«Күттүм сени», «Кеттиң кайда?» деген ырларды сыздап ырдаган Сапар Эркебаевдин шоу-бизнеске аралашканына 5 жылдын жүзү болуптур. Болгонун болгондой бетке айтмай мүнөзү бар ырчы Сапар бүгүн биздин төрүбүздө чыгармачылыгы, жеке жашоосу жана башка кызыктуу учурлары тууралуу жылуу маек куруп берди.
"ҮЙДӨГҮ КӨҢДҮ КУЮП, АНАН МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙГА ТАПШЫРГАМ"
– Киндик кан тамган жерим – Ош облусунун Баш-Булак айылы. Булактын башы биздин айылдан башталгандыктан, Баш-Булак деп аталып калган. Атырылган булагынын суусун ичип, боз чаңын жутуп ушул айылда төрөлдүм, өстүм, чоңойдум, окудум, дос күттүм. Үй-бүлөдө алты бир тууганбыз, мен эркектерден эң кичүүсүмүн. Атам – айдоочу, апам – эсепчи. Учурда экөө тең үйдө бактылуу карылыктын доорун сүрүшүүдө. Музыкага болгон шыгым бала кезде эле ойгонгон. Атам комузда ойноп, апам ырдап, байкем гитарада ойноп калчу. Атам комуз чертип жоро-жолдоштору менен ырдап отурса, закускесин мен кармап турар элем. Мектепте активдүү болбосом да, жаңы жылдык кечелерде ырдачумун. 7-классымда эптеп гитара черткенди үйрөнүп алып кыңылдап ырдап жүрдүм.
Окууну аяктаган соң Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык училищеге тапшырам деп камданып алгам. Байкем "көң куюп анан кетесиң" деп жибербей койду. Айылда малдын кыгын жерге куюп, анан күнгө кургаган тезектерди кышында отун кылып жакчубуз да. Ошол жолдун жээгиндеги бир жылдык топтолгон көңдү куюп коюп анан кеткем. Ошентип, музыкалык училищеге тапшырып өтүп кеттим. Ошол окуу жайда Роза Шакирова, Сема, Алишер Тоотаевдер да окушчу эле. Мен ойлогом, барып алып кечке гитара чертип, каалаганча жүрө берет экенмин деп. Көрсө, такыр башкача экен. Азыркы халтура менен классиканын айырмасы асман менен жердей эле болот турбайбы. Ал жакта жалгыз эмес, хордо, болгондо да жалаң классикалык ырларды ырдайт экенсиң. Ошентип, окуумду эптеп бүтүргөм.
"МИРБЕКТИН ЫРЫН УГУП КАТКЫРГАН ЭЛЕК"
– Окуумду аяктагандан кийин мени Бишкекте иштеген тааныштарым «бул жакта өзбекче ырлар аябай популярдуу болуп жатат, келип ырдап иштебейсиңби» деп чакырышкан. Чынында, мен өзбекче жакшы ырдачумун. Келип «Дасмияда» иштедим. Ошондо бул жактагылардын көбү англисче, орусча ырдаганына аябай таң калгам, кийин мен да орусча, англисче ырдаганга өтпөдүмбү. Ошондо Мирбек, Ильяздар жаңы чыгып келатышкан болчу. Биз алгач Мирбектин «Сени гана» деген ырын угуп алып каткырган элек. Айрыкча «мээримиңе чөмүлүп» деген сөзүнө аябай күлгөнбүз, «ушундай да сөз барбы?» деп. Анан эле радиолордон берилип, хит болуп кетиптир. Ошондо биз дагы «ээ, биз деле ырдап чыксак болот турбайбы» дей баштадык.
"АРТЫК, САПАР ДУЭТИНИН ӨМҮРҮ КЫСКА БОЛДУ"
– Ошентип, кафеде иштеп жүргөн күндөрдүн биринде Артык байке менен таанышып калдым. Мен иштеген кафеге Артык байке келип, атайын Эрос Рамаццоттинин, Панайотовдун ырларын ырдатып угуп кетчү. Бир күнү ал мага «сенин үнүң жакшы, чогуу ырдабайлыбы?» деген сунушун айтты. Мен макул болуп, 2006-жылы Артык жана Сапар дуэтин түзүп, «Атага кат» деген ырыбыз менен эл оозуна алындык.
Бир ырды ырдап чыгуу аябай чоң түйшүк экен. Мен Артык байкеге «ушинтип кыйналгандан көрө кафеде эле иштегеним жакшы экен» деп айтып жүрүп Дана эже менен таанышып, ал биздин продюсерибиз болуп калды. Бирок биздин дуэттин өмүрү узун болбоду. Артык байке менен Дана эженин ортосундагы келишпестиктерден улам дуэт ыдырап, мен Дана эже менен калдым. Артык байке азыркыга чейин «Сапар менин артымдан чыккан» деп айтат экен. Эл арасында «Султан Садыралиевди Замир Арыкбаев чыгарган» деген да кеп бар. Чынында эле ошол кезде Замир байке ырчы катары таанылып калган болчу. Ал эми Артык байкени эч ким деле таанычу эмес да, экөөбүз чогуу эле чыкканбыз. Кээде ушундай сөздөрдү угуп алып кыжырың келет.
"АЯЛЫМ ТУУРАЛУУ СӨЗ КЫЛГЫМ ДА КЕЛБЕЙТ"
– 2007-жылы Мунара деген кызга үйлөнгөн элем. Ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам экөөбүз эки айрым жолго түштүк. Ал тууралуу сөз кылгым да келбейт. Ортобузда 4 жаштагы кызыбыз бар. Кызым экөөбүз чоң адамдай сүйлөшөбүз. Кызым менен катташып, жардамдашып турам. Буюрса, алдыңкы пландарымда үйлөнүп, бала-чакалуу болуп, Ала-Тоо конушундагы жер тилкеме там салуу тилектерим бар.
Шоу-бизнес чөйрөсүнө аралашканыма билинбей эле 5 жыл болуп кетиптир. Бул жылдар аралыгында канча көңүл калуу, бут тосууларга дуушар болдум. Бирок мындай сыноолор башка түшкөн сайын чыйралат экенсиң. Айрыкча дуэт ырдагандан жолдуу эмесмин, көбү менен тил табыша албай жаттым. Айжамал менен «Күттүм сени» ырынын клибин тартып жатканда да бир аз таарынышып кеттик. Артык байке менен болгон ажырымды баары эле билишсе керек. Ушундан кийин дуэтсиз эле жалгыз ырдап чыксамбы деп калдым же мага ушундай адамдар туш келеби билбейм.
Азыр материалдык байлыгым катары үн жаздыруучу студиям бар. Жакшы үнү бар, таланттуу ырчыларга аранжировка жасайм. Студияма Султан «ыр жазбайлыбы» деп баш багып калганда экөөбүз ырды баштап коюп бакылдашып отуруп эле убакыттын кантип өткөнүн билбей калабыз. Анан эле Султан кетип, ошол бойдон жоголуп кетет. Мен болсо бирөө ыр жаздырганы келгенде Султандын бүтө элек ырын толук бүтүрүп сатып жиберем. Кийин ырды угуп алып Султан капа болуп калат.
Продюсерим Дана эже менен таарынышып эки жылдай иштешпей жүрүп кайра бири-бирибизди түшүнүшүп, эми чогуу иштей баштадык. Айрымдар айтып калышат, «кайгылуу ырларды көп ырдайсың» деп. Негизи, мен лирикалык ырларга жакынмын. Машинада баратсам да ошондой ырларды угам. Ойлоп калам, акын болсом такыр эле маанайды түшүрүп, ыйлаткан ырларды жазсам керек эле.
"МЕНИ КАМАТЫП ЖИБЕРЕБИ ДЕП КОРКТУМ"
– Эсимде, 7 же 8 жашар чагымда үйдө тереңдиги 7 метрлик кудук бар эле. Өзүм балыктарды аябай жакшы көрөм. Бир күнү балык карайм деп ошол кудукка түшүп кеткем, бирок ичинде суу аз эле болчу. Билинбей эле көзүмдү кокустатып алыпмын. Ошондо ыйлаганымды айтпа, «сокур болуп калдым эле, сокур болуп калдым» деп өксүп жатам. Кошуналар келип «и-и, көзү жакшы бекен?» деп сураган сайын ыйлайм десең, «мен сокур болуп калдым» деп. Көзү азиз Акыл деген киши бар эле. «Эми Акыл байкедей болуп каламбы?» деп да ыйлагам. Врачка алпарышса, ага да ыйлай берипмин, аябай коркуп калсам керек. Азыр эстеп алып жылмайып калам.
Дагы бир коркконум, силердин гезиттин «Тамаша торуна» түшкөндө жаман болдум. «Камералар турса бул атайын уюштурулган окшойт, мени каматып жибереби?..» деген да ойлор келген. Көрсө, тамаша турбайбы. Актриса кызыңар, чынында, күчтүү экен.
Лунара Бекиева
star@super.kg