БААРЫБЫЗ СҮЙГӨН АКЧА ЖӨНҮНДӨ!..

Англис философу Томас Гоббс
мамлекетти тирүү организм,
акчаны болсо анын каны деп атаган.

Акча кантип пайда болгон?

Алгачкы тыйындар биздин заманга чейинки доордо учурдагы Түркиянын азиялык бөлүгүндө пайда болгон. Аны менен катар эле Байыркы Кытайда да алтындан тыйындарды жасап, пайдалана башташкан. Бул эки өлкөдөн тыйындар менен соода жүргүзүү, аларды жасоо Грецияга өтүп, анын ар бир шаары тыйындарга өздөрүнүн колдоочусу болуп саналган кудайлардын сүрөтүн түшүрө башташкан.

Азыр биз кеңири колдонгон кагаз акчаларды тарыхка кытай маданияты алып кирген. Жер шарында биринчилерден болуп кагазды ойлоп табышкан кытайлар баалуу алтын менен соода кылгандан көрө кагазды акча катары пайдалануу жеңил да, ыңгайлуу да болорун байкашып, кагаз акчаларды басып чыгара башташкан. Батышка мындай кагаз акчалар кийинчерээк 1200-1300-жылдары монголдор аркылуу барган.

“Баксы”, “бабки”...

Дүйнөнү бүтүндөй ээлеп алган америкалык доллардын “баксы” аттуу аталышы калк арасында кеңири жайылган. Бул аталыш кайдан келип чыккан?
Баш-аягы токойлор менен курчалган Жапайы Батыштын аймагына алгачкы кадамды таштаган европалыктар бул аймактын жашоочулары индеецтер менен согушуп да, соодалашып да башташкан. Мына ушул соодалашуулардан “баксы” сөзү келип чыккан. Англис тилинен алганда “бакскин” – “бугунун териси” дегенди түшүндүргөн. Соодагерлер индеецтерге курал-жарак, туз, ширеңке, аракты берип жатышып: “Сенден эки бакс, сенден төрт бакс”, башкача айтканда, “Сенден эки бугунун териси, төрт бугунун териси”,- деп айтышчу. Ошентип, АКШ­нын аймагында колдонулуп баштаган долларлар дароо эле “баксы” деген кошумча атка ээ болуп кеткен.
“Баксы” сыяктуу эле орустардын “бабки” сөзү да акчанын ордуна көп колдонулуп жүрөт. Акчага бул кошумча ысым кандайча берилди эле?
Тарыхта белгилүү болгондой, ханыша Екатерина II орустарга башчылык кылып турган кезде өзүнүн сүрөтү тартылган кагаз акчаларды бастырып чыгара баштаган. Эл арасында ушул кагаз акчадагы аялдын сүрөтүнөн улам акчаны “бабки” деп атоо адатка айланган.

Акча эмнени сүйбөйт?

Акча ичи көрүнгөн майда-чүйдө жыртык-тытык кагаздарга, талондорго толгон капчыкты жактырбайт. Андыктан акча салган капчыкты бат-баттан тазалап, жаңылап туруу керек. Болгондо да капчык сатып аларда акча бүгүлбөй кенен бата турганынан тандоо керек.
“Фэн-шуйга” катуу ишенгендер капчыкка көзөлүп, жипке байланган үч кытай тыйынын салып коюшат. Бир жипке байланган үч тыйын өзүнө акчанын энергиясын тартат. “Фэн-шуйда” акчаны көбөйтүү үчүн дагы бир жакшы ыкма бар. Ал үчүн капчыкка жаңы бышкан жүзүмдүн, жапжашыл жалбыз же көк чайдын жалбырагынын сүрөтүн салып коюу керек. Аталган сүрөттөр капчыктын ээсинин акчадан жолун ачат.

Акчага байланыштуу ишеним, ырым-жырымдар

Байлыгы ашып-ташкан миллиардерлердин, парапсихологдордун айтымында, акчаны кадырлап, сыйлоо, атүгүл сүйүү керек.
Күн баткан соң акчаны карызга бер­беңиз.
Колуна тийген маянаны, киреше акчаны алгач адам өзүнө жумшаган соң гана башкаларга пайдаланууга берүүсү кажет. Анткени акчанын энергиясы адамдын өзүндө калышы керек.
Англиялыктар күйөөгө чыгып жаткан колуктунун бут кийимине билдирбей 5 тыйындык таштап коюшат. Бул алардын “жаңы курулган үйбүлө акча тартыштыгына туш болбосун” деген ырымы.
Орустар: “Түшүңдө бир короо чочконун курчоосунда калсаң, сенден көп киши карыз сурайт. Бирок бул учурда карызга акча бербе, ал көпкө чейин кайтпайт”,- деп ишенишет.
Тескерисинче, түшкө үч ат кирсе, унутулуп бараткан карыз кайтарылат дешет.
Түшүндө аттын такасын таап алса же көрсө, байлык алып келет.
Акча көп болуш үчүн жаңы туулган айга акчаны көрсөтүү керек.
Алтын чынжырга жети алтын шакекти өткөрүп, аны моюнга тагып алса, ал адамда акча көбөйөт.
Үйдүн босогосуна чоочун көзгө байкалбагыдай кылып тыйын таштап койсо, бул үйдөгүлөр бай болот.
Дүйшөмбү күнү карызга акча берген адам ошол апта ичинде көп чыгашаларга туш болот.

Кандай адамдарды акча жактырбайт?

1. Акчаны атайын капчыкта эмес, көрүнгөн жерге, сумкага, чөнтөккө башаламан салып жүрө берген адамды;
2. Акчаны бүктөп, тоголоктоп ойногонду жакшы көргөн адамды;
3. “Акча мени кызыктырбайт”, “Акча жакшылыкка алып келбейт”, “Акча адамга бакыт алып келбейт” деген кепти көп айткан адамды;
4. Колуна тийген маянаны, кайтарым акчаны санап албаган адамды;
5. Эң негизгиси, акчаны сыйлабаган адамды.

Шаиста Шатманова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 326, 30-январь - 5-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан