9-январда Цюрих шаарында көпчүлүк күткөн 2011-жылдын мыкты футболчусу аныкталды. Бул күнү аргентиналык Лионель Месси карьерасында 3-жолу катары менен мыкты болуп табылып, ага сыйлыкты бразилиялык легендарлуу футболчу Роналдо тапшырды. Ошентип, сакадай бою сары алтын Месси ФИФАнын версиясы боюнча, 3-ирет катары менен мыкты болуп табылган франциялык Мишель Платининин рекордун кайталады.
"Бул сыйлыкты 3-ирет катары менен алуу мен үчүн сыймык. Ошентсе да мени футбол тарыхындагы мыкты футболчу деп атоого эрте",- деди. Ооба, Мессинин футбол тарыхындагы улуу футболчу экени карьерасын аяктаган соң билинет. Анын 24 гана жашта экенин эске алсак, жогорудагы жана башка рекорддорду жаңылап коюуга мүмкүнчүлүгү али кенен.
Мындан тышкары кечеде "Жылдын мыкты машыктыруучусу" наамы "Барселонанын" башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиолага тапшырылса, бүйүр кызыткан Пушкаш атындагы "Мыкты гол" сыйлыгы бразилиялык Неймарга тийди. Ал эми айымдар арасында "Мыкты футболчу" япониялык Омаре Сава болду. Саванын 5 жылдан бери мыкты аталып келген бразилиялык Мартаны тактан алып түшүүсү анын Япония курама командасы менен өзү башкы бомбардир болуп Дүйнө чемпиондугун утуп алганы менен байланыштуу. Ошондой эле ФИФА быйыл англиялык "МЮнун" машыктыруучусу Алекс Фергюссонду да атайын сыйлыгы менен сыйлады.
Төмөндө 2011-жылдын ичинде түрдүү континенттерде
мыкты аталган футболчулардын тизмеси
Европа – Лионель Месси (Аргентина)
Азия – Сервер Жепаров (Өзбекстан)
Африка – Яя Туре (Кот д’Ивуар)
Океания – Райан Нельсен (Жаңы Зеландия)
Түндүк Америка – Хавьер Эрнандес (Мексика)
Түштүк Америка – Неймар (Бразилия)