ЛЫЖА КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?

Билип ал

Лыжа жакында гана пайда болгон деп ойлосок, терең жаңылышат экенбиз, достор. Себеби «лыжа» деген сөздү испан тилинен которгондо «кышкы бут кийим» дегенди түшүндүрүп, ал байыркы заманда эле адамдардын кышкы бут кийими катары колдонулуп келиптир. Алгачкы лыжаларды чоң жаныбарлардын сөөгүнөн жасашып, териден ичке кесип алып, ошол жип менен сөөктү бутуна байлап алышчу экен. Ал узун жана жалпак болгондуктан, калың карда басууга ыңгайлуу болгон. Алыскы Скандинавия өлкөлөрүндө бутуна лыжа байланган адамдын сөлөкөтүн кыштын Кудайы деп да эсептешет.
Кийин лыжа тебүү спорт түрүнө айланып, 1767-жылы Норвегияда алгачкы жолу лыжа тебүү боюнча таймаш өтөт. Анда Сондре Норхейм аттуу адам жеңүүчү аталат. Ошондон бери азыркы лыжалардын жаратуучусу деп Сондре эсептелет.


КЫТЫ, КЫТЫ, КҮЛҮП КОЙ

– Апа, бүгүн биздин бала бакчага врачтар келишти.
– Эмнеңерди текшеришти?
– Дем алып жатабызбы же жокпу, ошону текшеришти го...

– Чоң ата, сиз да кичинекей болгонсузбу?
– Ооба, балам. Мен да кичине болгом.
– Ошондо досторуңуз сиздин сакалыңызга абдан күлүшсө керек, ээ?

Самат, айтчы, биздин класста жалаң бешке окуган канча окуучу бар?
– Мени кошпогондо бешөө, эже.
– Сен да жалаң бешке окуйсуңбу?
– Жо-ок, айтып жатпаймынбы, мени кошпогондо...


5 АЙЫРМА ТАП

Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 480, 13-19-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан