Бир бүркүм... СУУСАМЫРДА 43 ГРАДУСКА ЧЕЙИН СУУК...

  • Былтыркы жылы Жумгал районунда 91 миллион сомго жасалган 3 чакырымдык асфальт жол бир жылдын ичинде эле жараксыз абалга келгенин Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков билдирди.
  • Парламенттик комитеттин саны 16дан 13кө кыскарды.
  • "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешев "ЖКнын депутаттары, президент жана премьер-министр баш болгон аткаминерлер ар жылдын 1-февралынан 31-мартына чейин өздөрүнүн туугандары кайда иштегени тууралуу маалымат бериш керек" деген мыйзам долбоорун сунуштады.
  • 9-январда Москва шаарында италиялык ресторанда газ баллону жарылгандыктан өрт чыгып, 24 жаштагы Сатыбалдиева Толгонай каза таап, 7 жердешибиз жабыркаган. Бул окуяга кабылган жердештерибиздин баары Жалал-Абад облусунун тургундары экендигин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирет.
  • 3 миңден 70 миң сомго чейинки өзгөчөлөнгөн 885 автоунаа номерлери 4 миллион 400 миң сомго сатылды.
  • Суусамырда 39 градустан 43 градуска чейин суук болгондуктан, январдын 11нен 14үнө дейре 4 мектепте окуу убактылуу токтотулду.
  • Талас облусунун мергенчилери 59 карышкыр жана 265 чөө атышты. Карышкыр 5 миң сом, чөө 3 миң сомго баалангандыктан, өкмөт мергенчилерге 200 миң сом карыз болуп калды.
  • "Темир" мамлекеттик ишканасы темир-терсектерди чогултуу үчүн ижарага алган имараттын ээси Болот Мамбеткаримов корпоративдик кечеде өз айдоочусу Рустам Саманчиевди катуу сабап, 5 жолу денесине, акыркысын башына аткан. Тез арада ооруканага жеткирилген айдоочуга операция жасалып, эки ок денесинен алынганын, калганын алуу кыйын болуп жатканын адвокаты Клара Касымалиева билдирет.
  • Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков брондолгон кызматтык автоунаадан, эки кеңешчисинен жана бир дарыгеринен баш тартты.
  • Кыргызстанга сатылган көгүлтүр отундун баасын Казакстан 44 пайызга кымбаттатканын, эми 1 миң куб метрин 281 доллардан берерин "Кыргызгаз" ААКсы билдирди.
  • Түштүк Кореяда 15-17 жылдан бери жашап жаткан айымдар менен кыргыз элчилиги жолугуп, бул өлкөгө келгендерге моралдык, укуктук жана акчалай жардам берүү үчүн уюм түзүүнү чечишти.
Турдугул Каримова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
KazanTIP
2012-01-16 09:41:17
Жогоруда айтылган Болот Маматкаримов, «Темир» мамлекеттик ишканасынын башчысы эмес, ал болгону өзүнүн кыймылсыз мүлкү болгон складын «Темир» мамлекеттик ишканасына ижарага берген адам.
«Темир» мамлекеттик ишканасынын директору Абдымомунов Улугбек Анарбекович жана ал жетектеген ишкананын кызматкерлери «Байсал» кафесинде болуп өткөн окуяга эч кандай тиешеси жок жана 30-декабрь күнү «Темир» мамлекеттик ишканасы аталган кафеде корпоратив
0
KazanTIP
2012-01-16 09:42:53
кечесин откоргон эмес
0
ladystyle
2012-01-16 09:55:55
Бул жабыркоочунун адвокатынын айткан мааламаты болуп эсептелет.
0
№ 480, 13-19-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан