болуп келет.
Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

– Аскарбек мырза, эмне үчүн “жарык өчмөй” деген илдеттен дагы эле кутула албай жатабыз? Муну сиз жетектеген министрликтин чабалдыгы десе болобу?
– Өтүп кеткен жылдагы бардык пландар аткарылган. Көп көлөмдөгү электр энергиясын экспорттой алдык. «Токтогул» суу сактагычындагы сууну сарамжалдуу пайдалана алдык. Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Өзбекстандан эмес, Казакстандан газ алып баштадык. Бирок бир нерсени айтып коюш керек, Бишкек шаарындагы жер астындагы кабелдер, жер үстүндөгү линиялар тээ 70-80-жылдагы шаарыбызга ылайыкташып курулган. Азыркы күндө бир кабаттуу үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу үйлөр салынып жатат. Кабелдер эскирди. Бизде өткөндө бир аптадай катуу суук болуп турду. Ошол эле учурда Өзбекстан менен Казакстан биздеги келишим боюнча газды өз өлчөмүндө бере албай калышты. Анын үстүнө Казакстанда 20-21-декабрда 5 системдик авария болду. Ушунун баары чогулуп, бир топ ыңгайсыздык жаратты. Мен айтат элем, бүгүнкү күндө энергетик десе эле элдин көпчүлүгү «уурулар, паракорлор» деп ойлошот. Ушундай имидж калыптанып калды. Буга биз, энергетиктер, өзүбүз күнөөлүүбүз. Ушул жылы бир жылдык программа менен бүт эскирген кабелдерди, трансформаторлорду алмаштырып чыгабыз. Бишкек шаарына 4 чоң подстанция курулат.
– Тарифтерди көтөрүү тууралуу да сөз болуп жатат. Бул демилге канчалык өзүн актайт?
– Кыргызстандын электр энергиясына болгон тарифи коңшулаш мамлекеттерге салыштырмалуу эң эле арзан. Дүйнөгө салыштырбай эле коёлу. Ошондой эле 20 жылдан бери тонолуп келген энергетикалык тармакка бүгүнкү күндө жакшылап каражат сарптабасак, анда келечекте кыйналып калабыз. Анткени бүгүн Бишкекке келип, “мен өндүрүш курам, салыгын төлөйм” дегендерге биз шарт түзүп бере албай жатабыз. Ошондуктан биз орто мөөнөттөгү тарифтик саясатты карап чыгышыбыз керек. Мунун карапайым элге зыяны тийбейт. Бир эле тарифти көтөрүү эмес, бүтүндөй системаны өзгөртүү менен жеңип чыгышыбыз керек. Анын бир варианты, алдын ала төлөө эсептегичтерин жайылтышыбыз керек.
– Кечээ жакында министрлердин жаңы курамы бекитилип, мурунку бир нече министр ордунан кол жууду. Дал ушул маалда бизде энергетикалык кризис башталып, сын айтылганына карабай ордуңузду сактап калдыңыз. «Бабанов бар кезде Шадиевге тийише алышпайт» дегендер да жок эмес. Ордуңузда калышыңыздын негизги себеби эмнеде?
– Кайсы министрликте болбосун, бир жылдын ичинде конкреттүү түрдө реформа жасап, оңдоп кетүүгө мүмкүнчүлүк аябай эле аз. Өзгөчө биздин энергетика тармагында. Бир жыл ичинде бир топ иштерди жасаганга жетиштим, реалдуу кадамдар бар. Ошону депутаттар да көрүп туруп, мүмкүнчүлүк берди окшойт. Депутаттарга ыраазычылык айтып кетейин. Бир чети бул ишеним мага алдын ала берилген кредиттик ишеним. Эгер актай албасак, анда унчукпай ордубуздан туруп, рахмат айтып кетишибиз керек. Бирок чалкалап жатып албай, колдон келишинче аракет жасайбыз.
– Келиңиз, чыт курсак бала кезиңизди эстейли, кайсы жердин кулуну болосуз?
– Кичи мекеним – Баткен облусунун Лейлек районундагы Голбо айылы. 1969-жылы 31-январда төрөлгөм. Ал кезде биздин айылда жарык жок болчу, төрөт үйүндө эмес, өз үйүмдө туулган экенмин. Атам шахтёр болуп иштегендиктен, үйүбүз тоонун арасында жайгашкан. Кийин атам ооруп калып, шахтадан чыгып, колхоздун уюн бакты. Апам уй саачу. Сегиз бир туугандын алтынчысымын.
– Окуучулук күндөргө кылчайып көрбөйлүбү. Кандай окуучу элеңиз?
– Биздин айылдан 180 чакырым алыс орун алган Айдаркен айылында интернат бар болчу. Көп үй-бүлөлүү, турмуш-шарты оор балдарды чогултуп кетип, ошол интернатта окутчу. Мени да 1-класстан эле ошол интернатка берген. Ал кезде атам колхоздун коюн багар эле. Бир күнү райондун борборунан бир автобуста кишилер келишип, кечинде биздин үйдө конок болушту. Азыр да эсимде, эртең менен турсам “сени мектепке беребиз” дешти. Кой багып жүрүп тажаган жаным дароо эле макул депмин. Десем эле ак көйнөк, кара шым кийгизип, автобуска отургузуп коюшту. Окууга жөнөп жатканымды көрүп, апам баш болуп аяш аталарыма чейин ыйлашкан. Ошентип, 1-классты интернаттан баштадым. Айылга жылына үч эле жолу барчумун. Кышкы каникулда, 8-мартта, анан жайкы эс алууга. Ата-энемди ойлоп аябай тырышып окудум. Кийин төртүнчү класстан баштап Сүлүктү шаарындагы Макаренко атындагы мектепке которулуп, ошол жерден 8-классты бүттүм.
– Ата-энеңиз кандай кишилер, алардын кайсы сапаттарын өзүңүзгө сиңирип алдыңыз?
– Атам да, энем да эрте эле ата-энеси­нен айрылып калышкан. Мен чоң ата-чоң энемди же таята-таенемди да көрбөй калдым. Атам үй-бүлөнүн улуусу болгондуктан, бир туугандарынын баарынын түйшүгүн моюнуна алып, бутуна тургузду. Аябай эмгекчил киши. Бизге телевизор да көп көрсөтчү эмес, кээде топ ойноп кетип калсам “топ тепкен тозуйт” деп урушуп калчу. Азыр 86га чыкты, Кудайга шүгүр, дагы эле тың, мал карап, короо жайдын түйшүгү менен алек. Эң башкысы, бул кишиден мен эмгекчилдик касиетин сиңирип алдым. Энем болсо сегиз баланы тарбиялап өстүрдү. Мээримдүү жан. Ар дайым насаат айтып келет, өзгөчө келиндерине. Экөөнү тең ажылык зыяратка алпарып келгем. Азыр айылда турушат.
– Келинчегиңиз менен кантип таанышып калдыңыз эле?
– Досторум менен жүрүп, бир банктын жанынан таанышып калганбыз. Анан бир жылдай сүйлөшүп, баш коштук. Кесиби врач. Улуттук госпиталда иштеп, бүгүнкү күнгө чейин операция жасайт. Ортобузда 5 балабыз бар, эң улуу балам бир жыл мурун жол кырсыгынан улам каза болуп калган. Улуу кызыбыз бүгүнкү күндө Москвада, 2-курста окуйт. Калган балдарым мектепке, кичүүлөрү бала бакчага барышат. Менин турмуштагы ийгиликтеримдин артында, албетте, жубайымдын колдоосу чоң. Үй-бүлөнүн, балдардын түйшүгү анын мойнунда. Жубайыма жолуктурган тагдырыма ыраазымын.
– Балдарыңыздын ким болушун каалайсыз? Эгер “ата, сиздин жолуңузду улантып саясатка аралашайын” десе, макул болосузбу?
– Эң башкысы, балдарым менен сыймыктангыдай болсом деп тилейм. Балдарымдын ким болушу бешенесине жазганына жараша болот. Балким, мекенди сүйгөн, патриот кылып тарбияласак, саясатка аралашып калышы да мүмкүн. Азырынча жаш, убакыт көрсөтөт. Бирок кыздарым “точно” саясатка аралашпайт.
– Саясатка эмне болуп аралашып калгансыз? Акырындык менен даярданып жүрдүңүзбү же күтүүсүздүк болду беле?
– Жеке ишкерлик менен алектенип жүргөн учурда айылга мечит салдырып берип, андан башка да бир топ жардам берип жүрдүм. Бир жолу чоң мааракеде «Исхак Раззаковдун сөөгүн Москвадан алып келиш керек» деген маселе көтөрүлүп, анан көптөгөн аксакалдар мени чакырып алып: “Сени депутат кылып шайлайбыз. Сен Раззаковдун сөөгүн алып келишиң керек” ,- дешти. “Мен эч качан саясатка барбайм, андан алысмын” десем болбой батасын беришти. Кийин депутаттыкка талапкер болуп, шайлоочулардын 85 пайызга жакыны колдоп, депутат болуп шайландым. Ошондон бери саясаттамын.
Депутат катары элдин койгон суроо-талабын аткарып, И.Раззаковдун сөөгүн мекенибизге алып келүүдө көп иштерге демөөрчүлүк кылып, чоң салымымды коштум. Исхак Раззаковдун өмүр жолун, ишмердүүлүгүн чагылдырган “Исхак Раззаков” аттуу китептин авторлошумун.
– Спорттун кайсы түрүнө жакынсыз?
– Мен футбол ойнойм жана ат минем. Кышында болсо лыжа тепкенди жактырам. Мурда кар жааганда сүйүнчүмүн, лыжа тебем деп. Азыр, тескерисинче, кар жааса маанайым түшөт. Кудай буюрса, 3 жылдын ичинде энергетикалык тармакты оңдосок, анан баарыбыз сүйүнөбүз, кар жааса дагы.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аскарбек Шадиев: "Министр кылып калтырганы үчүн депутаттарга ыраазымын"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
bakut8903
2012-01-09 16:14:53
качан лейлеке жардам кылдыныз
0
bakut8903
2012-01-09 16:15:43
голбонун жолунан башка еч нерсе кылган емес
0
Danijarov
2012-01-09 16:44:34
бул кебетеси менен кайра тупикке алып барат болбосо бакиев убагында иштеп турганда эле чечип койсо болмок проблемаларды кыйын болсо
0
Danijarov
2012-01-09 16:49:23
ии байкуш боорду оорутат го
0
sambo
2012-01-11 16:09:51
Emgektenip tarbiya korgom deit go!Kechirip koiunuz SOIUZ uchurunda bir gana siz emes but baary emgektenip chonoiuwkan!Anan kop ele svetti ochurup jatyshat oshogo konul burup koiosunarby!Antpese Bakievdin uchuruna tushup baratabyz!
0
tilekbek
2012-01-13 20:49:18
озу светке толойт бекен мактаган кыз тойдо осурат дейт эле
0
Zarina.S.1998
2012-01-14 14:52:53
мурунку мнистирден эч жакшылык кутууго болбойт..бакиевдин учурунда уктап жатты беле бул программаларын аткарбай кабелдерди ошондо эле алмаштырса болот эле го билбейм билбейм...
0
turatbek-92
2012-01-18 20:16:06
урматтуу аскарбек мырза электр энергияы экспорттоп жатабыз еп ТВда сайрайт эле сайрйт биринчи озубузду жакшак камсыз кылып анан экспорттосок болбойбу
0
№ 479, 6-12-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан