АРСТАНБЕК НОГОЕВ: «Студент кезимде эле министр болом дечүмүн»

Ногоевдин өмүрүндөгү урунттуу окуялар

  • Панфилов районундагы Чалдыбар айылында төрөлгөн (1951-жылы);
  • Борбордогу политехникалык институтту (1974-жылы),
  • Ташкенттеги жогорку партиялык мектепти бүтүргөн (1989-жылы);
  • Кара-Балта шаардык сов­хоз-заводунун директору (1981-жылы);
  • Чүй облусундагы эт-сүт өндүрүү бирикмесинин башкы директору (1991-92-жылдары);
  • Бишкек шаарынын мэри (2005-2007-жылдары);
  • Айыл, суу-чарба жана өнөр-жайды кайра иштетүү министри (2007-2009-жылдары)кызматтарында иштеген.

Ногоев мырза тууралуу...

  • Жакшы көргөн жаныбары – бука.
  • Хоббиси – мал чарбачылыгында жаңы породаны чыгаруу.
  • Кыргыздын салттарынын баарын кармайт.
  • Орозо кармап көрө элек.
  • Намазды күнөөсү көбөйгөндө окуюн деп жүрөт.
  • Тамакты жаман аялдан жакшы жасайт.
  • Өзүнө жалкоолугу жакпайт.
  • Юсуп деген чачтарач жигит борбордун кайсы бурчуна барып иштебесин, ошого чачын кырктырат.
  • Бутунун өлчөмү – 43.
  • Кол жазмасы маанайга жараша.

“Мектепте сүйүү ойго келбептир”

– Улуубуз кыз, андан кийин 3 эркекпиз. Атам парторг, башкарма, андан кийин Токтогул районунда каржы тармагында иштеген. Апам өмүр бою кызылчада эмгектенди.
Мектепти жалаң 5ке окубасам да, жакшы эле окудум окшойт. Бир партада жалаң кыздар отурса, бир партада жалаң балдар отурчубуз. Кыздарга балдар, балдарга кыздар деле жолочу эмеспиз. Чоң класс болуп калганда деле азыр ойлосом сүйүү ойго келбептир. Окуучулук күндөрүмдө мектеп менен үйдүн ортосунда эле жүрө берчүмүн. Эжем 8-классты бүткөндөн кийин борборго окууга кетип калды. Эжемден кийин эле мен болгондуктан, апам жумуштан келгиче үйдү да тазалап, инилеримди да окутуп, малды да тейлеп, баарын жайгарып койчумун.

“Практикада жүрүп эле 5-6 кесипке ээ болдум”

– Политехникалык институттун инженер-технолог бөлүмүн 1974-жылы аяктадым. Практикада жүрүп шоопурлукту, дагы 5-6 кесипти үйрөндүм. Ошондо алган күбөлүктөрүм азыр да бар. 3-курстан кийин бизди Молдова, Орусия, Украинадагы чоң-чоң заводдорго практикага жөнөтүшчү. Бул жактан топтогон тажрыйбаларымдын негизинде чет жерге барарым менен дароо ишке орношчумун. Өзүмдүн ишимди аткарып, анан ким чыкпай калса, анын да ордуна эки сменде тең иштей берчүмүн. Студент дешип, жумушчулардын жумшай беришкени эсимде. Жумшаган жагына курсагым ток болсо “өлүп калмак белем” деп кете берчүмүн.
Студент кезимде “отуз жашымда директор, кыркка чыкканда министр болом. Ишенбесеңер кийин келгиле, жумуш берем!” деп курсташтарыма айта берчүмүн. Кез-кезде студенттердин дептерлерине “Айыл-чарба министри Ногоев” деп жазып, кол коюп да койчумун. Оозума сала бергендей, чын эле 29 жашымда Кара-Балта шаар­дык совхоз-заводуна директор, 46 жашымда министр болдум.
Министр болгонумда курсташтарымдын алды цехтин жетекчиси болушту. Бирок мага жумуш тууралуу эч кимиси кайрылышкан жок.

“Үйлүү болгонумда бир керебет, эки чемодан менен көчкөм”

– Үйлөнгөндөн кийин бир жыл Жалал-Абад шаарында батирде жашадык. Ошентсе да кыйналган жокпуз. Бир жолу мен иштеп жаткан заводдун директору машинасын 3 саатка берип “өзүңө ылайык батир таап ал” деди. Анын 35 сомдук батир акысы да заводдун бюджетинен төлөнчү. Бир жылдан кийин Кара-Балта совхоз-заводуна которулуп бир жыл иштегенден кийин завод үй белек кылды. Үйлүү болгонума жетине албай бир керебетимди, эки чемоданымды алып, эки сааттын ичинде көчүп келгеним азыр да эсимде.
Балдарым тууралуу айта кетсем, улуу балам Өмүр азыр 34тө. Милиция кызматында иштеп жүрүп, азыр жеке ишкердикке өтүп кетти. Бир баланын атасы. Экинчи кызым эки балалуу. Чет элдик компанияда каржы жагынан аналитик. Андан кийин төрт балам бар. Экөө чет өлкөдө, экөө мектепте окушат.

Бир жолу...

Кара-Балта совхоз-заводунда башкы инженер болуп жүргөн кезим. Бир жолу биздин директор башка жумушка которулуп, мени “сиз директор болбойсузбу?” деп калышты. Айыл-чарба министринин орун басарына жолугуп “мен өзүм иштеген заводго директор болгум келет” дедим. “Ишти алып кетериңе ишенесиңби?” дегенде, «3 ай убакыт бериңиз, 3 айда азыркы ахыбалынан 3 сантиметр жылдыра албасам, эмгек китепчеме жазып, берене менен кууп чыгыңыз” дедим. Сөзүмдү уккандар “3 айдан кийин, бул жигитти кууп чыгалы, башкаларга сабак болсун!” деп каткырып жатышты. Мен болсо калчылдап кара терге түшүп алгам. Азыр ойлосом, алар мени бир топ эле тамаша кылышыптыр. Заводго келерим менен 1500 жумушчуну жыйып чогулуш өткөрүп, эки айлык планды бир айда бүтүрмөй болдук. Бир айдан кийин жергиликтүү гезиттин башкы редактору интервью алганы келди. Эки айлык планды бир айда аткарып, өпкөм казандай. Журналистке келечекке койгон пландарымды, учурдагы иштеримди болгонун-болгондой көбүрүп-жабырып айтып бердим. Анан эле тигил журналист “сизден да, заводдон да, сиз айткандай эч нерсе чыкпайт. Жөн эле мактанып жатасыз. Мен сизден интервью албайм” деп кетип калды. Өмүрүмдө биринчи жолу интервью берейин деп катуу толкунданып алган жаным таяк менен башка чапкандай болуп, шалдырап отуруп калдым. Анан башкы экономистти, башкы бухгалтерди, инженерди чакырып “ушундай иш болуп кетти, кагаздагы көрсөтмөлөрдүн баары туурабы?” деп сурасам, «туура» дешти. Жыл аягында алдыга койгон пландардын баары мен ойлогондой аткарылып, райондун тактасына илиндик. Ошондо баягы менден интервью албай койгон журналист жетип келиптир. Анан мен дагы “сиздин гезитиңизге муктаж эмесмин” деп интервью бербей койдум.

Темадан четтей...

– Сизди «Чүй облусунун губернатору болот» деген имиштер жүрүп жатты эле...
– Мага бир нече кызмат орундар сунушталды. Учурда, мен айыл-чарба илимдеринин кандидатымын. Ишке кирип кетсем, докторлугумду жактаганга убакыт болбой калат. Ошондуктан президенттен «2-3 ай коё туруңуз» деп сурандым. Өндүрүш тармагында иштеп калгандыктан, ушул тармакка эле кетсем деген оюмду президентке билдирдим. Кандай кызмат орду берилет, аны убакыт көргөзөт.
– Убакытыңызды бөлүп маек куруп бергениңизге рахмат. Бар болуңуз.

Сүйүн Кулматова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 326, 30-январь - 5-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан