Атактуу америкалык рэпер Снуп Догг жагымсыз окуяга туш болду. Мексиканын чек арасындагы Сьерра-Бланка шаарында текшерүүдөн өткөрүп жаткан полиция кызматкерлери рэпердин автобусунан 15 грамм марихуана табышкан. Артист марихуананы медициналык каражат катары колдонорун жана ага уруксаты бар экенин айтканы менен, иши 20-январь күнкү сотко ашырылды. Рэперди кандай тагдыр күтөт, аны убакыт көрсөтөт.