Данияр Тербишалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: «ООБА, МЕНИН АМБИЦИЯМ КҮЧТҮҮ»

Айтылуу 7-апрелдин шарапаты менен Ак үйдү аттап, учурда Жогорку Кеңештеги КСДПнын трибуначыл депутатына айланган Данияр Тербишалиев бул жолку бейне төрүбүздө конок. «Кышкы эс алууну лыжа тээп өткөрдүм» деген эл өкүлүнүн иш бөлмөсүндө бир саатка жакын кызыктуу маек орун алды.

ТЕРБИШАЛИЕВ ДАНИЯР ӨМҮРЗАКОВИЧ

  • 1981-жылы 20-майда Бишкек шаарында төрөлгөн.
  • Жогорку билимдүү. 2003-жылы Бишкек гуманитардык университетинин саясат таануу факультетин бүтүргөн.
  • 2007-2008-жылдары орусиялык «РИНЭК» компаниясынын директору болуп иштеген.
  • Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы.

– Данияр мырза, бала кезден бери карай сөз баштасак, кайсы жерде төрөлүп-өскөнсүз?
– Мен Бишкек шаарында төрөлгөм. Кийинчерээк үй-бүлөбүз менен Ысык-Көлгө көчүп барып, балалыгым 8-класска чейин Булан-Сөгөттү айылында өттү. Кадимкидей эле айыл турмушуна аралашып өстүм. Ата-энем мени «японский принцип» менен тарбиялады. Бир да жолу катуу тилдеп, мага колун көтөрүшкөн эмес. Муну азыр да атам айтып калат. Экөө тең интеллигент адамдар болгондуктан, бирде катуу айтса, кээде акырын түшүндүрүп, кыскасы, тарбияны сөз менен гана беришти. Эркелигим да бар болчу.
Апамдын кесиби врач. Көп жылдар бою ошол айылдагы «Аврора» пансионатында башкы дарыгер болуп иштеп, тилекке каршы, 1994-жылы дүйнөдөн өтүп кетти. Ал кезде мен 13 жашта болчумун. Атам – математика мугалими. Ысык-Көлдүн Темировка айылындагы Кесиптик-техникалык окуу жайынын директорунун орун басары болуп эмгектенип жүрүп, ошол жактан пенсияга чыкты. Кийин Бишкекке келип, окууну шаарыбыздагы №60-мектептен бүттүм.
– Студенттик курагыңызда КВН команда курап, аны жетектеп жүргөнсүз. Чыгармачыл адамга саясатта оңой болбосо керек?
– Ооба, 1998-жылы Бишкек гуманитардык университетине тапшырып, бир жылдан кийин студент балдар менен бирге «Парадокс» деген КВН команда түзгөнбүз. Ал кезде КВН жаңыдан күч алып келе жаткан учур болчу. 2000-жылы Кыргызстан боюнча 1-орунду алып, 2001-жылы биз Кыргызстандын атынан биринчи жолу Сочи шаарына, Александр Масляковдун Лигасына барып катышып, өз өнөрүбүздү көрсөтүп келгенбиз. Ал кезди азыр эстесем, укмуш күндөр өткөн экен. Ошондой эле көптөгөн сынактарга катышып, университеттеги бардык иш-чара, концерттерди уюштуруп, алпаруучу болуп да жүрдүм. Кезинде университетибиздин президенти да болдум, айтор, анын баары жүрөктө сакталып калды.
– Алпаруучу демекчи, бир жылдары тележурналист болуп да иштеген экенсиз...
– «Мир» телекомпаниясына журналист болуп орношуп, жарым жылдай иштедим. Съёмкаларга чыгып сюжет даярдап, алпаруучу да болуп көрдүм. Негизи, журналист болуп иштей берет болчумун, бирок чынын айтыш керек, балалуу болгондон кийин каражат жагынан бир аз кыйналдым. Ошого байланыштуу ал жумушумдан кетип, бир жеке компанияга директор болуп орношком. Ошондон тарта бизнес менен алектене баштадым. Эгерде депутаттыктан кетип калсам, 3-4 жылдан кийин, балким, кайрадан журналист болуп иштесемби деген ойлор бар.
– Жубайыңызды сыртынан байкаштырып жүрүп, анан «илип» кеткенсизби же бир көрүп, биротоло сүйүү болгонбу?
– Келинчегим менен мындан 13 жыл мурун Ысык-Көлдөн таанышкам. Кыз-жигит катары беш жыл сүйлөшүп жүрүп анан баш кошконбуз. Кесиби боюнча менеджер, бирок азыр балдарды карап үйдө. Ортобузда бир уул, бир кызыбыз бар. Үй-бүлөдө же эркек, же аял сөзсүз түрдө балдардын жанында болуп, аларга тарбия бериши керек. Эгер экөө тең жумуш деп кетип балдарга көңүл бурулбай калса, алардын калыптанышына терс таасирин тийгизет.
– Кээде таарыныша кеткен учурлар болот го, андайда ким биринчи болуп сөз баштайт?
– Кээде катуу сөз айтып келинчегимди таарынтып алам, кээде мен ага таарынам. Эгер мен өзүм ката кетирип койгон болсом, андан кечирим сурап киного ээрчитип барам же көңүлүнө жаккан бир нерсе сатып берем. Эгер ал күнөөлүү болсо, өзү келип кечирим сурап, бетимден өөп дегендей, ошентип, аягында баары бир туура чечимге келебиз. Негизи, жубайлар кечиримдүү болушу керек, ансыз деле турмуш татаал нерсе, анан кечирбейм деп эле тултуюп жүрө берген болбойт.
– Сизди «саясий тажрыйбасы жетиштүү эмес, парламентте көбүнчө жогоркулардын буйругу боюнча гана кыйын сүйлөйт» деп сындап келишет. Мунун чындыгы барбы?
– Мен 5 жыл саясат таануу адистиги боюнча билим алгам. Ошондой эле саясат, геосаясат, ошол эле конфликтология боюнча көптөгөн китептерди окуп чыккам. Ошондуктан саясат жаатында менде абдан чоң түшүнүк бар. Мен айтат элем, менин деңгээлим бар. Айрымдар «партиянын же айрым адамдардын сөзүн сүйлөп жатат» деп ойлошу мүмкүн. Мен сүйлөгөн кезде, биринчиден, сөзсүз биздин жарандардын кызыкчылыгын коргоп сүйлөйм. Экинчиден, КСДПнын мүчөсү болгон соң партиянын принциптерин, анын саясатын колдоп сүйлөйм. Үчүнчүдөн, менин билдирүүлөрүм – жалаң гана өзүмдүн позицияларым. Андыктан мага эч ким «сен тигинин же мунун сөзүн сүйлөп жатасың» деп айта албайт.
– Жогорку Кеңеште фракциянын кызыкчылыгы деп адамдык позицияңызга каршы келген чечимдерге добуш берген учур болду беле?
– Көп эле жолу болгон. Мен өз позициямды ар дайым ачык айтып, коргоп келем. Ал эми фракция кандайдыр бир чечим кабыл алгандан кийин биз сөзсүз көпчүлүккө баш ийишибиз керек да. Бардык айтчу сөздү фракциянын ичинде айтып алып, жыйынга келгенде унчукпай отуруу керек болот.
– Депутаттар кабыл алган мыйзамга ылайык, казино, оюн автоматтары 1-январдан тарта жабылышы керек болчу. Бирок көпчүлүгү дагы эле иштеп жатат. Айрымдар «муну кээ бир депутаттар өздөрү калкалап турушат» дешүүдө. Казинолордун толук жабыларына көзүңүз жетеби?
– Бул өзү шашылыш кабыл алынган мыйзам болуп калды. Жакшылап изилдеп, эл аралык тажрыйбага таянып, анан бир чечимге келсек деле болмок. Баарыбыз көрүп жатабыз, азыр казино менен оюн автоматтары аталышын өзгөртүп алып эле иштеп жатышпайбы. Себеби нормативдик база аягына чейин иштелип чыккан эмес. Балким, кумарканалар көмүскөгө кирип кетиши да мүмкүн. Менимче, баарын жаап салбай, атайын бир аймак түзүп, ошол жерге көчүрүп салсак жакшы болмок. Бир мисал, мен кышкы каникулда Караколдогу лыжа базасына барып эс алып келдим. Ошол жерге Орусия, Казакстандан, башка чет өлкөлөрдөн көптөгөн туристтер келишти. Бирок Каракол шаарында кечинде барып атайын эс ала турган жайлар жок. Туристтер түнү менен эле мейманканада отура бербей, башка жерлерге барып акча короткусу келет да, туурабы? Ошолорго шарт түзүп беришибиз зарыл. Жакшынакай кафелерди, мейманканаларды, дискотека залдарын, керек болсо казинолорду ошол жерге курса да болот. Акча коротом деп келген туристтердин чөнтөгүн кагып алышыбыз кажет. Анын баары бюджетке түшмөк да, элдин турмушун жакшыртууга жардам болмок.
– Жогорку Кеңештин төрагалык ордуна талапкер катары сунушталып калсаңыз, ишти алып кете алат белеңиз?
– Мен «любой» ишти алып кете алам, көзүм жетет. Кээ бирөөлөр айтышы мүмкүн, «мунун амбициясы күчтүү» деп. Ооба, менин амбициям күчтүү, бирок мен өз күчүмдү билем. Бир сапатым бар, баштаган ишти сөзсүз аягына чейин чыгара билем, кандай иш болбосун.
– Кыялкечсизби?
– Жок, мен ар дайым позитивдүү жана рационалдуу ой жүгүрткөн адаммын. Бардык ишти куру кыялдар менен эмес, реалдуулукта караганды жактырам.
– Рахмат маегиңизге, сизге ийгилик.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
ЖКнын депутаты Д.Тербишалиев: "Ооба, менин амбициям күчтүү"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
bai.kymbat
2012-01-18 17:27:19
Ыссык-Колдо Булан-Соготту деген айыл барбы? каягында? укпаптырмын
0
ayku
2012-01-20 11:48:39
bai.kymbat, Ооба бар, санаторий Аврора деп уктун беле? Ии, ошол Аврора ушул айылда жайгашкан, мурунку аты Комсомол...
0
tilekbek
2012-01-18 21:15:36
журналистик кесибинди аркаласан жакшы болмок деп ойлойм жакшы жерлерде иштепсин.ЛЮБОЙ ишти аткарам дегенине тушунбой калдыкко.
0
Debi
2012-01-19 10:45:22
...туну менен эле мейманканада отура бербей бир жакка барып акчаларын коротуш керек... дегени кулкулуу болуптур. аларда уйку деген болбойт бекен? туура жашаган адам тундо укташы керек. Бюджетке акча тушот имиш. Таза эле булактардан туура жолдор менен тушурушсо жетиштуу болмок. Бул депутатты тузук деп эсептечу элем, ушул ою жакпады.
0
applemac
2012-01-19 13:58:23
казинодон акча эч качан бюджетке тушпойт, казинонун кожоюнуна гана тушот. ушулар элди лох ойлошот, оздорунун ою огороддон ары отпойт, журналисттин айлыгы аз деп иштевей койгонкен эми кайра иштесемби деп калыптыр, депутаттыкта отуруп жыйчысын жыйып жатат окшойт
0
№ 480, 13-19-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан