Мурат Жалиев, «Тамашоунун» «No name» командасынын капитаны: «МИЛИЦИЯ МЕНИ КОРГОБОЙ ЭЛЕ КОРДОДУ»

Оштун, анан ОшТУнун баркын “Тамашоудо” көтөргөн бир жигит бар, Мурат Жалиев деген. “No name” командасынын капитаны, билсеңиз керек. Жүзүнөн жылмаюу кетпеген куудул жигит ушул тапта акыйкаттык издеп таппай капа. Эмне үчүн?..

– Мурат, салам. Жыл жаңырар менен ооруканага түшүп калыпсың, тынччылыкпы?
– Кандайсыз, эже, ооба, азыр Ош шаардык ооруканасындамын.
– Эмне болуп мындай окуяга кабылдың?
– 7-январда ордолуу Ошто орун алган “Баястан” деген ресторанда той болуп, тамадалыкка заказ алган элем. Мени менен кошо “No name” командасындагы досум Кадыр да бар болчу. Албетте, күйөө бала тараптын чакыруусу менен барганбыз. Той өтүп жаткан, жакшынакай эле. Саат 10 жарымдар чамасында кыздын агалары, жезделери “бизге сөз бербейсиң” деп кызуу болуп алышып, элдин көзүнчө мени сабап салышты.
– Ошончо элдин арасынан “кой-ай” деген киши болгон жокпу?
– Ал жерде мындай болду. Баары бийлеп жатышкан эле. Анан тигилер келишти. Мен “сырттан чыгып сүйлөшөлү, той ээсинин айтканын угам да, анткени алардан акча алгам. “Узун сөздү кыскартып, оюн-зоок, бийлерди көбүрөөк кыл” деп кетти” дедим. Мына ошол жерден эле ур-тепкиге алып киришти. Музыка токтоп, светти күйгүзгөндө, анан шеригим Кадыр жүгүрүп келди. Чынын айтсам, ошол учурду элес-булас эле билем, канчалык өзүмдү кармасам да эсимди жоготуп коюпмун.
– Ай-ий, жаман болгон турбайбы, канча жаштагылар эле, билесиңби?
– Жапалактык Айбек дегени бар экен, 1984 же 85-жылкы болсо керек. Өзү Ноокатта участкалык милиция кызматкери болуп иштейт экен, ошол убакта мас эле да. Айбек жаагымды чыгара тепкен жана мен жыгылып калганда башыма тебе бергенин көргөндөр да бар. Кадыр мени сыртка чыгарып, тойду өзү бүтүрүптүр. Тойду улантып жатса, Кадырга бирөөсү келип “жанагы досуң кана, мен прокуратурада иштейм” деп коркутканга аракет кылыптыр.
– Сени ооруканага ким алып барды?
– Адам өзүн жоготкондо эмне кылып жатканын билбей калат экен. Бети-башым шишип кеткендиктен, көзүмө, башыма муз коюп жүрө берипмин. Кыздын атасынын аты Бактияр экен. Сыртка чыгып “жүр, балам, ушундай иш болуп кетти” деп ооруканага жеткирип койгондун ордуна “колуңдан эмне келет, менин балдарым, күйөө балдарым министрликте, органда иштейт” деп жатпайбы. Мындайча айтканда, эмне кылсаң ошол кыл дегендей сөздөрдү айтканына нааразы болдум. Элдин көзүнчө баласы, күйөө баласы мени тепкилегени, ургандыгы аз келгенсип.
– Дарыгерлер эмне дешти?
– Бети-башым көк, мээм чайкалыптыр. Баскан-турган сайын ооруп жатат. Бир көзүм жабылгыча шишиген, врачтар “көздүн майда кан тамырлары жарылып кеткен, көз айнек тагышың керек” дешти. Жыгылып калганда үстүмө чыгып алып тепкендиктен, жаагым чыгып, жарака кетиптир. Дагы 2 жумадай жатам го.
– Окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, тиешелүү органдарга кайрылдыңбы?
– Кайрылгам, милициянын Кара-Суудагы Нариман айылдык участкалык бөлүмүнө арыз жазгам. Анан мени ургандар да ошол жаатта иштегендиктен, бири-бири менен байланыштары бар окшойт. Бүгүн Улуттук коопсуздук кызматта иштеген агалар бар эле, ошолор келишти “ишти карайбыз” деп. Эртең-бүрсүгүнү прокуратурадан да келет дешүүдө. Мен арыз жазган милиция кызматкери келип, окуяны сурап туруш керек экен эле. Кайдан, экспертизанын токтомун да ата-энем барып алып келишти. Ошого ичим чыкпай жатат.
– Кыргызбыз го, кечиришкен. Сени урган тарап абалыңды сурап келиштиби?
– Айбек дегенин мен ошол боюнча көрө элекмин. Бактияр дегени келип, атамдан кечирим сурап кетиптир. Мен аларды “минтип жиберем, тигинтем” дегенден алысмын. Ар бир адам бул жашоодо өзүнүн сыйын билиш керек. Мага алар кандай мамиле кылса, мен ошондой жооп берүүгө кудуретим да, кадыр-баркым да жетет.
– Тойдо тамашалап, күлдүрүп тамадалык кыласың да, балким, айып сен тараптан кетип калган жокпу, байкабай катуу тамаша айтып алгандырсың бирөөсүнө?
– Жок, мен кыздын бир туугандары менен баланын бир туугандарын сөзгө чакыргам. Кыз тарапты сыйлап биринчи сүйлөткөм. Бакыт дегени сүйлөгөндөн кийин эжеси сүйлөдү. Бала тарап “тойду кыскарт” дегенинен “болду, акелер, эми күйөө бала тарапка сөз берели” дегем. Ошондо беркилер “сен неге антесиң, тамада болгондон кийин биздин сөздү угушуң керек” дешти. Мен да жиним келип “той ээсинин айтканын угам” дедим, уруш ошондон чыкты. Чынында, күтүүсүз жерден Айбек мени уруп жиберди.
– Ата-энең, келинчегиң, бир туугандарың тынчсызданып жатса керек азыр...
– Ооба, жакындарым азыр оорукананын алдында айланчыктап жүрүшөт. Мындан сырткары Жеңишбек Айтиев, Рустам Аттокуров, Канат Шанаев сыяктуу ырчы, куудулдук менен кошо тамадалык кылган агалар бар. Алар да келишип, “Ошто тамадаларды сабагандар көбөйдү, сен төртүнчүсүң” деп кейип-кепчип, “иштин аягына чыгаралы” деп жүрүшөт.
– Тамада болуп иштегениңе канча болуп калды эле?
– Бир жыл болду. Жанагылар айтып жатпайбы “менин күйөө балдарым министрликте иштейт” деп. Анын сыңары мен кыйынмын деген мэрияда иштегендердин, губернатор, депутаттардын корпоративдик кечелерин, тойлорун алып барып жүрөм. Алар деле кыйын болуп, тамадага тийишкиси келсе, четке сүйрөп, уруп-сабай берсе боло берет экен да анда?! Менин ден соолугумдан да, элдин көзүнчө басынтып, кордогонуна жиним келип жатат, катуу тийди. Мен алар менен тирешкидей же бандит болбосом десеңиз. Колумдан келгени микрофон кармап сүйлөө болсо.
– Спортко кандайсың, кикбоксчу Кумар Жалиев менен фамилияң окшош, тууганчылык жайың барбы?
– Кумар экөөбүз бир туугандардын балдарыбыз. Кумар акем уга элек. Ушул убакка чейин Кумар акем мага жардам берип, “Тамашоуго” дайыма барып, колдоп жүрөт. Анан мени ушинтип кетишти деп айткандан уялып жатам, чынында. Билбейм, жаман нерселерди айткым келбейт.
Кумар акем спортчу болгонуна байланыштуу мен деле спортко кызыкчумун. Бокс менен машыгып, спорттун чеберчилигине кандидатмын. Бирок тойго спорттук кийим менен барып мушташайын деп барбайсың да. Костюм-шым кийип барып, элдин көңүлүн көтөрөйүн деген эле ой. Өзү жалгыз болсо го уруп коймокмун, көптөп жиберишпедиби...
– Өзүңдүн кесибиң менен иштеп көрө элексиңби?
– ОшТУну бүт­көм. Кесибим боюнча иштей элекмин. Сахнага чыгып кетпедимби орто жолдо. Буюрса, “Тамашоудо” чемпион болсок, анан салык жагына ишке кирсемби деген ниеттемин. Кудайга шүгүр, тапканым аялымдын кийим-кечесине, ата-энемдин кем-карчысына жетип жатат.
– Сөзүңө аралжы, үй-бүлөң тууралуу айтып өтпөйсүңбү?
– Алгач өзүмдөн баштайын. 1988-жылы 14-январда Ош шаарында төрөлгөм. Беш бир тууганмын. Эки эжем, карындашым үй-бүлөлүү. Иним – Турат Баткенде, аскердик кызматта. Атам – Кеңеш «Ошэлектро» ишканасында прораб болуп иштейт. Апам – Мыскал үйүмдүн астына дүкөн ачкам, «No name» деген, ошондо иштейт. Келинчегим – Айжамал Алайдын кызы, бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы, эки кайним, кайнагам бар. Кайындарым жакшы адамдар. Мени уруп кетишкенде кайнатама чалып, жаман ыйладым дебейинби. Өзүбүз Кара-Суунун Папанынан болобуз. Ошко келип жашап калганбыз. Ак-Тилекте эле чоңойгон баламын. 9-класска чейин Керме-Тоо орто мектебинде окудум. Кийин Манас деген мектеп ачылып, ар бир класстын тентектерин ошол мектепке айдаганда алар менен кошо мен да «сүргүнгө» кеткем. Ачыгын айтканда, мектепте сабакты кыйратып деле окуган эмесмин, ошол эле кезде аталасы чыккан, былжыраган балдардан эмес болчумун. Досторумдун арасында кадыр-баркым түзүк эле болчу.
– Кадыр-баркы күчтүү бала кантип куудулдукка аралашып кеткен?
– Студент кезде бир сынак болуп калды, факультеттер аралык. «Сен кемпирдин ролун аткарасың» дегенинен «жөн тургулачы» деп болбой жаткам. Анан агайыбыз «эгер мыкты аткарсаң, зачёт коюп берем» деди. Сабактан анча билбейт элем да, аргасыздан кемпирди туураганга туура келди. Мен чыксам эле элдин баары каткырып калышты. Ошондон баштап бала окуу жайлар, факультеттер аралык КВНдерге катыша баштаган. Анан мен, Кадыр, Эмил болуп окуу жайдын курама командасын түзүп, «Тамашоуго» келип калдык.
– Команданын аты эмне үчүн «Аты жок» («No name»)?
– Бул суроо биринчи берилиши керек эле, сиз акырында бердиңиз. Көпкө ойлондук, анан «ватять» деген сөзү менен таанылган Ёма (Эмил) «Аты жок» деп коёбуз» деп чыкты. Мен «Аты жокпу, ашкабакпы, айырмасы жок» дедим. Кадыр болсо, аны англисчеге которуп салды. Ошентип, «No name» жаралган.
– Мурат, ден соолугуң калыбына келип, кайрадан сахнага кайтышыңа тилектешпиз. Бул маекти окуган ИИМдин чоңдору кайдигер калышпайт деген үмүттөбүз.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
Арина
2012-01-17 12:47:49
Мындай окуя ай эмес күн сайын кайталанып жатат. Баарыбыз кыргызчылык кылып көз жумуп, көрсөк-билсек да билмексенге салып келебиз. Бул иш акыйкат болот дебейм. Баягы эле акча, тааныш-билиш менен бүтөт, эгер Мураттын тааныштары күчтүү болгон күндө жыйынтык чыгышы мүмкүн.
0
escape
2012-01-17 17:02:19
owo balany jakwy ele kylyptyr,bir jolu syilogys kylsa bolmok eken!!!kachan bolso Batkendikterdi myskyldap chygat ele!!!emi ityat bolup syiloisynda inichek
0
applemac
2012-01-20 15:23:33
escape, ичинен кудундап суйунуп жатасынбы, ушундай адам болгонунар учун тамашалайт да, мурат айыгып кет батыраак, анан жинине тийгендердин баарын мыскылдап эл алдында шермендесин чыгар!
0
Karysh
2012-01-17 20:12:34
Оштук команда жоголбогула биз силер мененбиз ал эми урган чон муштар ит екенсинер демекчимин.
0
demid000
2012-01-17 20:57:54
Мурат тезирээк сакайып кет. Ал эми сени сабашкан адамдар мал экен мени суйлотпой койдун деп садикдеги балдарга окшоп уят
0
Alaika
2012-01-18 01:12:16
Жаман болуптур, батырак айыгып кетиниз! Чыгармачылык ийгилик каалайм. Айткандай эле, ооба бизде (Керме Тоодо) жаман окугандарды Манаска жиберишчу...:)))тамаша
0
2012-01-18 01:39:17
биздин министирликте прокуратурада ушунчалык тупойдун ишин кылгандар иштейби корбогондун коргону курусун болуп бир корбогон бир корбогонго куда болгонго дейм
0
2012-01-18 01:41:24
Баха патриот
0
2012-01-18 01:47:00
Баха
0
kassta91
2012-01-19 06:01:41
Мурат брат жаман иш болуптур кыжаалат болбо Милициянын кучу жетбесе биз оч алабыз туурабы ОШтуктар балдар балдар ОШШШШШШШШ
0
success
2012-01-19 13:50:30
...teziraak aiygyp get, ishterine iygilik i andai nerselerden alys bol!!!
0
KOrei
2012-01-20 17:41:17
den soolugundu kara, al emi tuwunugu taar adamdarga ozuno jarawa kyl
0
kipchak
2012-01-21 17:14:28
Баарынан да элдин алдында уруп сабаганы жаман болуптур....намысын сынып калат болуш керек....азыр жинин келип турат болуш керек...ден соолугунду жакшыртып алгандан кийин,сабап кет сенда....бир бир болосун ошондо
0
shkaf
2012-01-21 21:20:12
болоору болуптур, кеп эми сотто,сот чечиш керек, эгерде биз мыйзамды сактай ала турган олко болсок,эгер мыйзам сакталбаса озгочо Ошто, анда по понятиям кылыш кереки инадо делать жестко...Жестко, какой привет такой ответ
0
elbor
2012-01-22 15:41:07
ооозу кыйшык болсо дагы байдын уулу суйлосун деген заманда азыр... сабагандарга соз айткан бекер иттин баласы ит болот да
0
Shekerbek
2012-04-14 14:44:14
ОшТУнун эле эмес Оштун да атын далайга тааныткан жигит ушул! Аллах шифаа берсин!
0
№ 480, 13-19-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан