МИРБЕК ИМАНБЕКОВДУН КАРЫНДАШЫ ИМАНБЕКОВА АЙГҮЛ: "Мирбекти казан баш дечүмүн"

Биртууган Иманбековдор:

Россия, 40 жашта, үйбүлөлүү, 4 баланын энеси, учурда Астанада жашайт.
Айнура, 39 жашта, үйбүлөлүү, 1 кыздын апасы, учурда Бишкектин Кызыл-Аскер районунда жашайт.
Элмира, 36 жашта, үйбүлөлүү, 4 баланын апасы, Сокулукта жашайт.
Руслан, 34 жашта, үйбүлөлүү, 2 баланын атасы, Кара-Буурада турат.
Темирлан, 32 жашта, үйбү­лө­лүү, 3 баланын атасы, Астанада турат.
Кылычбек, 30 жашта, үйбүлөлүү, учурда Бишкекте турат.
Бермет, 28 жашта, үйбүлөлүү, жакында көз жарганы турат. Бишкекте жашайт.
Аида, 26 жашта, үйбүлөлүү, 2 кыздын энеси, Сокулукта турат.
Захира, 24 жашта, үйбүлөлүү, 2 баланын энеси, Астанада жашайт.
Мирбек, 23 жашта, бойдок, Бишкекте турат.
Айгүл, 21 жашта, үйбүлөлүү, 1 уулдун апасы.

Сологойлугумдун айынан Мирбектен таяк жегем

– Мен кичинекей кезимде абдан көк бет болчумун. Ошонун айынан Мирбектен көп таяк жедим. Кээде менин ачуума тийгенде аны “казан баш”, “чоң баш”, - деп сөкчүмүн. Ал болсо мага көп теңелбесе да, кээде “сологой”, - деп тилдечү.
Айтмакчы, ошол сологойлугумдун айынан бир жолу катуу таяк жегем. Экөөбүз сууга таш ыргытып ойноп жатканбыз. Мирбек менин сол тарабымда болчу. Колума чо-оң таш алып ыргытайын дегенде алым келбей калып, ал так Мирбектин башына барып тийсе болобу!.. Менин жүрөгүм түшүп, эмне дээримди билбей көзүмдү алайтып отуруп калдым. Мирбек болсо башын кармап “охолоп” бир аз отурду да, анан “мээси жок”, “сологой”, - деп тура калып төпөштөп салды. Ошону такыр унутпайм. Негизи Мирбектин ачуусу оңой менен келбейт. Бирок бир ачууланганда аны токтотуу, кайра көңүлүн көтөрүү абдан кыйын.

Экөөбүз бириккенде абдан амалкөй элек

– Өзүбүздүн он чактыдай уюбуз бар болчу. Аларды күнүгө кезек менен бир-бирден кайтарчубуз. Бирок Мирбек экөөбүз тең кичинекей болгондуктан, экөөбүздү бир кишидей кылып кошуп коюшчу. Анда мен 5 жашта, Мирбек 7 жашта. Ошондой күндөрдүн биринде Мирбек экөөбүз тең уй кайтарууга чыккыбыз келбей шылтоо издей баштадык. Анан кадимки ийнелерди алып, аны таманыбыздын терисине сайып алып, ата-апаларыбызга барып: “Биз бүгүн уй кайтарбай эле коёлучу, аябай кыйналып жатабыз. Ишенбесеңер карагылачы, таманыбызга ийнелер сайылып калды”, - деп үйдөгүлөрдү бир күлдүргөнбүз. Атабыз: “Ар кайсы шылтоону айтпай, “уй кайтарбайбыз деп эле айтпайсыңарбы?!” - десе да болбойбуз. “Жо-ок, биз кайтаргыбыз келип жатат, бирок кыйналып жатканыбызды карабайсыңарбы!” - деп кайра аларга таарынып коёбуз.
Негизи Мирбек ишенчээк, ак көңүл адам. Өзү кандай таза болсо, башкаларды да ошондой көрө берген жайы бар.

Бир күн ачка калганбыз

– Бир жолу ата-апабыз бизди таштап, Бишкекке үч күнгө конокко кетип калышты. Башында эки күн кадимкидей эле тамактанып жаттык. Үчүнчү күнү тамак түгө­нүп калды. Курсагыбыздын ачканынан ойногубуз да келбей, шалдырап калдык. Ошондо да Мирбек жароокерленип, өзү ачка болуп жатса да мени алаксытып, ойнотконго аракеттенгени такыр эсимден кетпейт. Анан атамдар келгенден кийин жыргап курсагыбызды тойгузуп алып, экөөбүз бийик турган секинин үстүнө чыгып “нан болсо, ыр да болот” - деп ырдап, бири-бирибизге ыр кесе сунганбыз.

Мирбектин көзүн көгөртүп алгам

– Анда Мирбек мектепти аяктап, эртең Бишкекке кетем деп турган болчу. Эмнегедир ошондо абдан ичим күйүп, кыжаалат болуп, кетиргим келбей жүргөм. Анан экөөбүз адаттагыдай эле дагы ойноп кеттик. “Оюндан от чыгат” болуп, анын көз жак тарабын кокусунан катуу сүзүп алдым эле көзүнүн тегереги шишип чыкты. Эртеси болсо көгөрүп кеткен. Ошентип, Мирбек менин айыман көзү көгөрүп биринчи жолу Бишкекке келген.

Күрөшкө да баргам

– Ал дайыма мага болушуп турчу. Мени бирөө таарынтса эле көзүмдүн жашын көлдөтүп, Мирбекти көздөй жөнөп калчумун. Экөөбүз ар дайым жетелешип жүрүп эле анан мен 4-класска келгенде Мирбек сабактан кийин күрөшкө кетип калчу болду. Мен болсо күн сайын “мен дагы барам” деп ыйлай берчүмүн. Бир күнү кошо алып барды да, күрөшкө катышкан балдардын арасына кошуп койду. Абдан кыйналдым. Ал тууралуу айтсам эле “өзүң келем дебедиң беле?” дейт. Намыстанып чыдап жүрдүм, бирок он күнгө жетпей кетип калдым.

«Мирбек тескери карап алып чай ичет» деп коём

– Мирбек мурдагы интервью­ларында “Айгүл экөөбүз абдан ынак элек, ал турмушка чыгып кет­ти” де­гени бар эле. Сен турмуш­ка чык­кандан кийин алыстап кеткен жок­суңарбы?
– Чын эле аябай сырдаш элек. Мектепте окуп жүргөн кезибизде келген каттар тууралуу экөөбүз гана бири-бирибизге айтышчубуз. Азыр анчалык сырдашпасак да аябай ынакпыз. Мирбек айылга келген сайын келип учурашып кетип турат. Көп көрбөй калсам, мен да абдан сагынып кетем. Мирбекти мен эле эмес, менин кайната, кайненем, жолдошум Өмүрбектен өйдө жакшы көрүшөт. Ал келгенде бардыгыбыз берерге ашыбызды таппай, төгүлүп-чачылып тосуп алабыз.

– Ага катары сага жардам берип турабы?
– Ооба, жакшы эле жардам берет. Учурда болсо, менин жолдошум Өмүрбек сыркоолоп айылдан келгенбиз. Доктурлардын жардамы менен буюрса жакшы болуп калды. Өмүрбекке суук жерге болбойт дегенинен учурда Мирбектин үйүндө жашап жатабыз. Бул жерден да Мирбектин адамгерчилигин, биртууганга болгон жакшынакай мамилесин айта кетпесем болбойт. Анткени менин кандай сарсанаа болуп жатканымды көрүп, сезип, дайыма колдоп, дем-күч берип турат. Күйөө баласы Өмүрбек да Мирбекке абдан ыраазы.
– А белек берди беле?
– Мирбек мага Жаңы жылда белек берген. Мага эле эмес, жээни Рамзанды белектери менен кубантканды да унутпайт. Ага жакында эле пульту менен өзү отуруп айдай турган баасы беш жарым миң сомдук машина белек кылды.
– Мирбекти көптөгөн кыздар жакшы көрүшөт эмеспи. Курбуларыңдын арасында сага суктангандары да болсо керек?
– Бирөөлөр менен тааныштырып жатканда “Мирбектин карындашы” деп сыймыктанып айтып калышат. Мирбектин фанаттары менен таанышып калсам айрымдары: “Мирбек силер менен кадимкидей отуруп чай ичеби?”- деп сурашат. Мен да тамашалап: “Жок, ал тескери карап алып чай ичет”, - деп калам.
– Агаңды эң биринчи жолу сыналгыдан көргөндө кандай сезим келди эле?
– Абдан сүйүнүп, көргөн көзүмө ишенбей, көзүмдөн кубанычтын жашы тегеренип, ырдап бүткүчө жалдырап тура бергем. Ал эми концерт бергенде башынан аягына чейин толкунданып, жүрөгүм лакылдап, ошол эле убакта сыймыктанып отурган элем. Кийин көнүп калдым. Азыр ушундай болуш керек дегендей эле кабыл алам.

Гүлмира Турманбетова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 326, 30-январь - 5-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан