Далайынын быкыйларын ачкан «Викиликс» сайты Максим Бакиевдин былыктарын ачыкка чыгарууда.
АКШнын Кыргызстандагы мурунку элчиси Татиана Гфеллер 2009-жылы АКШнын мамдепартаментине телеграмма жөнөткөн. Анда Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максимдин досторунун бири Александр Воиновдун айткан сөздөрү жазылган. Телеграммада Спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы болуп турган Воиновдун «Максимдин атасына карай ок атканын көргөм» деп айтканы жазылат. Бул документте Воиновдун билдирүүсү боюнча, Курманбек Бакиевдин жаш аялы менен жашап, апасын четте калтырганына ачуусу келип, Максим өз атасын санга атканын мактанып айтканы, кийин президент Германияга дарыланууга кеткени да билдирилген. Ошентип, элде жүргөн ушак кептер чындык болуп чыкты окшойт. Эске салсак, Курманбек Бакиев өлкөдөн качканда Минск шаарына жаш аялы, тогуз жашар кызы жана беш жашар уулу менен кеткен. Ал эми расмий түрдө аялы болгон Татьяна Бакиева 6-апрелде өлкөдөн чыгып кеткени, учурда Максим Бакиев менен чогуу турары айтылууда.