Бүгүн жума, 13-январь. Көп өлкөлөрдө бул күн, тактап айтсак, айдын 13-күнүнүн жума күнгө туш келүүсү жамандыктын белгиси болуп саналат. Мындай түшүнүк кандайча калыптанган? Жума, 13үндө болуп өткөн кандуу окуялар дал келүүбү же?.. Эмне үчүн америкалыктар 13 санынан коркушса, кытайлыктар "13 саны ийгилик жана бакыт алып келет" дешет? Бул күнү чын эле сактануу керекпи? Ушул жана башка суроолорго жооп издеп, интернет ааламына саякатка чыктык.
СЫРДУУ 13 САНЫ
Көптөгөн маданияттарда айдын 13ү жума күнгө туш келиши эмне себептен ызы-чуу жаратып, мистикага айлангандыгын так эч ким билбейт. Бирок бир канча варианттар бар.
Акыркы мезгилде "жума, 13ү" түшүнүгү орто кылымдардагы Тамплиерлер орденинин рыцарларын күтүүсүз массалык түрдө камоо менен байланыштуу” деген пикир калыптана баштады. Эске салсак, ошол күтүүсүз камоо 1307-жылдын 13-октябрь, жума күнү француз падышасы Филипп IV Сулуу тарабынан ишке ашырылган. Ал эми чечимди Рим Папасы кабыл алып, муну ал түшүндө "Иса пайгамбар "тамплиерлердин баарын кырып жок кылуу керек" деген аян берди" деп түшүндүргөн. Ошентип, камалган рыцарлардын үстүнөн сот иши 7 жылга созулуп, оор күнөөлөр тагылуу менен тамплиерлер дарга асылган. Бул тууралуу "Тарыхтын драмалары жана сырлары" эмгегинде француз тарыхчысы Робер Амбелен мындайча эскерет: "Тамплиерлер камалган күн кокусунан тандалган эмес. Жума Иса пайгамбар өлтүрүлгөн күн катары каралса, айдын 13-күнү бактысыз сандын белгиси катары тандалган".
Кошумчалай кетчү нерсе, убакыт өтүп, тамплиерлердин камалышынын чыныгы себептери ачылган. Кресттүүлөрдүн жортуулдарынан кийин Европада ошол мезгилде тамплиерлердин бийлиги таасирдүү болуп, бул өз кезегинде падыша Филиппке жаккан эмес. Ошондой эле ал тамплиерлердин эбегейсиз байлыгына да ээ болгусу келген.
Жума, 13үнүн бактысыз күн катары калыптанышына дагы башка себептер бар. Алсак, Адам ата менен Обо эне дал ушул күнү тыюу салынган мөмөдөн ооз тийишкен. Ошондой эле бул датаны Иса пайгамбардын окуучулары менен кечки тамактануусу – "Тайная вечеря" менен байланыштырышат. Ага 13 адам: Иса пайгамбар жана анын 12 окуучусу катышкан. "13-сү – пайгамбарды сатып кеткен Иуда" дешет, христиандар.
ӨЗГӨЧӨ АМЕРИКАЛЫКТАР КОРКУШАТ
Өзүңүздөр байкагандай, "жума, 13ү" ырымы христиандарга мүнөздүү болуп, батыш өлкөлөрүндө аябай популярдуу. Алсак, АКШда имараттарда 13-кабат деген жок. Авиакомпанияларда 13 номурундагы каттам, ооруканаларда 13-палата болбойт. Бул күнү америкалыктар маанилүү эч нерсе жасабайт жана өзгөчө сак болушат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындай пассивдүүлүк өлкө экономикасына зыян алып келет. Анткени көп кызматкерлер өздөрүн аяп жарым аракетте иштешсе, айрымдары таптакыр иштешпейт экен. Кызыгы, америкалыктардын долларында 13 жылдыз бар. Алар АКШ жаңыдан түзүлө баштагандагы бириккен Англиянын 13 экс-колонияларын билдирет.
Статистикага кайрылсак, изилдөөлөр көрсөткөндөй, Англияда жума, 13үндө ооруканаларга келгендердин саны кескин түрдө 50 пайызга кыскарат экен. Ал эми Борбордук жана Түштүк Американын аборигендери "13 саны бакыт алып келет" дешет. Ошондой эле Италия, Португалия жана Испанияда 13 ийгиликтүү сан деп эсептелет. Кытайлардын "Өзгөрүүлөр китебинде" да 13 саны ийгиликтүү сан катары чечмеленет.
13 АТАКТУУЛАРДЫН ЖАШООСУНДА
Эми инсандарга өтсөк. Бүгүнкү "каарманыбыз" тарыхта из калтырган белгилүү адамдар үчүн кара күн болуп калган. Дал ушул күнү "Чикагонун кожоюну" атка конгон колго түшкүс америкалык гангстер Аль Капоне кармалып, өлүмгө буюрулган. Дал ушул күнү буга чейин көптөгөн кол салуулардан аман калган белгилүү музыкант жана композитор Тупак Шакур өлтүрүлгөн. Тарыхта бул күндөн коркуп ырым-жырымдарды колдонгон атактуулар көп эле. Мисалы, немис жазуучусу Иоганн Гёте мындай күндөрү керебетинен турчу эмес. Бисмарк менен Наполеон да 13-числодо мамлекеттик иштерди жыйыштырып, согуш тууралуу ойлонгон да эмес.
БОЛУП ӨТКӨН КАНДУУ ОКУЯЛАР
1972-жыл, 13-октябрь. Анды тоолорунда Монтевидео-Сантьяго багыты боюнча учуп бараткан уругвайлык FH-227 учагы кырсыкка кабылган. 45 адамдын 27си каза тапкан. Тирүү калгандар 72 күн дегенде куткарылган.
1988-жыл, 13-май. Бир катар эл аралык компаниялар жана ЖОЖдор "Иерусалим" деген компьютердик вирустан зыян тарткан. Бул күнү айрымдар компьютерде иштөөдөн баш тартышат.
2005-жыл, 13-май. Өзбекстандын Анжыян шаарында адам өмүрлөрүнүн кыйылышына алып келген кандуу окуя болгон.
2009-жыл, 13-ноябрь. Орусиянын Ульяновск шаарындагы курал-жарак кампасында өрт чыгып, жарылуулардын натыйжасында адамдар курман болушкан.
БЫЙЫЛ ДА ҮЧӨӨНҮ БАШТАН ӨТКӨРӨБҮЗ
Үстүбүздөгү жылда бүгүндөн тышкары дагы 2 ирет жума, 13ү күтүп турат. Апрелдин жана июлдун 13ү аптанын жума күнүнө дал келмекчи.
Сөздүн аягында айта кетчү нерсе, бул макаланы маалымат болсун деген максатта сунуштадык. Жума, 13ү сыяктуу белгилерге ишенүү – Кудайга ишенбөөчүлүк. Демек, күнөө. Ой материалдашат. Андыктан күнөөгө батпай, жакшы нерселерди ойлонолу.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Илимде жума, 13үнөн коркуу параскаведекатриафобия (грекче "параскеви" – "жума" жана "декатрейс" – "он үч" дегенди билдирет) деп аталат.
Фёрестердин "Кыямат күндүн теориясы" эмгеги боюнча, адамзатынын популяциясы чексиздикке жума күнү, 2026-жылдын 13-ноябрында жетет.
1980-жылы америкалык режиссёр Шон Каннингемдин сериялуу адам өлтүргүч тууралуу 8 бөлүмдөн турган "Жума, 13ү" тасмасы тартылып баштаган. Бул тасма "жума, 13үндө мистикалык окуялар көп болот" деген кептерге май тамызып келет.
Базарбек Абдураимов
koom@super.kg