ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Польша

ПОЛКОВНИК ЖУРНАЛИСТТЕРДИН КӨЗҮНЧӨ ӨЗҮН АТЫП САЛДЫ
Польшанын аскердик прокуратурасынын кызматкери Николай Пшибыл Познань шаарында маалымат жыйын өткөрүп жатканда өзүн-өзү атып жиберип, өлүп кала жаздады. Жыйында "маркум экс-президент Лех Качинский кырсыкка кабылган учакты изилдеген журналисттерди аскердик прокуратуранын кызматкерлери аңдып жүрөт" деген тема каралган болчу. Анда аскердик прокуратуранын кызматкерлери мыйзамсыз түрдө журналисттердин байланыш номерлерин алып, чалууларды тыңшашканы ачыкка чыкты. Прокурор Пшибыл өз кесиптештерин коргогонго аракет жасаган. Бирок журналисттердин ар тараптуу чабуулунан улам прокурор: “Мен өлкөм үчүн кызмат кылып келгем. Рахмат силерге, беш мүнөт эс алалы”,- деген сөздөн кийин коридорго чыгып, мылтык менен өзүнүн башына аткан. Ал дароо эле ооруканага жеткирилип, бактылуу полковник аман калды.
Эске салсак, 2010-жылы 10-апрелде Польшанын президенти Лех Качинский түшкөн учак Орусиянын Смоленский шаарына конордо кулап түшүп, президентке кошо Польшанын саясий элитасынан 99 адам набыт болгон.

АКШ

БАРАК ОБАМА МЕНЕН АЯЛЫ ЭМИ КИТЕПТЕ
Бул апта Американын раритеттеринде уу-дуу кепти жараткан китеп пайда болду. Ал АКШнын президенти Барак Обама жана жубайы Мишель тууралуу жашыруун маалыматтарды камтып, "The New York Times" гезитинин журналисти Жоди Кантор тарабынан жазылган. Ошондой эле китепте 33 маек орун алып, ал Обамалардын үй-бүлөсүнө жакын адамдардан алынган. Жазылган маалыматтарга караганда, Мишель Обамага Ак үйдө өтө деле сый мамиле жасашпайт. Мисалы, президенттин мурунку басма сөз катчысы Роберт Гиббс эл алдында биринчи айымды тилдеп салган. Буга Мишелдин Франция президентинин аялы Карла Бруни-Саркозиге "Ак үйдөгү жашоо – тозокко барабар” деп айтканы себеп болгон. Андан тышкары 2009-жылы каржылык каатчылыкка карабай, Барак жана Мишель Обаманын Хэллоуин майрамына абдан чоң кече уюштуруп, ага Жонни Депп, Жорж Лукас жана башка белгилүү адамдарды чакырганын жазган.

Тажикстан

ТАЖИКСТАНДАН ҮЛГҮ АЛБАЙЛЫБЫ?
МИНИСТР ӨЗ БАЛАСЫН, АГАСЫН ИШТЕН АЛДЫ
Тажикстандын жаңы Ички иштер министри Рамазан Рахимов кызматка келери менен тууганчылыкты жоюуга киришти. 51 жаштагы милициянын генерал-лейтенанты болгон министр уулу Дилшод Рахимов жана агасы Рахманкул Рахимовду ИИМде ээлеген кызматтарынан бошотту. Рамазан мырза буга чейин аталган министрликтин башчысынын орун басары кызматын аркалап келген. Ал эми баласы Дилшод Рахимов Шахмансур районунун оперкызматкери болуп эмгектенип келсе, агасы полковник Рахманкул Рахимов Согдий облусунун уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча аймактык бөлүм башчысы болгон. Тажикстандын коррупцияга каршы мыйзамына ылайык, атка минерлердин кол астында бир туугандары, жубайы, ата-энеси, балдары жана кайын журтуна иштөөгө тыюу салынат.
Рамазан Рахимов ИИМ ичинде 2012-жылды – Мыйзамдуулук жана милициянын кесиптик адискөйлүгүн жогорулатуу жылы деп жарыялады. Ошондон улам жөнөкөй кийимчен бир канча райондогу милиция бөлүмдөрүнө баш багып, мыйзам бузгандардын анча-мынчасын иштен алды.

Бельгия

ӨЛӨҢ АЙТКАНЫНА КАРАБАЙ МАЯНАСЫН КӨТӨРГӨН ӨКМӨТ
Бельгиянын өкмөтү азыр от-жалын ортосунда турган кези. Жакында эле бюджеттин бир канча миллиард евро чыгымын эки-үч айга төлөөнү токтотуп коюшкан болчу. Көп өтпөй, өкмөт өз айлыгын сегиз пайызга көтөрүп алганын жергиликтүү гезит жазып чыкты. "Бюджетти экономдоо үчүн маянабызды беш пайызга азайтабыз" деген шайлоо алдындагы сөздөр ооз учунан айтылгандай кала бергени баяндалат. Өткөн жылда бекитилген документ боюнча, Бельгиянын вице-премьеринин бир жылдык айлыгы 224 миң евродон 248 миң еврого көтөрүлгөн. Ал эми министрлерге 18 миң евро кошулуп, 238 миң еврого жеткен.

Иран

Пентагон: «ИРАНДЫ ЖЕР МЕНЕН ЖЕКСЕН КЫЛАБЫЗ!»
Ирандын өзөктүк программасынын тегерегинде башталган ызы-чуу ырбап отуруп, АКШ менен Евро Биримдик Иран нефтисин экспорттоого тыюу салуу санкциясын киргизмей болушкан. Иран бийлиги буга жооп катары Ормузск кысыгын жабарын билдирди. Анткени ушул кысык аркылуу АКШ жана Европа өлкөлөрүнө Араб өлкөлөрүндө өндүрүлгөн нефти жөнөтүлөт. Кысык жабылган кезде нефтинин бир баррелинин баасы 110 доллардан 200-300 долларга чейин көтөрүлүп кетүү коркунучу турат. Экономикалык каатчылыкты алып келе турган мындай көрүнүшкө АКШ Аба күчтөрүнүн штабдар комитетинин башчысы генерал Мартин Демпси: “АКШнын аскердик күчү Ирандын өзөктүк программасын жер менен жексен кылып, Ормузск кысыгын ача алат”,- деди. Азыр АКШ камдап койгон нефтисин кысык жабылган учурда үнөмдүү колдонуу жолун пландаштырууда.

Израиль

ЖӨӨТТӨР ӨЗҮН КОРГОГОНГО ЧЕП КУРА БАШТАШТЫ
Израилдин парламенти өлкөгө мыйзамсыз киргендер жана аларга көмөк көрсөткөндөргө каршы катуу чараларды кабыл алды. Бул өзгөрүүлөргө ылайык, мыйзамсыз түрдө чек арадан өткөн мигранттар соттук териштирүүсүз эле 3 жылга чейин түрмөгө камалат. Аларга жардамдашкандар болсо, 5 жылдан тарта 15 жылга чейин эркинен ажыратылмакчы. Бул мыйзам көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынып, аны Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаниягу жана “Кадима” партиясы колдоп чыкты.
Өлкөгө 2005-жылдан бери 50 миң африкалык мыйзамсыз түрдө кирген. Мындан улам былтыркы жылдан тарта Израиль Египет менен болгон чек арага 260 чакырымга созулган дубал куруп жатат.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Knt
2012-01-16 18:55:12
"АКШнын аскердик күчү Ирандын өзөктүк программасын жер менен жексен кылып, Ормузск кысыгын ача алат",buga Kytai menen Rossiya emne deer eken?
0
LiderKG
2012-01-16 19:50:48
“Мен өлкөм үчүн кызмат кылып келгем. Рахмат силерге, беш мүнөт эс алалы”,- деген сөздөн кийин коридорго чыгып, мылтык менен өзүнүн башына аткан. Ал дароо эле ооруканага жеткирилип, бактылуу полковник аман калды. Чыныгы патриот мырза мына!!!
0
Шаиста Шатманова
2012-01-17 11:38:14
Кыргыздар ошол Тажикстандын министринен улгу алышса болмок. Кайсы чондун туугандары тууралуу соз козголбосун "менин тууганым илгертеден мыкты иштеп келатат, ал учун мен куноолуумунбу" деп киришет.
0
isabekD.A.
2012-01-17 19:04:00
shasi, tuura!
0
kg_bala_
2012-01-19 01:05:45
америка менен иран согушса азабын биз да тартабыз
0
kyrgyzajym
2012-01-20 00:29:28
Kudaj saktaa
0
kipchak
2012-01-21 17:08:58
Иран менен США согушчу болсо...биздеги Американын базасын бомбалоого Ирандын кудурети жетет...ошон учун согуш болбосун деп намаздын аягында дуба кылып туралы.
0
№ 480, 13-19-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан