«Кыргызстан тарыхында биринчи ирет мамлекеттик казынада жылдык бюджеттен 3 миллиард 314 миллион сом ашып калды»,- деп өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов билдирди. Мындайга кулагы көнбөгөн кыргыз «кезектеги «кесмеби» же чындап эле пулдун кадырын беш манжасындай билген ишкер-премьердин шарапатыбы?» деп айран-таң...
КЕЗЕКТЕГИ «КЕСМЕБИ» ЖЕ?..
Өмүрбек мырза премьер болуп келгени пиар жүрүш жасайын дедиби же чын эле казынанын тешиги бүтөлдүбү, кыскасы, элге сары майдай жага турган кадамдарды жасай баштады. Мындай жагымдуу көрүнүштөрдүн өмүрү узун болобу, азырынча ал жагы күмөн. «Чү» дегенде эле чиновниктерге «Жаңы жылды чет өлкөдөн тосуп, эс албайсыңар!» деген буйругун жөнөтүп, 3-январдан тарта эле жумушка киришишти. Жыл башында 10 күндүн ичинде казынанын киреше-чыгашасын эсептеп жиберип, биринчи жолу «акча ашып калды» деп баарынын оозун Ошту каратты.
Кечээ эле «Мегакомдун» акциялары, улутташтырылган мүлктөр сатылбай жана каатчылыкка каршы фонддон берилүүчү 106 миллион доллар насыялык акча келбей калды, эми бюджетти кантип толтурабыз?» деген чуу чыгып жаткан. 27-декабрда эле Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев парламентте бюджеттеги 20 миллиард сомдук таңсыктык 3 миллиард сомго кыскарганын билдирген.
ЧИНОВНИКТЕР КЫСКАРУУДА
Өкмөт башчы бажы салыкчыларынын жакшы иштегенин баяндайт. Анын айтымында, 2011-жылы бюджетке 1 миллиард 103 миллион сомго ашыкча киреше түшкөн. «Салыкты жакшы чогулткан райондук салык кызматынын башчылары өз ордунда калат. Жакшы натыйжага жете албагандар орундарын бошотушу керек»,- деди Бабанов.
Өкмөттүн да жаңы түзүмү бекитилип, анда 15 министрлик, 1 мамлекеттик комитет, 6 агенттик, 9 кызмат, 2 инспекция, 3 фонд боло турган болду. Өкмөттүн түзүмүн оптималдаштыруу үчүн 3200 мамкызматкер кыскартылып, андан 1 миллиард 200 миллион сом үнөмдөлүп, жумуштан четтетилгендерге 400 миң сом компенсация төлөнөт.
Турдугүл Каримова
politika@super.kg