АЛМАЗБЕК РАИМКУЛОВ: «Татыктуу эмес атаандаштын өзү болбойт»

– Саламатсызбы, Алмаз байке. Жаңы жылыңыз менен! Жаңы жылды кандай тостуңар?
– Кудайга шүгүр, бизде баары жакшы. Өзүңүздөр кандайсыздар, кыргыз элим? Жүрөбүз, мекенибизди сагынып. Эми Жаңы жыл үйбүлөлүк майрам болгондуктан, ал күнү үйдө кечки саат 11ге чейин ата-энебиз менен болдук. Дасторкон жайып, каалоо-тилектерди айтып, теледен жаны жылдык берүүлөрдү көрүп дегендей. Анан келинчегим Динара экөөбүз Лас-Вегастын борборунда жайгашкан Бонито ресторанына бардык. Ал жактан алдын-ала стол заказ берип койгон элек. Романтикалык кечки тамактануу... Сааттын жебеси 12ни какканда баарыбыз аянтка чыгып, бири-бирибизди куттуктап тосуп алдык.
– Беттешке даярдыктар кандай болуп жатат?
– 2005-жылы менин активимде 20 жеңиш жана тең чыгуу бар болуп (кубалык Хоэль Касамайор менен), чемпион болууга реалдуу мүмкүнчүлүгүм бар болчу. Тилекке каршы, ошондо Нейт Кэмпбеллге (IBF жана WBOнун версиялары боюнча учурда чемпион болуп турат) утулуп, талапкерлердин катарынан чыгып калгам. Эми минтип кайрадан чемпиондукка талапкер болуу алдында турам. Буюрса, мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргым келбейт. Эки айдан бери күчөтүлгөн режимде машыгып жатам. Күнүнө бир нече жолудан машыгам. Такай спорт залында болуп, жумуштарым менен алектенүүгө кол тийбей жатат.
– Атаандашыңыз жө­нүндө эмнелерди айта аласыз?
– Негизи татыктуу эмес атаандаштын өзү болбойт жана ага карата тоготпоо сезими болбош керек. Антонио Демарко жакшы мушкер. Рингде 20 беттеш өткөрүп, 1 гана жолу жеңилүү ызасын тарткан. Бекеринен чемпиондук беттешке укук алган жок да. Айта кетчү нерсе, менин соккуларым аныкынан күчтүүрөөк. Муну ал ошол күнү өзү түшүнөт. Андыктан беттеш 12 раундга созулбайт деп ойлойм.
– Кепти башка нукка бурсак, жеке жашооңузда эмне жа­ңы­лык­тарыңыз бар? Жакында башка жакка көч­кө­нүңүздөн кабардар болгон элек...
(Күлүп). Ушул журналисттерге таң калам. Дайыма бардык нерселерди билип турасыңар. Ооба, жакында конушумду алмаштырдым. Лас-Вегастын борборунан жаңы үй сатып алдым. Мурдагысы шаар сыртында болчу. Жаңы жерге көчкөнүмдүн бир нече себеби бар. Биринчиден, үйлөнгөнгө байланыштуу жаңы жашоону жаңы, чоң үйдөн баштоону чечтим. Жадакалса жаңы үйүм абдан ыңгайлуу, анда машыгуу зал менен кеңсем жайгашкан.
– Үйдү сатып алууга канча каражат сарптадыңыз?
– Үйдү канчага сатып алганым сыр бойдон эле калсын, айтарым, келинчегим Динарага жакканын алдым.
–Үйбүлөлүк жашоо кандай болуп жатат?
Кудайга шүгүр, баары жакшы. Чогуу жашаган ата-энем менен келинчегим мени ар тараптан колдоп турушат. Дайыма коңүлүм ток жүрөт. Динара окууга тапшырган. Ата-энем болсо ошол окуу жайда англис тилин үйрөнүп жатышат. Аталган окуу жай үйүбүздүн каршысында жайгашкан.
– Жакынкы келечекке кандай пландарыңыз бар?
– Буюрса, жаңырган жылга пландар чоң. Профессионалдык рингдеги максаттардан тышкары, Лас-Вегаста спорт залын ачайын деп жатам. Анан бара-бара өнүгүп-өсүп чоңоёбуз дегендей.
– Андай болсо, кыргызстан­дык мушкерлер да сиздин за­лы­ңызда машыгып калуусу мүм­күнбү?
– Албетте. Андай пландар жок эмес. Буюрса, кыргызстандык мушкерлердин бирин эмес, бир нечесин бул жакка алып келүүнү көздөп жатам. Мен билем, Кыргызстанда таланттуу жаштар көп. Анын үстүнө өзүм да аз убакыттан бери жаштар менен иштеп жатам.
– Бул тууралуу кененирээк айта кетсеңиз...
– Мен учурда өзүм рингге чыгып мушташуудан тышкары жаш мушкерлерди да тарбиялап жатам. Келечектен көптү үмүттөндүргөн Амир жана Александр аттуу шакирттерим бар. Аларды эрежесиз эр уруш боюнча мушташып жүргөн жеринен чакырып алгам. Амир Курдистандан, Алекс Беларусь өлкөсүнөн болот. Амир 2 жолу рингге чыгып жеңип чыгууга жетишсе, Алекс азырынча дебютун жасай элек. Алгачкы беттешине даярданып жатат.
– Болочок пландарыңызда Кыргызстанга келүү бардыр...
– Чынын айтсам, мекенимди кандай сагынганымды элестете албайсыздар. Албетте, барам, бирок качан экенин азырынча айта албайм. Учурдан пайдаланып кыргыз элимди Жаңы жылы менен куттуктап, тынчтык жана бейпилдик каалап кетмекчимин.
– Сизге да ийгилик! Беттешке чыгып жатып артыңызда калдайган кыргыз эли турганын унутпаңыз!

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 326, 30-январь - 5-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан