Белгилүү ырчы Кристина Агилера уул төрөгөнүнө 4 жыл болсо да, мурунку калыбына келе албай койду. Бир нече ай мурун ашыкча салмактан кутулуу үчүн спортзалга барып, диета кармаса да жыйынтык болбогонун айтып капаланган эле. Эми ал: «Сүйгөн жигитим мени кандай болсом ошондой сүйөт. Ошондуктан мен ушул келбетиме ыраазымын»,- деп бактылуу экенин жашырбайт.