МУЗ ҮСТҮНДӨ КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫ

Кыргызстанда муз үстүндө бийлөө деген түшүнүктүн пайда болгонуна 3 жылдай болду. Кубандырганы, чет жерде машыгып келген бийкечтерибиз учурда Кыргызстандын муз аянтчасына кайтып, өлкөгө ийгилик алып келишүүдө. Бүгүнкү каармандарыбыз – жакында Казакстандын ачык биринчилигинде 2-орунду алган Ванесса Алдекова жана коло медалчы Карина Ураимова. Эмесе, муз үстүн бийкечтерибиз үчүн бошотолу.

Ураимова Карина Каримбековна
Туулган жылы – 1994-жыл, 12-май
Туулган жери – Новосибирск шаары, Орусия
Бою – 160 сантиметр
Салмагы – 52 килограмм
Кумири – Юна Ким
Жетишкендиктери – Чоңдор арасында Казакстандын ачык чемпиондугунун коло медалчысы, Ноорузга карата өткөн Кыргызстандын биринчилигинин күмүш медалчысы. Орусиянын кубогунда 6-орунду ээлеген.
Бишкектеги Финансы-экономикалык академиясынын 2-курсунда жана Москвадагы Спорттук академиясынын 2-курсунда сырттан окуйт.
Бойдок. Учурда Москвада жашайт.

Карина Ураимова: «АЗИЯНЫН КЫЗДАРЫ МЫКТЫ»

– Карина, Жаңы жылың менен! Жылды кандай тосуп алдың?
– Рахмат. Жакшы тостум. Ата-энем, бир-туугандарым Орусияда болгондуктан, бул жакта туугандарым менен чогуу болдум.
– Көпчүлүк муз үстүндөгү бийчилердей эле келбетиңе кам көрүп жатып, тамактын мыктыларынан куру калган жоксуңбу?
– Жок, каяктан?.. Майрам күндөрү боло берет деп таттуудан, майлуу тамактардан качкан жокмун. Буга чейин сиз айткандай болчу.
– Бул түйшүктүү, анан да кооз спорт түрү менен кантип табышып калдың?
– Башында көркөм гимнастикага барчумун. Теледен муз үстүндө бийлеген айымды көрүп калып, ата-энемди кыйнап жатып бул ийримге жазылгам. 9 жашта машыгып баштоо муз үстүндө бийлөө үчүн өтө кеч болсо да, көркөм гимнастикада үйрөнгөн ийкемдүүлүгүмө карап алышкан. Башында Сибирдин Муз үстүндө бийлөө федерациясынын атынан чыкчумун. 2009-жылдан тарта Кыргызстандын атынан чыга баштадым. Монголиядан, Казакстандан “бизге кел” деген сунуштар көп эле түшөт. Учурда Эл аралык даражадагы спорт чеберинин нормативин толтура элекмин. Бул машыгууну кеч баштаганым менен байланыштуу.
– Кыргызстан менен Орусияда машыгууда кандай айырмачылык байкадың?
– Кыргызстанда муз үстүндө бийлөө эми боор көтөрүп келе жатат. Орусияда жакшы өнүгүп, жакында алар муз үстүндө бийлөө боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрдү. Кыргыз спортунда кайдигерлик бар экен. 2009-жылы мени чакырып, бардык шарттар убада кылынган. Бирок бир жыл машыктыруучу күтүүгө туура келди. Азыр Андрей Хикала аттуу машыктыруучу менен иштешип жатам.
– “Азиаттардын буттары ийри болгондуктан, бийлей алышпайт” дешет. Буга кошуласыңбы?
(Күлүп) Жок, кошулбайм. Анткени учурда Азиядан Олимпиада жана Дүйнө чемпиондору чыгып жатат. Мисалы, кореялык Юна Кимге “Ванкувер-2010” кышкы Олимпиадасында эч ким тең келген жок.
– Шахматчылардан башка бардык спортчулар жаракат алгандай эле сенде да жаракат катталса керек?
– Ооба да. Биздин ар кадамыбыз кооптуу. Тизе эң көп жабыр тартат. Баш менен жыгылган учурлар да болбой койбойт. Жаракаттан улам айлап муз теппей калган күндөр болгон. Апам ошон үчүн “таштачы спортуңду” дей берет.
– Демек, коньки үстүндөгү спорттук карьераңа апаң каршы?.. Деги эле ата-энең тууралуу кенен айтып өтсөң...
– Атам Каримбек Москвада жашайт. Жеке бизнеси бар. Апам Байкал болсо, Новосибирсктеги ооруканалардын биринде иштейт. Үй-бүлөдө апам гана спортко кызыкпайт. Үч бир тууганбыз. Иним күрөш менен, эжем волейбол менен машыгат. Атам “машык” десе, апам “оку” деп талашышат. Ушул жерден кыстара кетсем, апам монгол, буддизм динин тутунат. Ошон үчүнбү, мен буга чейин кайыр дин болуп, дин тутунчу эмесмин. Кийин Кыргызстанга келип туугандарым, жакындарым Кудай тууралуу айтышканда ойлонуп, ишене баштадым.
– Сендей сулууну жигиттер жерде калтырбаса керек. Кандай мырза жүрөгүңдү багынта алат?
(Күлүп) Окуу, машыгуу деп жүрүп жигит күтө элекмин. Ошентсе да гүл, жумшак оюнчуктарды тартуулаган жигиттер бар. Негизи, мага чечкиндүү, түшүнүктүү жана, албетте, келишимдүү жигиттер жагат.
– Жакынкы пландарың менен бөлүшсөң...
– Учурда бул жакта сессия тапшырып жатам. Орусиянын билим деңгээли менен Кыргызстандыкы айырмасы чоң экен. Бишкектеги №4-мектептен окуп бүттүм да. Мурунку окуу пландарын кайталагандай эле болчумун. ЖОЖдо деле ошол экен. Эми сессиям бүтсө, 11-январда Москвага жөнөйм. Бир айдан кийин Австрияда өтүүчү мелдешти утурлай келип калам.


Алдекова Ванесса Мухтаровна
Туулган жылы – 2001-жыл, 11-февраль
Туулган жери – Ван шаары, Түркия
Бою – 143 сантиметр
Салмагы – 32 килограмм
Кумири – Ирина Слуцкая
Жетишкендиктери – Өспүрүмдөр арасында Казакстандын ачык чемпиондугунун күмүш медалчысы, Казакстандын чемпиону жана Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону.
Бишкектеги №41-орто мектептин 5-“А”классынын окуучусу.
Учурда Бишкекте жашайт.

Ванесса Алдекова: «МУЗ ҮСТҮНДӨ БИЙЧИ БОЛУУМ АТАМДЫН КЫЯЛЫ»

– Кандайсың, Ванесса, Жаңы жылың менен! Кандай тостуң Балык жылын?
– Рахмат. Жакшы эле тостук. Үйдө, ата-энем менен болдум.
– Каникулду кайда, кандай өткөрдүң? Негизи эле кандай эс аласың?
– Каникул жакшы эле өттү. Үйдө эле болдум. Сейилдөөгө, киного барууга убакыт таптым. Негизи, аптанын ишемби күнү гана бош болом да. Ошон үчүн эс алуу дегенди ойлонбойм деле.
– Муз үстүндөгү абалың маалым. А мектепте кандай окуучусуң?
– Окуум менен машыгууга бирдей көңүл бөлгөнгө тырышам. 2-чейректе да мурункудай эле бардык сабактарымды “5” деген баа менен аяктадым.
– Келечекте ким болгуң келет?
– Мыкты муз үстүндөгү бийчи болуп, Олимпиадага катышкым келет.
– Атыңды ким койгон? Атыңды угуп, улуту башкабы деген ой келди...
– Ысымымды атам коюптур. Атам менен апам экөө тең толук кандуу кыргыздар. Мен атамдын жумушуна байланыштуу Түркиянын Ван шаарында көчүп барганда төрөлүпмүн. Анан Ван деген кыргыздар жашаган жердин атынан улам Ванесса деп коюптур.
– Спорт менен машыкканыңды ата-энең колдошобу?
– Колдошот. Атам да, апам да менин атактуу муз үстүндөгү бийчи болуумду каалашат. Өзгөчө бул атамдын эзелки кыялы экен. Ошон үчүн Вандан Казакстанга көчүп келип, мени 3 жашымда муз үстүндө бийлөө ийримине бериптир. “Таланттуу кыз экен” деп эрте болсо да кабыл алышыптыр. Кийин Бишкекте муз аянтчасы курулганда бул жакка келдик. Апам менин бул ийримге баруум менен жумушун таштап, мени менен жүрөт.
– Ата-энеңдин жалгыз эркетайы турбайсыңбы анда...
– Ооба. Биз эки бир тууганбыз. Мен­ден улуу байкем үйлөнүп, иштеп, өз алдынча болуп кеткен. Атам менен Казакстанда жеке курулуш фирмаларынын биринде иштечү. Азыр Москвага которулду.
– “Спортчу менен артист – саякатчы” дешет. Спорттун арты менен кайсы өлкөлөрдө болдуң?
– Польшада, Венгрияда, Орусияда жана бир нече жолу Казакстанда болгом. Эми февраль айында Австрияга эл аралык мелдешке катышуу үчүн барабыз.
– Каякта машыгасың жана ал муз аянтчасы эл аралык стандартка жооп береби?
– Биз азыр Бишкектеги шаардык муз тебүү аянтында машыгабыз. КРнын Муз үстүндө бийлөө федерациясы да ушул жакта жайгашкан. Азыр 100дөн ашуун бала машыгат. Бул спорт түрү Кыргызстанда жаңыдан бутуна туруп жаткандыктан, баары өспүрүмдөр. Аптасына 6 күн, күнүнө 3 сааттан машыгабыз.
– Спортто жаракат болбой койбойт. Жаракаттан улам убактылуу муздан четтеп көрдүң беле?
– Жок, андай деле чоң жаракат алып көрө элекмин. Жеңил жаракат алып, машыгууну улантып келем.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Муз үстүндө кыргыз кыздары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Marselita
2012-01-20 20:53:44
Качан ушул кыздарга окшоп муз тепкенди уйроном...?
0
BaatyrO
2012-01-23 11:30:58
Ой, кандай керемет кыздар. Кыргызды дуйного таанытар силер - искусство жана спорт чеберлери. Ушундай жаштарыбыз коп болсун! Ванесса Алдекова куда каалап, тилеген максатына жетип чемпион боло кор. Сенин ушундай кылып жетилкен ата-энене чон рахмат!
0
№ 480, 13-19-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан