Жыл аяктаарда Алина Жетигенова кызы Азелди турмушка берип, күйөө балалуу болуп кубанса, жаңырган жылда сиңдиси Назира Жетигенова күйөө балалуу болуп маңдайы жарылды. Баарыбызды күлкү менен сугарган куудул Назира улуу кызы Айперини Рамин аттуу жигитке күйөөгө узатып, бир ыйлап алганын айтат. “Күйөө баламда алты улуттун каны бар. 3-январда кызымды үйдөн алып кетишти. Эми эки айдан кийин той болот” дейт кайнене болгон куудул айым.