Таланттуу актёр Мирлан Абдулаев менен ырчы кыз Зарини өзгөчө фотосессия жасап, ошол эле учурда интервью курабыз деп каралбай ташталып калган имаратка чакырдык. Эки саат бою көк муштум болуп үшүгөндөрүнө карабай чыгармачылык деп жука кийинип, биздин айткандарыбыздын баарына көнүп жаткан каармандарыбыз “Тамаша торго” чалынышты. Баарынан да бул жолкусунда тартуучу топ толугу менен актёрлорго айланышты. Окуяны кульминациясына жеткирүү үчүн таланттуу актёрду чакырганбыз.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg