КЫЗМАТТЫК АВТОУНААЛАР АУКЦИОНДО САТЫЛАБЫ?

«Бюджетти үнөмдөйбүз!» деген кооз убадалар эми сөз жүзүнөн ишке өтөт бейм. Анткени жакында бийлик төбөлдөрү кызматтык автоунааларды кыскартарын жар салышты. Аткаминерлерди ташыган 3000 кызматтык унаанын 40 пайызын, башкача айтканда, 1200үн жоюшмакчы. Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев: «Автоунаалардын жарымын сатыш керек. Калганын коомдук жана маданий мекемелерге берели»,- деди.
«KG» номурларына байланыштуу чыккан чырдан бери буга да чекит коюуну чечишти. Эми мындай өзгөчө номурлар бир гана депутаттар менен министрлерге берилет. Бирок муну ашыкча дөөлөт катары эсептебей, эгерде «KG» номурлуу унаа жол эрежелерин буза турган болсо, тартылып алынары алдын ала эскертилди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Zarina.S.1998
2012-01-16 11:38:58
туура бекер машиналарда чалкалабай иштегиле..
0
Zverchik
2012-01-16 14:26:45
"Сат сат сат сат барын сатып болгон сон колтугундун жунун сат" айтарым ушу силерге
0
honestbek
2012-01-23 01:32:45
малдес
0
№ 480, 13-19-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан