Аскар Акаев: «НАЗАРБАЕВДИ КӨЗДҮН КАРЕГИНДЕЙ САКТАГЫЛА!»

«Аксы окуясында куралсыз жарандарга ок аттырган» деп эл ичинде күнөөлөнгөн Аскар Акаев бул окуяда анын айыбы жок экенин казак маалымат булактарына жар салды. Ага кошо Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында болгон окуяда экс-кудасы Нурсултан Назарбаевдин кыпындай айыбы жок экенин билдирген. Баурдастар менен маек куруп жатып, алты жылдан бери Борбордук Азияга бара элегин арман кылып айтып, анан да Каддафинин сабалып каза тапканын кейип эстеп, саясаттан кеткенине сүйүнүп кудуңдап да койгон. «Колдогу алтын бааланбайт» дегендей, Орусия Назарбаевдин башкаруусун суктануу менен карайт. Аны көздүн карегиндей сактагыла, кийинкиси мындан да жаман болот» деген кеңешин бергенге да үлгүрдү.
«Мен президенттиктен кеткенден кийин Курманбек Бакиев келди, эл андан да жаман кыйналды. Бул казактарга сабак болуш керек. Азыр Кыргызстан экинчи Грецияга айланган, жаңжал менен тополоң өкүм сүрөт. Бакиевдин куйругу болгон Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана башкалар бийликтен кетмейинче Кыргызстанга барбайм деп сөз бердим. Демек, жакынкы алты жылда кыргыз жерин бутум баспайт»,- деди туңгуч ажо.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (90)
erma_bm
2012-01-19 20:33:38
жок мен лично Акаевди сыйлайм академик атары баалайым бирок баарыбыз ката кетиребиз ал да кичине кетирди. бирок келем десе эч кандай каршылык коргозбой гул менен тосуп алганга даярмын!!!
0
erma_bm
2012-01-19 20:35:21
ал биринчи 10 жылдыкта эч андай деле жаман иш кылган эмес. кийинкисин де тегерегиндегилер кетирип койду деп ойлойм. анын куноосу жок
0
Ayima
2012-01-20 04:15:33
kirgizstandan alchu nersenin barin alip ketkensin emi emnege kelmek elen jashai ber rossiyada jirgap
0
Shingva
2012-01-20 11:16:35
Акаев Бакиевге окшогон адамдардын орду турмодо. Булар кыргыз эмес-булар илгери башка улуттан кул болуп келген адамдарго. Кудайдан наалат мындай адамдарга.Кул болуп келишкен кайра кул сыйактуу качып кетишти. Бул дуйнодо болбосо тигил дуйнодо созсуз жазасын алышат.
0
ergazy.kgz
2012-01-21 11:26:58
ммммммм Акаев........ Бакиев..........
Атамбаев........ А.Б.А.? .......дагы Б болсо өлдү )))
0
Nursultan9
2012-01-23 04:15:02
Б это Бабанов болсо олду!!!
0
Bolotbek
2012-01-21 19:25:59
kudai jalgasyn!!!ozuunuzga mai,sizdei terroristerdin kelgeninen kelbegeni JAKSHY!
0
uman
2012-01-21 19:42:46
erma_bm туура айтат Аскар Акаевдин кыргызстанга кылган иши чон,аны бузгандар айлана чойросу кошоматчыларыда азыр ошолор бийликте отурушпайбы! эстегилечи кыргыздын атын (жакшы жагын) чыгаргандар кимдер Ч.айтматов жана Акаевден башка ким бар? Азыркы кыйындарыбыз Бакиев Жана Атамбаевдикилер жадакалса чынгыз айтматовдун эстелигин орното алышпай жатышпайбы ошону уят десенер болот!
0
sska
2012-01-21 21:46:12
eee akai4ikei prezidenta emi tappai kaldik go
0
arystanbek
2012-01-22 01:33:11
Башкы коч кайда журсо,кийинки коч да ошол жака журот.
0
Juliana
2012-01-22 08:18:34
Men Akaevdi koldoym, siylaym. Al bizdin en elgachky prezidentibiz emespi
0
Ashan
2012-01-22 21:48:39
Juliana, Эн туура айтасын !!!
0
adilbekovich
2012-01-22 15:38:41
Акаев Кыргызстанды сагыныптыр аябай ар эки же уч айда интервью берип турат озунун кандай иштегени жонундо албетте озун мактайт да эгер Назарбаевдей иштегенде журо берет эле президент болуп.Башка 11 СССРден калган республикалардын алдында ото эле уят биздин республика учун балык башынан дегендей ушул Акаевдин жолунда дагы деле кетип баратабыз эч озгорбостон бардык жагын алып караганда.
0
Eshka
2012-01-23 08:48:19
Ал келсе деле, бул келсе деле окшош онолбой калды Кыргызстан. Биздин каныбызда барбы деп ойлойм, ичип-жеп талоончулук баскынчылык кылуу.Колунда бардын заманы болду эмнеси болсо дагы. Азыркы окмотко деле ишенич жок, эч кандай жылыш жок, ич ара папка, кресло талашып биририн абийирин бири тогуудо.
0
dina
2012-01-23 13:04:53
Акаев экөбүздү сүйлөтуп эле койсо...
0
sukerman
2012-03-06 09:15:16
келбей эле кой,сени эчким чакырган жок.
0
sveet
2012-04-02 15:30:02
menin kolumda kelse akaeevdi kaira alip gelip prezdenttike oturguzmakmin menimche al katasinin baarin tyshyndy, emi jakshi ishtemek, uchetsa na svoih oshebkah dep koiotko,al emi jani prezentteribiz kyrgyzstandi jirgatip jibererine gozum jetpeit
0
№ 480, 13-19-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан