13-22-январда Австриянын Инсбрук шаарында өспүрүмдөр арасында I Кышкы Олимпиада оюндары өтөт. Ага Кыргызстандын атынан бир гана спортчу-лыжачыбыз Зафар Шахмурадов катышат. 16 жашар мекендешибиз намысты лыжа менен чуркап жарышууда талашмакчы. Зафар машыктыруучусу Александр Левдонский менен 11-январда Европага сапар алышты. Ийгилик! Жалгыз караан болсоң да, жакшы натыйжа апкелесиң деп үмүттөнөбүз. Спорттун 15 түрү боюнча өтүүчү тарыхый мелдешке 1000ге жакын спортчунун катышуусу күтүлүүдө.