РУСЛАН CЫДЫКОВ: “Футболчу болбосом, боксчу болмокмун”

  • Сыдыков Руслан Жумабаевич 1975-жылы 4-январда Фрунзеде төрөлгөн.
  • Бою – 190 сантиметр, салмагы – 84 килограмм.
  • Футбол боюнча КРнын 8 жолку чемпиону жана 4 жолку кубогунун ээси, АФКнын президентинин кубогунун 2 жолку жеңүүчүсү, 3 жолку КРнын “Жылдын мыкты футболчусу” жана 8 жолку “Мыкты коргоочусу” наамынын ээси, ИИМдин капитаны.
  • Командадагы номуру – «4».
  • “Дордой-Динамого” чейин “Алай” (Ош) жана “Динамо” (Бишкек) командалары менен ийгиликтерге жетишкен.
  • ИИМдин Академиясын бүтүргөн.
  • Үйбүлөлүү. Эки кыз, бир уулдун атасы.
  • Учурда Кантта жашайт.

Алгачкы кадамдар

Атамдын жумушуна байланыштуу үйбүлөбүз менен көчүп жүрүп, балалыгым Ош шаарында өткөн. Үйбүлөдө үч эркектин эң кенжесимин. Эки агамды чоң энем багып алгандыктан, жалгыз өскөм. Бир топ эле эрке болгом десем болот. Футболго кызыгып калышыма коңшу балдар себепчи болгон. Мектепке бара электе эле аларга кошулуп короону чаңдатып футбол ойночубуз. Алардын арасында эң жашы мен болгондуктан, дайыма дарбазачы болчумун.

Кызыгы, башында футбол секциясына барсам, «орун жок» деп албай коюшкан. Ошондо спортко аябай кызыккандыктан, “биринен чыкпасам, башкасынан чыгам” деп бокс секциясына кирип кеткем. Бирок аз убакыттан кийин чогуу топ тээп жүргөн балдардан алыстай албай, кайрадан футбол менен алектенип баштадым. Ал эми бокс боюнча машыктыруучум: “Футболду эмне кыласың? Кыргызстанда анын келечеги жок”,- деп чакырып жүрдү. Айтор, футболчу болуу буюрган экен. Азыр «эгерде футболчу болбосом, боксчу болмокмун» деп коём.

Футболдун сырларын жаш кезимде алгачкы машыктыруучум Рашид Ахмедгалиевден үйрөнгөм. Кийинчерээк “Алайдын” курамында ойноп жүргөндөгү Варпаховский Виталий Ефимовичти да устатым деп билем. Чоң футболдогу дебютумду 17 жашымда ошол “Алайдын” курамында жасагам. Ошондо Кыргызстандын кубогу үчүн “Ротор” командасын 4:0 эсебинде жеңип чыкканбыз.

Жеке жашоо

Келинчегим Нуржан менен кол кармашып жашап жатканыбызга 8 жыл болду. Шаим, Бегимай аттуу кыздарыбызды жана Аскат деген уулубузду тарбиялап өстүрүп жатабыз. Экөөбүздү карындашым тааныштырган. Ага бир көргөндө эле ашык болуп, үйлөнөм дегем. Сүйлөшүп жүрүп, “бүгүн туулган күнүм эле” деп үйгө чакырып, апам жоолук салып койгон. Ал мени ар тараптан колдоп турат. Ага ишенгендигимден машыгууларда, мелдештерде болуп, кээде көп күн үйдө болбой калсам да, дайыма көңүлүм ток жүрөт.

Алгач Шериктештик кубогундагы оюндар тууралуу өзүңүздөн кененирээк уксак. Тайпалык баскычты багындыра албаганыңыздардын себеби эмнеде?
– Быйыл жетекчилик тарабынан тайпадан озуп чыгуу максаты коюлгандыктан, чындыгында олуттуу даярдыктарды көрдүк. Москвага мелдештен бир жума мурда барып, ал жактын аба ырайына көнүп, бир нече орусиялык командалар менен жолдоштук беттештерин өткөрүүгө да жетиштик. Мелдеш боюнча айтсам, алгачкы эле оюнда тайпада көч башы болгон азербайжандык “Интер” менен тең чыгып, тайпадан чыгуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болгон элек. Бирок кийинки латвиялык “Вентспилс” менен болгон оюнда ийгилик атаандаштарыбыздын тарабында болду. Жеңишти соңку мүнөттөрдө тарттырып жибергенибиз аябай өкүнүчтүү болду. Дарбазабызга гол киргенде жаман түш көргөндөй болдум. Эми спорт деген ушундай да. Кээде футболдук фортунанын жылмаюусу абдан зарыл болуп калат. Атын айтпай эле коёюн, бир оюнчубуз ката кетирбегенде, балким, алар гол киргизе алышмак эмес. Анан финляндиялык “Интерди” утуп, мелдешти андан ары улантмакпыз. Натыйжада, биз, оюнчулар же акчадан жок, же атактан жок калдык. Башкысы, Кыргызстанга жеңиш тартуулай албасак да, биз КМШда күчтүү делген командалар менен тең күрөш оюн көрсөтө алдык. Алар эми мурдагыдан айырмаланып, кыргызстандык команда менен эсептешип калышты.

Коргоочулук амплуаны өзүңүз тандап алгансызбы?
– Коргоочу болуп калышыма боюмдун узундугунун таасири бар. Бала кезде Рашид агай жарым коргоочулукка койчу. Анткени чыдамкай болчумун. Майданда жарым коргоочу чабуулга да, коргонууга да жетишип туруусу зарыл. Андыктан ал үчүн физикалык жактан күчтүү болуусу керек. Кийинчерээк боюмдун узундугун жана башка сапаттарымды эске алып, коргоочу болууга туура келди. Атамдын бою узун болгондуктан, бала кезимден эле узунмун. Дене тарбия сабагында дайыма биринчи турчумун.

– Эсте калган беттешиңиз...
1997-жылы “Франция-1998дин” тандап алуу оюнунда Иранга каршы оюнубуз унутулгус беттештерден болгон. Тегерандагы 110 миң кишилик атактуу Азади (персчеден которгондо «эркиндик») стадиону элдин көптүгүнөн толуп-ташкан. Чогулган күйөрмандардын ызы-чуусунан калыс жаныбызда эле жүрүп ышкырса угулбайт. Ошондо атактуу Али Даеиге каршы ойногом. Биринчи таймдан кийин 1:1 эсебинде тең чыгып, аягында 3:1ге жеңилгенбиз. Ошол жылдары ирандыктар катуу чыгышкан эле. Кийинчерээк Дүйнө чемпиондугунда бир жеңишке жетишишкен эле.

– Учурда өлкөбүздө башкы командаларды чет элдик адистер машыктырышууда. Өзүбүздө татыктуу машыктыруучулар жокпу?
– Бизде тажрыйбалуу машыктыруучулар бар. Ал эми чет элдик адистерди чакыруудагы башкы максат тажрыйба алмашуу болуп саналат. Мындай көрүнүш азыр бардык өлкөлөрдө болуп жатпайбы.

– Ошондой эле күйөрмандардын “Дордойдогу” көп сандаган легионерлердин биздин футболчулардан айырмасы жок. Бекер эле акча кетирбестен, өзүбүздүн футболчуларга басым жасасак болмок” деген пикирлерине көз карашыңыз...
– Туура. Мындай пикирге кошулам. Менимче, легионерлерден бир гана Дэвид мыкты оюн көрсөтүүдө. Калгандарынын деңгээли биздин эле футболчулардай. Эгерде чет элден легионер алса, ал жок дегенде жергиликтүү футболчулардан бир тепкичке жогору болуш керек деп ойлойм.

– “Дордойдун” ийгилигинин сыры эмнеде?
– Жакшы каржылоо, анын аркасында жүргүзүлүп жаткан ийгиликтүү селекциялык иштерден тышкары командадагы жеңүүчүлүк духту баса белгилеп кетмекчимин. “Дордойго” мурдагы күчтүү командалардын оюнчулары келип кошулган. Алар башынан эле жеңип жүргөн оюнчулар.

– Жаштар менен атаандашуу кыйын болуп баратса керек, ээ?
– Чынын айтканда, мен айрым жаш футболчуларга караганда көп чуркайм. Мына Шериктештик кубогунда 3 оюнда тең толугу менен ойнодум. Ооба, жаш курак чоң мааниге ээ жана карьерам да аяктап баратат. Футболдон кийин, мүмкүн, машыктыруучулук менен алектенем, мүмкүн, кесибим боюнча Ички иштер органында кызмат өтөйм. Бирок так айта албайм. Дагы бир сезон ойноюнчу, анан ойлоном.

– Кыргызстан качан Дүйнө чемпиондугуна катышат деп ойлойсуз?
– Бизде талант жагынан маселе жок. Болгону, колдоонун жогунан алардын өсүүсү орто жолдон токтоп калууда. Ал үчүн мамлекет тарабынан атайын колдоо керек. Мен Кыргызстандын Дүйнө чемпиондугуна катышарына ишенем. Мүмкүн, ага кеминде 10 жыл бардыр.

Эл билбеген сырларынан...

  • 4 санын жактырат. Ошондуктан “Дордойдо” да, курама командада да ушул сан жазылган майкени кийип ойнойт.
  • Күйөрмандык кылган командасы – “Милан” (Италия), жактырган футболчусу – Паоло Мальдини (“Милан”).
  • Голдорунун 90 пайызын башы менен киргизген.
  • Гол киргизгенде өтө деле эмоцияга алдырбайт. Жөн гана оң колун көтөрүп, бир кыйкырып алып, командалаштарын көздөй чуркоону адат кылган.
  • Үйбүлөсү менен таза абага, жаратылышка чыгып эс алганды жактырат. Ошондой эле машыгуудан кийин машина айдоодон рахат алат.
  • Былтыр КРнын чемпиондугунда «Кант-77» командасынын дарбазасына киргизген голун маанилүү деп эсептейт.

Акыркы жолу...

– Мас болгонуңуз...
– Жаңы жылда бир бокал шампан ичип.
– Белек бергениңиз...
– Москвадан балама ЦСКАнын күйөрмандары кийген тумак менен моюн орогуч сатып келдим.
– Качан дискотекага бардыңыз эле?
– Былтыр чемпион болгонубузда командалаштар менен бирге “Плантинумга” баргам.
– Качан тамак жасадыңыз эле?
–Үйлөнгөндөн бери жасай элекмин.
– Карызга качан акча алгансыз?
– Жакында акча керек болуп калып, Замир Жумагуловдон 200 доллар алгам.
– Ыйлаганыңыз...
– Эсимде жок. Бала кезде болсо керек.
– Эмне жоготтуңуз?
– Эч нерсе жоготкон жокмун. Болгону, оюн талаасында жеңиштер жоголуп баратат...

Базарбек Абдураимов.
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 326, 30-январь - 5-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан