– Бир кезде биздин үй-бүлө эл катары эле. Бирок тагдыр экен, минтип үй-бүлөм талкаланып, ал тургай алмончоктой уулумду тирүүлөй жоготуп отурам.
Баары мындан бир топ жыл мурун башталган. Күйөөм айылда жумуш жок шаарга барып иштеп, акча таап келейин деп кетип, айлап жок болуп жүрдү. Алгач жакшы эле таап келчү, кийинчерээк аз апкелчү болду. “Эми шаарда жүрсө, өзүнө коротуп жатса керек” деп койчумун. Анын былыгы кийинчерээк ачылды. Көрсө, шаардан бирөөнү таап, көңүл ача баштаптыр. Аны үйдө отурган мага ар ким айтып келе баштады. "Күйөөңдү тияктан көрдүк. Жанында ээрчиткен аял бар, бир жакка баратыптыр" же "бир аял менен кафеде отурган жерден көрдүк" деп. Анан күйөөм үйгө келгенде эле чырдашып жатып калабыз. Андай кезде, албетте, күйөөмдү каргап-шилеп, "чыгып кет!" деп тилдеп, жинденем. Акыры күйөөм катасын мойнуна алып, “экинчи башка аялга жолобойм” деп убада берип, үйдөн да чыкпай калды. Бирок баары бир бирөөбүз иштеп, акча табышыбыз керек эле.
Күйөөмдү шаарга иштеп келүүгө жиберип турууга аргасыз болдум. Аз акча апкелсе же келем деген убактысынан кеч келсе эле үйдө уруш. Ал “андайды койдум деп айтпадым беле” десе, мен ишенбейм. Уруш чыкканда жолдошум мага жакшы эле чыдайт, анан акыры кол көтөрөт. Андайда бир топ күн балдарды атасына жолотпой кууйм.
Акырында күйөөмө эрегиштим. Достор менен көңүл ачуум көбөйүп, көңүлдөш да күттүм. Күйөөм аны уккандан кийин ажырашып тындык.
Ошентип, түйшүк бүт менин мойнума жүктөлдү. Бир күнү тааныш келин келип “Бишкекке жашап, иштесең болбойбу?.. Мен ошол жактамын. Барсаң жардам берем” деди. Ойлонуп, макул болдум да, үйгө бирөөлөрдү киргизип, 2 баламды алып тигиге кошулуп жөнөдүм. Шаарга келген соң эптеп бир ишке кирдим, бирок тапканым квартиранын акысына кетип, күнүмдүк ичкенибизге жетип-жетпей абдан жүдөдүк. Бирибиз кокус ооруп калсак, дары алганга акча жок. Кээде улуу балама окуусуна барганга жол кире жок. Ошол балам абдан зирек эле, бир күнү ыйлап отурсам “ушундан көрө айылдан келбей койсок болмок. Таенем же таякемдер ун берсе деле ачка калбай жашай бермекпиз. Атамды да жамандап, уруша берип сиз кетирдиңиз” деди. Зорго отурган жаным аны урушуп, уруп койдум. Балам ошол түнү сыртка чыккан бойдон келбеди...
Андан бери жылдар өттү, бирок канча издесек да табылбады. Ыйлай берип көз жашым да түгөндү. Баарына өзүм күнөөлүүмүн. Акылдуу болсом, күйөөмө эрегишмек эмесмин го. Тилимди тартып, күйөөмдү ыкка көндүрүп жашасам, эл катары өмүр сүрөт белек. Балам да жоголмок эмес...
Ушулардын баарын ойлоп отуруп, кызымды таенесине тапшырып туруп, өз өмүрүмдү кыйып койгум келет. Ушинтсем гана туурадай сезилет. Эмне кылышым керек? Меники туурабы же жокпу?
Жийде, 32 жашта, Нарын
Сиздин сурооңузга “Триум-Инфо” психологиялык окуу борборунун психологу
Нурзада Маямерова жооп берди.
– Жийде, сиздин биринчи каталыгыңыз – тагдырдын сыноосун көтөрө албай, күйөөңүзгө атаандаштык кылганыңыз. Сиз аялзаты болгондуктан, үй-бүлө очогун сактоо милдетиңиз эле. Бирок сиз анте албапсыз.
Күйөөңүзгө “үйдө сен эч ким эмессиң” дегендей мамиле жасоо менен балдарды атасынан алыстаткансыз. Муну менен сиз атадан балага өтчү, эркектен аялга өтчү мээрим жолун (энергияны) жаптыңыз. Күйөөңүзгө жаман сөздөрдү айтып, каргагансыз. Айтып кетчү нерсе, мындай жаман энергиялар бир жакка жоголуп кетпейт, кайра айланып үй-бүлөгө тиет. Демек, сиздин ошол каргыштарыңыз үчүн балдарыңыз жооп берип жатат.
Бирок дагы деле кеч эмес. Жашооңузду оңдоп кетүүгө сизде мүмкүндүк чоң. Андыктан төмөнкү кеңешке көңүл буруңуз: биринчиден, кылган кылыктарыңыз үчүн өзүңүздөн өзүңүз кечирим сурап (мисалы, мен күнөөлүүмүн, күнөөмдү мойнума алдым), өзүңүздү кечириңиз, тынчтаныңыз.
Экинчиден, адам өткөнүн ойлоп, кейип-кепчий берсе, анда келечекке энергиясы калбай калат. Ошондуктан алдыга жакшы максаттарды коюп, келечекти жаратууга умтулган дурус. Биздин ой-тилектер келечекке түзүлгөн программа. Андыктан жакшы ой-тилектерди ойлосоңуз жакшылык, жамандыкты самасаңыз жамандык келип калышы мүмкүн. Кызыңыз бар, ошонун бактысын ойлоңуз.
Балаңызды болсо издей бериңиз. “Балам аман, жакшы бирөөлөрдүн колунда, үйгө кайтып келет” деп абдан ишенүүңүз зарыл. Жогоруда айткандай, тилегиңиз ишке ашып калуусу мүмкүн.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg