Учурда Голливудда дуу-дуу кеп. Жылдыздуу үй-бүлө аталган Бейонс жана Жей-Зи Ноулздар кыздуу болушту. Ымыркай Нью-Йорктогу төрөт үйлөрүнүн биринде 7-январь күнү 3,2 килограмм салмакта жарыкка келди. Кыздын атын Блю Айви деп аташып, атасы Жей-Зи кызына атап «Атак» («Glory») деген ыр жазууга жетишти. Эскерте кетсек, түгөйлөр «суррогат эне» кызматын колдонгону тууралуу кептер тараган. Бирок эки жаш бул тууралуу комментарий берише элек.