Сезим Туратбекова: «БИЙ – МЕНИН ЖАШООМ»

Чыгыш бийин бийлөө өзүнчө керемет экенин сулуулар сынагында кыздарды бийге даярдоодо сездим. Аларды бийчи Бакыт Байсариевдин «оң колу», жеңил бийлеп, ар дайым жагымдуу жылмайып жүргөн Сезим аттуу хореограф даярдады...

Толук аты-жөнү – Туратбекова Сезим Туратбековна
Туулган жылы – 21-июнь, 1992-жыл
Бою, салмагы – 163 см, 48 кг
Учурда – Компьютердик технология колледжинин дизайнер-архитектура факультетинде 4-курста окуйт. Хореограф
«Ар дайым алга умтулуу!» деген девиз менен жашайт.

– Сезим, бий дүйнөсүнө кантип келип калдың эле?
– Кичине кезимде эле теледен бийлегендерди көрүп, «мен качан ушуларга окшоп бийлейт болдум экен?» деп кыялдана берчүмүн. Кыялдар орундалат дегендей, мына, азыр аздыр-көптүр өзүм кубанарлык ийгиликтерге жетишип келатам. Ал эми бийге алгачкы кадамым 6-классымда Айгерим Расул кызынын бий тобуна келгенден башталган.
– Карасам, сынактан жеңген дип­ломдоруң көп экен...
– Ооба, кичинекей кезимден эле ар кандай сынактарга катышып, ар кандай баш байгелерди алып келем. Мектепте окуп жүргөндө да көп бийлечүмүн. Бир жолу «Ша-ра-ра» деген музыкага бийлесем, мага ошентип ат коюп алышыптыр. Бара-бара атым унутулуп, Шарара деп калышкан. Мектепти аяктаган соң «и-и, эми атымдан кутулдум го» деп сүйүндүм эле, колледжден кайра ушул бийге бийлесем, алар да билгендей Шарара деп атап алышты.
– Окуп-иштеген активист кыз экенсиң, ал эми үйдөчү?
– Жалгыз болсом да, үй жумуштарынын баарын мен кылам. Кээде кеч келип калганда апама «жок дегенде идиштерди жууп койбойт белеңиз» десем, «мен сени эмнеге төрөдүм эле?» деп гана коёт. 1-классымдан эле камыр жуурутуп, күндө үй жыйнатчу, көнүп деле калгам.
– Анда жеке жашооң кантет?
– Азырынча убакыт жок. Бирөө менен сүйлөшсөң, ага да убакыт бөлүш керек. А мен болсо 7-8де үйдө болушум шарт. Жадакалса бир жакка барып, анан 2 саатта келе албай калсам, апамдар өздөрү алып кетишет.
– Сени аябай “строго” кармашат экен да?
– Ата-энем 2-3 жашымда Орусияга иштегени кетишкен. Мен туугандарымдын, тааныштардын колунда өсүп-чоңойдум. Ар кимден ар кандай нерселерди көрдүм дегендей. Жайкы каникулда ата-энеме барчумун, кышында алар келчү. 3-классымда үйүбүзгө тоноочулар келип бизге кол салып, араң аман калганбыз. Ошондон кийин алар жумушун токтотуп Бишкекте жашап калышты. Азыр болсо башка бөлмөдө отуруп үнүм чыкпай калса деле апам чалып, «ай, келбейсиңби» дей берет. Мага аябай көнүп алышкан.
– «Супер сулуу» сынагында кыздарды чыгыш бийине даярдап жүрдүң. Кандай кыйынчылыктар болду?
– Албетте, башында айрымдары такыр эле кыймылдай алышпайт болчу, кыйналабыз деп ойлогом. Бирок алар абдан аракет кылып үйрөнүп кетишти. Мурун бийлеп жүргөндөрү да бар экен, андыктан кыйынчылык деле туулган жок.
– Канча бийдин түрүн бийлейсиң?
– Негизинен, чыгыш бийине басым жасайм. Эгер бир бийди билсең, калганын кыймылдарды билип калган соң өзүң эле өздөштүрүп кете бересиң.
– Кесибиңе байланыштуу кандай кызыктар болду эле?
– Кызыктар көп болот. Көбүнчө сөйкөлөрүбүздү жоготуп алабыз. Ошого кымбат баалууларды тагынбайбыз. Мурун кийингенде уялчу элек. Азыр болсо арт жакты карайбыз да, 2-3 мүнөттө бат эле кийине калабыз.
– Кошумча кандай таланттарың бар?
– Чыгыш кийимдеримдин эскизин өзүм чийип, өзүм тигем. Ырдайм, бийлейм, комузда кол ойнотом. Муну менен гана чектелип калбастан, ар дайым изденүүдө жүрөм.
– Кантип эс аласың?
– Эң жакшы эс алганым бул – үйдө телевизор көрүп жатканым. Анткени мындай бакыт менде көп боло бербейт.
– Жакшы бийлеп кетиш үчүн канча убакыт жетиштүү болот?
– Эгер мыкты профессионал болууну кааласа, жарым ай тынымсыз күндө машыгуу керек. Үйрөндүм деп эле таштап койбостон, дайым кыймылда болуп туруу кажет. Мен үйрөнчүк кезимде үйрөнгөн кыймылдарымды аялдамада турсам да, үшүп кетсем же жөн эле эки жакты карап туруп байкатпай «тряска» деп коёт, буттарымды титиретип калчумун. Таң калып карагандарга жөн гана жылмайып коём, эч нерсе болбогондой. Азыр болсо бий менин жашоомо айланды. Өзүмдү бийсиз элестете албайм.
– Маегиңе рахмат, ийгиликтин үс­түндө жүрө бер.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сезим Туратбекова: "Бий - менин жашоом"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
ulutchul
2012-01-19 08:27:42
супсулуу го кыргыз кыздары
0
OdiNokaYa
2012-01-22 04:25:20
Супер-Инфо!Силерге бир предложение бар да... Шоу бизнестеги айымдар жана мырзалар айына же болбосо жылына канча акча табаарын жазып чыксак соонун тема болмок да.Кантесинер а?
0
Juliana
2012-01-22 08:25:34
OdiNokaYa, emne kylasyn alardyn akchasyn eseptep? Ozdorunun talanty menen tabyshat go akchany, emgektenip, gastrolgo chygyp, depuutattarga salyshtyrmaluu bular eldin akchasyn jon jebeyt.
0
№ 480, 13-19-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан