КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТОО-ЛЫЖА БАЗАЛАРЫ

Эс алуу үчүн жайкысын эң ылайык көк ирим көлдүн жээги болсо, кышкысын тоо-лыжа базалары болуп саналат. Мүмкүн, сиз да лыжа тээп эс алууну пландап жаткан чыгарсыз? Анда бул маалымат сиз үчүн.

ЛЫЖА ТАНДОО
Лыжа
Лыжа узун жана кыска болуп экиге бөлүнөт. Узун лыжалар түз жерлерде сейилдөөгө ыңгайлуу болсо, кыска лыжалар тоодон ылдый катуу ылдамдык менен түшүүгө ылайык. Узун лыжаны тандоодо анын узундугун бойго чактап тандоо керек. Бул үчүн колду баштан өйдө тик көтөргөндө лыжанын бийиктиги колдун учуна жетиши зарыл.
Кыска лыжалар бурууга ылайыктуу. Андыктан үйрөнчүктөр лыжанын узундугуна көңүл буруулары керек. Бойго ченегенде узундугу ээкке же мурунга жетиши зарыл.
Үйрөнчүктөр лыжанын жумшак түрүн тандап үйрөнгөндөрү дурус. Лыжанын жумшак же катуу экенин өз алдынча билүү кыйын. Ошон үчүн лыжанын маалымат кагазында жазылгандарды окууга же лыжа сатуучунун (ижарага берүүчүнүн) кеңешин угууга туура келет.
Лыжанын катуу түрүн лыжаны көптөн бери тээп жүргөндөр колдонуп келишет. Себеби ал өтө жогорку ылдамдыкты камсыздайт.
Оор салмактуулар катуу түрүн тандаганы жакшы.
Арыктар лыжанын өзүнүн боюнан 20 сантиметр кыска жана жумшак түрүн тандаганы дурус.

Лыжа таягы
Колду алдыга түз сунуп, таякты кармап ченеш керек. Башкача айтканда, кол менен таяктын бийиктиги төп келгидей болушу кажет.

ЭСИҢИЗДЕН ЧЫГАРБАҢЫЗ!
Лыжа тебүү спорттун түрүнө кирет. Андыктан дароо эле лыжаны тээп кетүү муздап турган булчуңдарга күч келтирет. Тактап айтканда, ден соолугуңузга зыян алып келиши мүмкүн. Андыктан 10-15 мүнөтчө лыжа жабдыктарын тагынбай туруп гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасап, дене булчуңдарын жибитип, бир аз ысып алуу зарыл.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
honey
2012-01-16 16:09:06
Кашка-Суу жакшы. Асма жолдору ж.б. шарттары жакшы ылайыкталган. Лыжа тебуу бул эн сонун - адреналин. Лыжа тепсениз грипп ж.б. оруулар сизге жабышпайт.
0
Marselita
2012-01-20 20:51:33
Жакшы маалымат экен. Мен да коптон бери кызыгып журом лыжа тепкенди уйронгум келип. Буйруса жакында барабыз го биз коллегалар менен тоого. Жогорудагы маалыматтардын жардамы тийет деп ойлойм . Рахмат.
0
№ 480, 13-19-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан