НААБАЙЧЫЛАР ЭКИ СААТ ГАНА УКТАШАТ

Кызык экен...

  • Бир мүшөк ундан 300 тандыр нан чыгат.
  •  “Эгер бышкан нанды алып жатканда нан күйүп турган чоктун так ортосуна түшүп кетсе, наабайчыга киреше кирет” деген ишеним бар.
  • Патыр нан көпкө сакталыш үчүн жуурулуучу камырга сөзсүз сүт азыктары кошулат. Камыр ачып, тандырга жабыларда камырдын бетине майда тууралган пияз себеленет. Нан бышар замат анын бетине жумуртканын сарысы сыйпалат.
  • Тандырдын ылайын ийлөөдө ак топуракка кыргыз коюнун жүнүн кошсо, абдан бекем болот.

Тандыр нандын тарыхынан...

Окумуштуулардын айтуусуна караганда, эл тандыр нанды мындан 15 миң жыл мурун колдоно баштаган. Алгач биздин ата-бабаларыбыз буудайдын данын таш менен майдалап, анан суу кошуп жегенди үйрөнүшкөн. Мындай буламык кокусунан отко түшүп кетип бышат да, ушундан баштап азыркы тандыр нанына окшош алгачкы нан бышырыла баштаган. Албетте, бул жөнөкөй рецепттүү тамак адам баласынын биринчи азыгына айланган. Ал эми ошол учурда нан бышырганды жакшы билген алгачкы наабайчылар өзгөчө урмат-сыйга ээ болушкан. Ушундан улам окумуштуулар азыркы тандыр нандарын алгачкы нан катары эсептешет. Убакыт өткөн сайын ал тандыр нанынын даамы, жасалуу ыкмалары кескин өзгөрүлгөн. Ал эми биз жеп жүргөн тандыр нан өзбектердин наабайчыларынан кеңири тарала баштаган.

Наабайчынын иши түндө башталат

Таң атпай эле күркөлөрдө, дүкөн­дөрдө ысык тандыр наны пайда болуп калганынан “эл мемиреп уйкуда жатканда иштеген кандай немелер болду экен?” деген суроо жаралбай койбойт. Биз таң эрте барганыбызда Казатбек наабайчы эчак 400 тандыр нанын күркөлөргө таратып бүтүп, кийинки нандарды жабууга камданып калыптыр. Биздин башкы каарманыбыз Казатбек акенин тандыр нандары тууралуу маалыматыбыз бар эле. Учурда Казатбек аке наабайчылыкты окуучуларына өткөзүп бериптир. Бир убакта камырды жууруганды да, бышырганды да өзү тейлеген наабайчы: “Шакирттерим менден ашып баратат”,- дейт.

Анча-мынча аялдарга караганда...

Жыгачтан жасалган кампага (камыр жуурулуучу идишти ушундай аташат экен) бир кап ун, бир килограмм туз, ачыткы, май салынып, камыр жуурулуп жатты. Негизинен, камырды ийине келтирүү күчтү талап кылгандыктан, көбүнесе бул жаатта эркек балдар иштегенине күбө болобуз. Наабайчылардын тили менен камыр жууруган адамды “камырчы” деп коюшат экен. Биз сөз кылып жаткан наабайканадагы каармандарыбыздын бири камырчы Узак бул жерде иштегенине 3 ай болсо да, бир күндө 4-5 мүшөк ундан камыр жууруганга жетишип калыптыр. Башында ар бир нерсени таразага тартып турса, азыр көз өлчөмүнө ишенет. Биринчи капты түнкү саат бир жарымда жууруу менен Узактын иши эл уйкуда жаткан кезде башталат.

– Узак, камыр жуурууну аялдардын иши катары эсептешет го...
– Ооба, бирок азыркы жашоодо антип бөлгөн деле туура эмес. Мисалы, наабайканаларда көбүнчө жигиттер камырчы болуп иштешет. Камырчы болуп иштеген кыздар аз кездешет. Анткени камыр жууруганга күч керек. Ал эмес, биз деле 3-4 ай араң чыдайбыз.
– Камыр мыкты жуурулу­ш үчүн кандай ыкмаларды кол­до­носуң? Бир аз сырыңдан бөлүшө кетпейсиңби?
– Биринчиден, ундун сапаты мыкты болуш керек. Негизинен, жыгач идишке жууруган камыр даамдуураак болот. Темир идиштерди колдон келишинче колдонбогонго аракет кылыңыз. Камырга бир аз маргарин кошуп жуурусаңыз, наныңыз жумшак жана даамдуу болот. Ал эми тандыр нанга сөзсүз май кошуп жууруу керек. Мен деле алгач билчү эмесмин. Бир жолу туз салбай жууруп салыптырмын. Мындай камыр тандырга жабышпай, кызарып бышпай айлаңды кетирет экен.
– “Камырды кээде буту менен жуурушат” деген кептин чын-жалганы канча?
– Мен кичине кезимде “бөлкө нандын камырын резина өтүк кийип жуурат” деп уккам, ошондон бери бөлкө жебейм. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, мындай окуялар болгон үчүн айтылып калса керек.
– Сен камыр жууруу менен гана чектелесиңби?
– Бул жерде бири-бирибиздин ишибизге кийлигишпейбиз. Мен камырды жакшы ачытып, чеккичке өт­көрүп берүү менен чектелем.
Камырым жакшы ачыганда гана чеккичтер кабыл алышат. Анан бир аз эс алам. Тактап айтканда, ар бирибиз эки сааттан эс алабыз.

Камыр чеккичтин колуна түштү

Баягы кампадагы камыр бир жарым саатта ачып, чеккичтин (камырларды тегерек формага келтирип, атайын көзөнөкчөлөрдү түшүргөн адам) колуна түштү. Колдору жатыгып бүткөн чеккич кыз Бегимай бул жерден камырды ар бирин 300 граммдан кылып таразага тартып чыгып, көпшөк боло түшсүн үчүн бир азга тыныктырып койду. Андан соң гана колун өсүмдүк майы менен майлап, нанды тегерек формага салып, чеккич менен чегип кирди. “Чеккичтин иши ыкчамдыкты талап кылат экен. Себеби көбүрөөк тыныгып калган камыр эзилип, илешчээк болуп калат. Мындай камырды “өлгөн камыр” деп коёбуз”,- дейт ал өзүнүн иши тууралуу. Мындан соң камыр тандырга, тагыраак айтканда, “устага” жөнөтүлдү.

Ден соолукка зыяндуу жумуш

Нандын камырына сууга чалынган кургак сүт сыйпалып, тандырга жабыштырылды. Кургак сүт нанга кызгылт-сары өң берүү үчүн колдонулат экен. Ар бир нан 7-8 мүнөттө эле даяр болуп калганына таң бербей койгон жокпуз. Наабайчы от жагуунун да өзгөчө ыкмасын өздөштүрүүсү зарыл. Мисалы, от бир калыпта текши күйүү үчүн көмүрдү сөзсүз түрдө пирамида түрүндө кылдаттык менен калап жакпаса, нан күйүп кетет. “Эгер наабайчы алгачкы нанын күйгүзүп алса, бир күн кечке күйүк нан жаап калат” деген ишенимдери бар. Анан өлчөмүнөн да жаңылбашы зарыл. Мисалы, 3 кап унга жарым мүшөк гана көмүр сарптоо керек. Көмүрдөн чыккан истин зыянынан коргонуу үчүн наабайчылар күнүнө сүт ичип турушу зарыл экен. Бирок бул шартты ар бир наабайчы эле сактай бербегендиги өкүнүчтүү. Ал эми жайдын аптабында наабайчылар баштарына дайым суу жоолук салынып иштешет. Чала сыгылган жоолук эки мүнөттө кургап, кайрадан суулоого туура келет. Антпесе кан басымы тез көтөрүлүп кетиши мүмкүн.

Биз менен маектешкенге убактысы тар наабайчы Нурлан аттуу жигитке бир эки суроо узатып калдык...
– Нурлан, эмне себептен мындай ишти тандап калдың?
– Мага бир чети кызык, экинчиден, акча табуу үчүн эле иштеп калдым. Иштегениме быйыл эки жыл болду. Негизи, биз үйбүлөбүз менен Тажикстанда жашачубуз. Ал жерде тандыр нандарынын түрүн жасашат. Нан жабууга кызыгуум ошол жерден башталган.
– Бир күндө канча нан жаба­сың?
– Ишемби, жекшемби күндөрү той-топурларга заказ көп келет. Мындай кезде 1500 даанага чейин жабам, кээде мындан да көп. Ал эми калган күндөрү суткасына 800-900дөн.
– Эс алууга убакытың абдан эле аз экен...
– Кээде эки саат уйкунун ордуна кыздарга барганга да жетишем. Жаштыгым менен чарчоону билбей жатат окшойм. Бирок адамзатка керектүү болгон ыйык азыкты жасап жатканыма ыраазымын.
– Күнүнө канча табасың?
– Менин жумушум оор болгондуктан, мүшөгүнө 130 сом алам. Ал эми чеккичтики бир аз жеңилирээк, мүшөгүнө 100 сом, камырчы да 100 сомдон алат.
Мына, окурман, эки гана саат уктап, керээлди кечке тикесинен тик туруп, биздин дасторконубузга даамдуу нандарды жайнаткан наабайчыларга баа бербөөгө аргабыз калбады.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 326, 30-январь - 5-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан