«Ар бир ырым, кадамым кыргыз үчүн» деп патриоттук ырларга басым жасаган этноакын Тата Улан «бийликтегилерге нааразымын» дейт. “Паспортто улуту дегенди алып салып, баарыбыз кыргызстандык болобуз деген мыйзам чыгарабыз” дегендерге жиним келип жатат. Бул өтө туура эмес нерсе. Себеби Казакстан, Орусияда деле канча деген улуттар жашайт, бирок улут дегенди алып салышкан жок. Бизде бул нерсени жоюу бул – кыргызды жок кылуу дегендик. Мындай кылсак, 50 жылдан кийин кыргыз деген улут, мамлекет жоголот. Эгер ушул маселе боюнча митинг уюштурулса, катышууга мен да даярмын. Эртеңки күнү деле балаң кыргыз деп аталбай калса ичиң ачышабы? Улуту жок деген бул – Америка да. Мен элимдин жоголуусун каалабайм” деп күйүп-бышып, керек болсо пикетке да чыгууга даярданып жатканын билдирди.