Жакында эле Ош шаарында айкөл Манас баатырдын эстелиги ачылды. Борбордук Азияда көлөмү боюнча экинчи чоң эстелик болгон айкел өзгөчө айбаттуулугу менен көргөндөрдүн көз жоосун алууда. Кээ бирлери «кыргыздар өздөрү деле Манастын эстелигин жасай алат экен, Бишкекке да салабаттуу айкел орнотсо болмок» деген сөздөрүн жашырышкан жок. Эстеликке 31 миллион сом сарпталып, ат үстүндөгү Манас атанын бийиктиги 10 метр, астындагы постаменти 11 метр, анын астындагы эстелик коюлуучу орун 3 метр бийиктикте. Жалпысынан айкел 24 метрди түзөт. Эстеликтин курулушунда 10 скульптордун эмгеги бар. Ошентип, эми Манастын эстелиги Ош шаарына келген конокторду аэропорттун жолунан күтүп алат.
Ал эми Бишкектеги Манастын эстелиги постаменти менен 17,5 метрди түзүп, 17 миллион сомго Орусиядан жасалып келген.