КРнын Эмгек сиңирген артисти Жамиля Сыдыкбаева: «АЗЫР МЕН АКВАРИУМДАГЫ БАЛЫКТАЙМЫН»

Теледен же сахнадан көргөн адамдардын жашоосун негедир бейиш элестетет эмеспизби. Чынында, сахна адамдары деле биз сыяктуу пенделер. Мисалы, Курманжан датка энебиздин ролун ийине жеткире аткарган актриса Жамиля Сыдыкбаева жеке жашоосунда бир топ оор сыноолорду башынан кечиргендигин жана ал түйшүктөрүн эч кимге айтпай, эч кимге көрсөтпөй, өзү гана көтөрүп келатканын айтат.

"КӨӨЛӨНГӨН ТАЛКАНДЫ ЖЕШ ҮЧҮН ЭРТЕ ТУРАР ЭЛЕК"
– 1948-жылы 27-декабрда Жети- Өгүз районунун Кытай айылында төрөлгөм. 6 бир туугандын эң улуусумун. Апам Уруйпа 6 баланы тарбиялап үйдө отурчу. Атам Асейин Сыдыкбаев партиялык кызматкер, журналист болгондуктан, ишине байланыштуу мен 5 жашка чыкканда шаарга көчүп келдик. Бирок окуган жылдан баштап, каникулдун биринчи күнүнөн акыркы күнүнө чейин айылдагы чоң энемдин жанында болчубуз. Ал кезди эстесем эле кыздар менен апийим талаада урук чогултканыбыз, бакан менен суу ташыганыбыз эске түшөт. Чоң энем эртең менен «түш болду, тургула» деп ойготор эле. Анда бардыгы болуп жок дегенде 5-6 небереси катарынан тизилип жатабыз да. Анан каймакка көөлөнгөн талканды көрсөтүп коюп сыртка чыгып кетчү, ошол талканды жеш үчүн жарыша туруп жөнөйбүз. Сыртка чыксак таң жаңы эле агарып, короолордон мал жаңы чыгып жаткан болот. Баарынан да мага чоң энем от жагып жатканда очокту карап жанында отурган ушунчалык жагар эле.
Ал эми шаарда болсо, ата-энемдин бизди театрга ээрчитип барганы мени аябай таасирлентчү. Ошондо балалык кыял менен актриса болсом деген ойлор жаралган экен. Анда театр көрүүчүлөр үчүн да ыйык болчу. Аялзаты эч убакта өтүгү менен театрга кирчү эмес, гардеробдон өтүгүн чечип, көтөрүп келген туфлисин кийип, анан гана залга өтөр эле.

"ЖАМАН ОКУГАНГА АКЫБЫЗ ЖОК БОЛЧУ"
– Мектепте жакшы эле окудум. Жаман окуганга акыбыз да жок болчу. Атам раматылык билим жагына абдан чоң маани берер эле. Анын үстүнө өзү партиялык кызматкер болгондуктан, биздин бирөөбүздүн гана начар баа алып келгенибиз баарыбыз үчүн «өлүм» болчу. Алтообузду катарга тизип, башына апамды тургузуп койчу да: «Мына, силердей жаштардан бүтүн өлкө үмүттөнүп турса, силер окубайсыңар!»- деп лекция окуй баштачу. Катуу урушпаса да, ошол нерсе бизге ушунчалык уят иш сезилип, атамдын сөзүн ыйлап угуп турар элек. Андан кийин бир топ күнгө чейин телевизор көрүү менен ойногонго тыюу салат.
Атам акча таап келип апамдын колуна карматат, калган үйдүн маселелеринин баары апамдын моюнунда эле.
Балалык дегенде үйдөгү китептер да эсиме түшөт. Атам командировкага чет жакка көп чыгып, кайда гана барбасын китеп алып келчү. Анан үйдөгүлөр талашып-тартышып окуп калабыз, кээде китепке кезекке туруп дегендей. Түнкүсүн ата-энебиз "жаткыла, уктагыла!" деп урушат, биз болсо бирден кол чырак кармап алып жууркандын астына жашынып китеп окучубуз.
Шаарга окууга келген туугандардын баары түптүз эле биздикине келишер эле. Бир жолу атайылап кызыгып санап көрсөм, өзүбүздөн тышкары 13 адам жүрүптүр. Бири бактын түбүндө, бири тамдын жанында, дагы бири көлөкөгө коюлган керебетте, айтор, ким кандай ыгын тапса, ошондой уктап жатышат. Ошентип, менин балалыгым бапыраган көпчүлүктө, барчылыкта өткөн.

"ПОЛ ЖУУГУЧ БОЛУП, АЙЫНА 60 РУБЛЬ АЛЧУМУН"
– Мектепти аяктагандан кийин ата-энемдин көңүлүн алыш үчүн Улуттук университеттин чет тилдер факультетине тапшырып өтүп кеттим. Бул тармакта деле жалаң "5ке" окуганым менен, жүрөгүм башканы каалады. Ал кезде бийчи болсом деп кыялданчумун. Тартынчаак болгондуктан, менин жакшы бийлей тургандыгымды ата-энем билген деле жок, а сиңдим тартынбастан бийлей бергендиктен, аны бийге беришти.
Жаз келип экзамендерди тапшырып жаткан учурда "Москвага, ГИТИСке кыргыз улан-кыздар кабыл алынат" деген жарыяны окуп калдым. Орус мектептен билим алып кыргызча бир аз такалып сүйлөгөндүктөн, тил жаатында гана азыраак кыйынчылыктар болбосо, дароо эле кабыл алышты. Ошондон кийинки үйдөгү «суук согушту» айтпа. Атам "эч жакка барбайсың, сен тилчи болосуң!" деп чыкты. Мугалимдерим да атама мени мактап, жакшы окугандыгымды айтып Лондонго тажрыйба иштерине жиберерин айтып коюшкан экен. Анын үстүнө ал кезде котормочу деген саналуу, анан да тимеле барктуу болчу да. Ыйлап-сыктап жатып атамды чоң энем менен апамдын жардамы аркылуу араң көндүрүп, "силерден бир тыйын акча сурабайм" деп окууга кеткем. Ошентип, поездде баратып ал жактагы суукту элестетип төөнүн жүнүн сатып алдым да, баргандан кийин өзүмө сонун чепкен токуп алдым. Кышкы пальтом жок болсо да, акча сурабастан чепкендин сыртынан жука пальтомду кийип алып кете берчүмүн.
Жакшы окуп жогорулатылган стипендияга илиндим. Анан жатаканадан анча алыс эмес жерде жайгашкан почтага пол жуугуч болуп орношуп, айына 60 рубль алчумун. Бул менин өзүмө гана эмес, үйдөгүлөргө кийим-кече, кооз идиштен тартып, айлап кезекке туруп жүрүп палас, килем алганга чейин жетчү. Ал эми кийим жагын болсо, менин дагы бир тикмечилик өнөрүм камсыздап турду. Күн алыс жаңы көйнөк тигип алам, кышкысын токуп алам, бир аз убакыттан кийин ал кийимди кайрадан ыдыратып, жибинен башка кийим токуйм. Айтор, кыздар "сенин кийимдериң эле көп, ээ?" деп таң кала беришчү.

"АКТРИСА КЕЛАТАТ" ДЕП ТАШ МЕНЕН УРУШЧУ"
– Чыныгы актриса деген атка конуп, дипломдор колго тийгенден кийин Ош драма театры ачылат деп бизди убактылуу Жалал-Абаддагы Маданият үйүнө жиберишти. Келип түшсөм эле жепирейген үйлөр, кооз, кызыктуу эч нерсе жок, ошондо бир ыйлаганымды айтпа. Бирок тез эле көнүп кеттим. Эртеден-кечке спектаклга болгон даярдыктар, керек болсо түнкү саат үч, төрткө чейин деле жүрө берчүбүз. Кийинчерээк Ош драма театрынын имараты даяр болгон соң ал жакка кеттик. Күндүз бош убактыбыз боло калса, кыздар менен күрөш көргөнү барчубуз. Ал кезде аялдар күрөшкө барышчу эмес. Бизди көрүп алып зоопарктан маймыл көргөндөй эле колдору менен көрсөтүп шыбырашып, жадакалса "актриса келатат" деп балдар таш менен урган күндөр да болгон. Көчөгө, базарга жалгыз чыга алчу эмеспиз. "Чачы кыркылган, кыска юбка, шым кийишет экен" деп жаман көргөндөр да көп болчу.

"КӨЗ ЖАШ ДЕЛЕ КУРГАЙТ ЭКЕН"
– Турмушка быштым, тагдырдын оор, жеңил тараптарын таразамдан өткөрдүм. Мурда өзүм аябай жашык болгондуктан, бирөө каза болсо көп ыйлабай отургандарды көрүп таң кала берчүмүн. Чындыгында, көп кыйынчылык баштан өтүп, турмуштун сыноолоруна кайра- кайра кабыла берсең көз жаш деле кургап калат экен. Азыр мен өзүмдү аквариумда жашаган балыктай сезем. Менин дүйнөм аквариумдун ичи болсо, сырттагы дүйнөгө көз салып гана өзүмчө карап тура берем.
Аздыр-көптүр жашадык, аялзаты катары эне, сүйүктүү жар болдум. Актрисалык жаатта деле артта калгандардан эмесмин. Кинолордо, театр сахнасында бир топ образдарды жарата алдым. Андан тышкары тикмечилик менен да алектенип калам. Кайра куруу жылдары бул өнөрүм мага чоң жардам кылды. Азыр болсо, туугандарга, тааныштарга гана суранган нерсесин тигип берип калам.

"ЖЕКЕ ЖАШООМ ТУУРАЛУУ АЙТЧУ ЭМЕС ЭЛЕМ..."
– Ош драма театрында иштеп жүргөндө белгилүү, таланттуу актёр Имаш Эшимбеков бизге келип иштеп калды. Имашка суктанып, аны жактырбаган айым жок болчу. Сахнада ойноп жатса, акмалап сырттан карап турар элек. Мамилебиз келишип экөөбүз баш кошуп, бирге түтүн булаттык. Кийинчерээк борбордогу Кыргыз драма театрына которулуп келдим, бирок алдын ала Имаш аркылуу Таттыбүбү эжеден уруксат сурагам. Таттыбүбү эже экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы болчу. Гримдөөчү бөлмөдө отурсам, "Жамиля, кандайсың, Имаш таарынткан жокпу?" деп мени менен учурашып өтүп кетчү. Имашка колун кезеп "Жамиляны капа кылба, таарынтпа" деп калар эле эже.
Имаш жашоомдун өзөгү болуп, андан өмүрлүк белекке калган Булана аттуу кыздуу болдук. Тагдырдын буйругу экен, 1992-жылы жүрөк оорусунан Имаш каза болуп калды. Таттыбүбү эже экөөнүн ортосундагы балдары Канат менен Асел да мага өз балдарымдай. Быйыл Жаңы жылда балдар мени чакырып коноктоп, белектерин беришти.
Кызым Булана азыр 34 жашта.
Биздин тегерегибизде бир топ ушак кептер жүрдү, бут тосуулар, суктануулар дегендей, мунун баары жолдошумдун өмүрүн алып тынды. Ошондон кийин эч убакта жеке жашоом тууралуу айткым келбейт.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Cholpon555
2012-01-18 12:17:58
Эженин 63 жашта экендиги мени чынында тан калтырды. Аябай жаш корунот. Шайыр, Жамиля эжелердей жаш корунуш учун театрга иштеш керек окшойт да.
0
Misi
2015-05-02 19:55:56
ушул эжени абдан жакшы кором.
0
№ 480, 13-19-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан