"Акыркы император" аталган орусиялык Фёдор Емельяненко өткөн жылдагы 2 жолку жеңилүүсүнөн кийин айыбын жаба баштады бейм. Анткени ал жыл жаңырар алдында япониялык Сатоши Ишиини жеңип алды. Японияда салтка айланган "Кыял" деп аталган жаңы жылдык шоунун алкагында орун алган беттеш күндүн эң мыкты беттеши болуп, 2 гана мүнөткө созулду. Бирок күйөрмандар баягы Фёдорду эмес, карып, алдан тайый түшкөн Фёдорду көрүштү. Антсе да бул жыл ал үчүн ийгиликтүү болот деген ой келди. Анткени жеңишке жетишкенде самурайлардын мекенинде сааттын жебеси 12ни көрсөтүп турган.