«Улуттар аралык араздашууну көкүткөн, курал-жаракты мыйзамсыз алып жүргөн, жерлерди мыйзамсыз басып алган» деген айыптоолор боюнча Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 7 жылга эркинен ажыратылган Ахмат Бакиев эми жатак абакка чыгарылды. Курманбек Бакиевдин бир тууганы Ахмат мырза жазасын Бишкектеги №47-түрмөдө өтөп жаткан. Ленин райондук сотунда судья Таалайбек Байсейитовдун токтому менен жатак абакка чыгарылды.
Мыйзамга ылайык, абак эрежелерин бузбай жазасын өтөгөндөргө жеңилдик катары жаза мөөнөтүнүн үчтөн бирин темир тор артында эмес, жатак абакта өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралган. Башкача айтканда, жатак абактагылар белгилүү бир мөөнөттө колонияга келип, белгиленген көлөмдө акча төлөп, кайсы жакта жүргөнүн айтып, катталып турат.