МАРШРУТТУК ТАКСИЛЕР КАГЫЛЫШЫП, 2 КЫЗ КАЗА ТАПТЫ

“Мас болуп автоунаа айдоо бул – өзүн-өзү өлтүрүү” деп коёт эмеспи. Бирок көпчүлүк учурда мас айдоочу өзүнүн эмес, жүргүнчүлөрдүн же көчөдө бара жаткандардын өмүрүнө балта чаап аларын турмуш өзү далилдеп келет. Жакында эле болгон окуя да ошондойлордун биринин катарына кирет.

МАС АЙДООЧУГА ДЕҢИЗ ТИЗЕДЕНБИ?
Узап кеткен жылдын акыркы күндөрүнүн биринде болжол менен саат тогуз жарымдарда Бишкек шаарындагы Дордой жаңы конушунун жанында жол кырсыгы болгон. №128-маршруттук таксинин 38 жаштагы айдоочусу Майрамбек Исаков жумуш аяктагандан кийин Мерседес үлгүсүндөгү кичиавтобусту мас абалында айдап келе жатып, каршы жолго чыгып кетип, №185-маршруттук таксини сүзүп алган. №185-маршруттук такси ошол убакта жүргүнчүлөрү менен келе жаткан. Кагылышуунун натыйжасында 25 жаштагы Акматалы уулу Аскат башкарып келе жаткан Мерседес үлгүсүндөгү кичиавтобус бир нече жүргүнчүлөрү менен кошо оодарылып кетет. Кырсыктын кесепетинен 20-25 жаштардагы, азиат түспөлүндөгү кыз (анын аты-жөнү дале тактала элек) ошол жерде каза болуп, 22 жаштагы Нурбүбү Молдоева жолдо, ооруканага жетпей каза болгон. Дагы 3 жүргүнчү оор жаракат алып, шаардык ооруканаларга жеткизилген. Сокку ушунчалык күчтүү болгондуктан, автоунаа эки ирет оодарылып кетип, бир топ жерге сүрүлүп барган.
Андан да жаманы кээ бир “жорулар” жараат алып, өзүнө келе албай жаткан жүргүнчүлөрдү тоногонго үлгүрүшкөн. 185-маршруттук таксинин айдоочусунун уюлдук телефонун жана жол киреге төлөнгөн акчаларды кимдир бирөөлөр кымтып кеткен. Каза болгон кыздын кулагында наушниги калып, телефону жок болуп чыккан. Мындан сырткары окуя болгон жерден ташталып салынган бир нече сим-карт табылган.

«КИЧИНЕКЕЙ КЫЗ «АПАЛАП» ЫЙЛАП ЖАТЫПТЫР»

Рысбек Абдылдаев, кырсыктын күбөсү:
– Мен 185-мар­шрутканын айдоочусунун жанында туруп келе жаткан элем. Ичинде 7-8 киши бар болчу. Болжол менен саатына 50-60 чакырым ылдамдыкта келе жаткан. Аңгыча болбой эле каршыга чыга калган маршрутканы көрүп калдым. Ал түз бизди көздөй келе жатты, мен темир кармагычты катуу кармай калдым. Биздин маршрутканын айдоочусу четке айдаса да, сүзүп алды. Көз ачып-жумгуча эле биз бараткан маршрутканы капталынан урду, оодарылып кеттик. Эсимди жоготуп коюпмун, эсиме келсем, бир-эки бала мени “тур” деп жатышкан экен. Анан алар мени алдыңкы айнектен сыртка алып чыгышты. Башымдын кээ бир жерлери сыйрылып, бутума айнектин сыныгы кирип кетиптир. Менден кийин бир баланы жана кичинекей кызды алып чыгышты. Алардын акыбалы жакшыдай эле болчу, кичинекей кыз «апалап» ыйлап жаткан. Андан кийин башы-көзү кан болуп таанылгыс болгон эки кызды көтөрүп алып чыгып, жаткырып коюшту. “Тез жардамга” улам-улам эле чалып жатышты, бирок мен жарым сааттай турдум, келген жок. Анан тааныш балдар келип калып, таксиге салып мени үйгө жеткирип коюшту.

«КЫЗЫМ ЖАКЫНДА ДИПЛОМУН АЛМАК...»

Дайырбек Молдоев, кырсыктан каза болгон Нурбүбүнүн атасы:
– Ошол каргашалуу күнү мен жумуштан келип, кичине эс алып алайын деп жаттым эле. Болжол менен саат ондордо келинчегим кыйкырганынан чочуп ойгонуп кеттим. Көрсө, ага бирөө телефон чалып “сиздин кызыңыз жол кырсыгына кабылды, келип көргүлө” деп айтыптыр. Кай жерде болгонун сурасам, андан кичүү кызым эки маршрутканын сүзүшкөнүн көргөн экен, экөөбүз жөнөп кеттик. Барсак, маршрутканын жанында бир кыз жатыптыр, каза болуп калган экен, үстүн жаап коюшуптур. Бетин ачсам, менин кызым эмес. Ал кыздын колдору, бети-башы талкаланып кетиптир. Андан бери чыксам, бир бала “сиздин кызыңыздын телефонубу?” деп кызымдын телефонун көтөрүп келип калды. “Ооба” десем, “бир кызды маршруткадан алып чыктык, абалы оор болчу, жолдо өтүп бара жаткан бирөө “мен врачмын, ооруканага жеткирип коёюн” деп өзүнүн автоунаасына салып кетти. Жакшы болуп кетер. “Тез жардам” да, МАИ да бир сааттан кийин келди. Ага чейин кээ бирлерин ар кайсы машина менен ооруканаларга жөнөттүк, калганын “Тез жардам” алып кетти” деп айтты. Нурбүбүнүн сумкасы чачылып калыптыр, паспорту калып, акчалары жок экен. Кызым жолдо баратып, ооруканага жетпей каза болуптур.
Окуяны ар ким ар кандай айтышууда, кээ биринин айтымында, 185-марштруттук таксинин айдоочусу бир Жигулиден ашып кетүүгө аракет кылып, берки маршруткага урунган. Кандай болгон күндө да сот таза, туура чечим чыгарат деп үмүт кылып жатабыз. Тергөө органдары толук, так териштирип, күнөөлүүнү аныктап, анан жазасын берсе экен деймин. Себеби көптөгөн кылмыштарды бир тараптуу эле чечим чыгарып салып жатпайбы.
Балдарымдын эң улуусу эркек. Нурбүбү төрт кыздын улуусу эле, 1989-жылы Ат-Башы районунда төрөлгөн. Ал төрт жашка чыкканда шаарга көчүп келгенбиз. №5-улуттук гимназияда окуп, 9-классты аяктаганда Искусство колледжине тапшырган. Ал окууну аяктагандан кийин Тоо-кен институтуна экономист кесиби боюнча тапшырып, ушул жылы дипломун алмак. Окуусу менен бирге эле кафелерде официанттан администраторлукка чейин иштеген. Жакында Дубай шаарына да барып иштеп келип, кесиби боюнча жумушка кирмек болуп жаткан, тилегине жетпей калды...

“КАЧСАМ БОЛБОЙ КЕЛИП СҮЗДҮ”

Аскат Акматалы уулу, №185-маршруттук таксинин айдоочусу:
– Мен үч жылдан бери 185-мар­шрутта киши ташып иштейм. Ошол күнү Ак-Бата жаңы конушун көздөй айдап бара жатканмын. Маршрутканын ичинде ондой жүргүнчү бар эле. Айланма жолдо келе жатканымда каршы келе жаткан кичиавтобус жакын калганда кокусунан мен жакты көздөй буруп жиберди. Кагылышуудан качып, жолдун чекесин көздөй бурдум. Бирок ал маршрутка өтө ылдам келе жаткандыктан, менин маршруткамдын капталынан келип сүздү. Катуу соккудан мен башкарып келе жаткан маршрутка эки оодарылып кетти. Колум сынып кетиптир. Эптеп тырбалаңдап сыртка чыксам, бизди сүзгөн маршрутканын айдоочусу айдап кеткенге аракет кылып жатыптыр. Чуркап барып, машинасынын ачкычын алып койдук. Ал ошол убакта өтө мас абалда экен. Каза болгон кызды мен көтөрүп чыктым.
Унаамдан киши каза болгондон кийин мындан ары жүргүнчү ташуучу унааларды айдабайм деп чечтим.

“АВТОКЫРСЫКТАН 2 АДАМ КАЗА БОЛГОН”

Чүй ОИББинин маалымат кызматынын башчысы Карима Аманкулова:
– Өткөн жылдын 26-декабрында Дордой жаңы конушунун жанындагы айланма жолдо эки маршруттук кичиавтобус сүзүшүп кеткен. Автокырсыктын кесепетинен эки киши каза болуп, үчөө оор абалында Бишкек шаарынын аймактык ооруканаларына жеткирилген. Мас абалында унаа айдап, сүзүп алган Майрамбек Исаковдун үстүнөн Аламүдүн
РИИБинин Тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 281-беренесинин (Транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу) 3-бөлүмү (бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе) боюнча кылмыш иши козголгон (7 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат). Учурда Майрамбек Исаков СИЗОдо. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Кээде элден “маршруткаларга чыкка­ныңда айдоочунун айдаганын көрүп коркуп кетесиң, алар картошка жүктөлгөн арабаны айдаган жок да. Алардын колунда канчалаган жүргүнчүлөрдүн өмүрү турат” деп айтып калышат. Чынында эле ар бир айдоочу бардык кылгандарына жооп бериши керек. Айдоочу жоопкерчиликти алып, унаа башкарып бара жаткандан кийин өзүнүн эле эмес, башкалардын да өмүрү өзүнүн колунда экендигин унутпаса.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маршруттук таксилер кагылышып, 2 кыз каза тапты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
Letty
2012-01-19 00:56:42
тушуп кетип калдык.ГАИ келди бат эле, ал эми жабыркаган элди эч ким караган да жок. Эки айдоочу тен тушуп эле машиналарын карашты...
0
akylbekkg
2012-01-19 09:41:15
Жаткан жери жайлуу болсун!Кырсыкты кайдан деп болбойт эмеспи!
0
supeeri
2012-01-19 17:12:09
Кандай гана кунго калдык,качан башка мамлектердей жетишебиз жок дегенде скориге,пожарниге,ии ошон учун да Кыргзстана баргым келбейт да.Менин иним Москвада кату ооруп калды жотолуп темпаратурасы 39,40 чыгып кети аябай кыйналды скори чакырдым тез эле келишип текшерип эмне ушунча кыйналса да чакырбадынар деп урушту бизди 1жума жаты больницада 3 кун дегенде темпаратурасыны тушуро алышыптыр.Ошентип атай болуп айыгып чыкты бир тыйын сурашкан жок ал малекетке карайт экен.Мынча жакшы деп караган врачтар
0
Iskender-01
2012-01-19 19:26:47
Маршрутка айдагандарды жана машинелерин каттуу контролго алыш керек. Кообу эле право сатып алып, эч кандай тажрибасы жок болсо деле марштрута айдап алышат. А машинелеринин абалы отто начар. Отургучтары абдан таар жана ынгайсыз. Качанга чейин беш тыйын учун адамдардын омурун корчунучка салабыз?
Мэрия частный маршруткалар учун лимит коюш керек. Алардын техникалык абалын текшеруудон откошуз керек. Ал талапка жооп бербеген маршруткаларды штраф салыш керек!
0
Iskender-01
2012-01-19 19:30:45
Андан тышкары бара бара маршруткаларды азайтып, алардын ордуна коп орундук атайын адам ташуучу автобустарды жана троллейбустардын санын кобойтуш керек.
0
miki98
2012-01-20 12:22:32
жаман иш болуптур Суперчилер екинчи кызды таптынарбы ким екенин.издешкиле силерда кийинки санында айтып койгулачы ким екенин.скорий мм-н Гаини жазалаш керек баарынан скорийди.Бабанов кыйын чыгып жататко Молодец.Бабановго кайрылат елем Скорийдин башчысында иштен алыш керк. ошондо биздин скорийлер оз убагында келишет атак аларга баарибир олуп жатсанда. кулуп шашпай жай келишет.103ко чалсан ой кыйкырбай акырын суйло жанын чыгып баратса дагы дегендечи проста .аларды козомолдогон еч ким жокда.
0
miki98
2012-01-20 12:24:13
Бабанов ошолорду карап койчу 1 2 сун иштен алчы пожалуйста.
0
miki98
2012-01-20 12:26:29
Кыргызстандын скорийи тупиктер бааары Россияда чакырсан 6 секунда келетко чиркиндер.
0
applemac
2012-01-20 15:05:43
москвада 6секунда келбесин чакырган граждандарын барып арыз жазат алардын устунон, ошол скорый чакырган адамдардын телефонунда калды да кайсы убакта звонтеткендери и канча жолу экени, ал эми скорыйдын диспетчеринде бардык чалуулар диктофонго жазылат алар аны очуруп салалбайт, демек алардын куноосун жон эле ошол жердеги куболор аркылуу тактап жоопко тартса болот, чондорго эле жалдырабай барып арыз жазгыла демекчимин. карапайым эл оз укугун билип курошпосо эч качан германиядай же россиядай болбойт
0
Mondur
2012-01-20 19:13:02
Бироонун ажалы орттон болсо,бироонуку суудан болот дешет,кээ бириники моминтип...аябай окунучтуу,байкуш кыз наушник угуууп баратып эле о дуйно кетебериптир да..бейиши болсун ылайым..ата-энелерине Кудай сабыр берсин.Кырсык айтып келбейт деген ушу..
0
ergazy.kgz
2012-01-21 11:36:34
скорая тезирээк келгенде бирөөсү каза болбой калабы эле вооще көзүм жетпейт да ушу биздин скораяга жаткан жерлери жайлуу болсун
0
shkaf
2012-01-21 20:57:49
баарына жаман болду...бири кызын жоготту, бири турмого кесилет, бири ооруканада,дагы бири жараат алды, стресс депреесия..ушунун баары бир эле нерседен келип чыкты-АРАК
0
ai-aiko
2012-02-02 15:11:21
Аркалары кайрылуу болсун! Эми мындай окуядан кийин биздин маршруттук таксилерибиздин айдоочулары жол эрежелерин сакташаар, кичине болсо да... Ал эми тез жардам кызматкерлерине жол болсун! Жаштар келечек биздин колубузда, коп тукурсо кол болот, Кыргызстандын келечеги биздин колубузда. Раззаков айткандай сен таза болсон,мен таза болсом коом таза болот. Демек достор алгач озубуздун ар-намысыбыз (совесть) менен достошолу....
0
ainura_perm
2012-02-11 02:53:13
байкушум Нурбубу кете бердин он гулундун бир гулу ачыла электе жарык дуйнодон коз жумуп...сени эстеп кухняда ыйлап жатам..эми агентке да кире албайсын байкуш.жаткан жерин жайлуу болсун!..тиги шофёрдун жанында бараткан байке да салондогуларга бакырып койсо болот элего "каттуу кармангыла"деп.тиги шофер да арагын уйуно барып ичкиче олуп баратты беле жумуркасы куурап?!..
0
sveet
2012-02-27 04:55:24
bizde militsiyasi da tez jardamida birdei takir ishtespeyt kishi olup kalsada kiymildashpayt kyrgystandyn jetishkendikteri ushul
0
№ 480, 13-19-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан